23.1 C
Бишкек
Пятница, 17 мая, 2024
ДомойАналитикаЮКЦ: ЭҢ БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ЭКОЛОГИЯ

ЮКЦ: ЭҢ БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ЭКОЛОГИЯ

Айлана-чөйрөгө жана экологияга этият мамиле жасоо «Түштүк-кыргыз цемент» заводу карманган негизги баалуулуктардын бири. Анын бир мисалы катары чийки затты өндүрүш аймагына чейин ташыган системаны атасак болот. Бул башка ишканалар үчүн үлгү кылып көрсөтө турган жетишкендик. Анда сөз башынан болсун.

    Цемент өндүрүшүндө эң негизги керектелүүчү чийки зат-бул акиташ. «Түштүк-кыргыз цемент» заводу аталган сырьёну өндүрүш зонасынан 12 чакырым алыс аралыкта жайгашкан аймактан алат. Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай тоо кен жайынын аянты 50 гектардан ашат. Бул жерде 700 млн тоннадан ашык акиташтын кору бар.

    Завод бул аймакта жогорку технологияны пайдалануу менен кен казуу ишин уюштурган. Тоонун чокусунан жардырылып, казылып алынган топурак алгач оор жүк ташуучу унаа менен майдалоочу тегирменге жеткирилет. Ал жерде таш, кум, топурак баары майдаланып, тоо боорунан ылдый агып түшөт. Төмөн жактан кайрадан оор жүк ташыган унааларга жүктөлүп, эки чакырым аралыкта жайгашкан тасма конвейерге жеткирилет. Андан соң чийки зат конвейер менен заводго чейин барат.

   “Азыркы учурда топурак ташыган тасма жолдун узундугу тогуз чакырымды түзөт. Сырьёну ташып келүүдө мындай ыкманы тандап алгандыгыбыздын себеби, албетте, экология маселеси. Эгерде биз оор жүк ташыган унаалар менен ташыганда, аралап өткөн айылдардын жолун талкаламак. Сапырылган чаң жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратмак. Ушул факторлорду эске алып, чийки затты конвейер менен ташууну колго алганбыз. Бул жерде конвейердин үстү жабык, топурак чачылбайт, чаң дагы учпайт”,-дейт “Түштүк-кыргыз цемент” заводунун тоо-кен ишинин жетектөөчү консультанты Рустам Хафизов.

    Анын айтымында Кыргызстанда мындай ыкманы колдонгон өндүрүш дээрлик жокко эсе. “Түштүк-кыргыз цемент” заводу бул багытта уникалдуу системаны түзө алган. Азыркы учурда ишкана аталган топурак ташыган тасма жолду дагы эки чакырымга чейин узартып, кен жайгашкан аймакка чейин алып барууну көздөп жатат.

    “Бул максатыбыз жакында толук ишке ашса, конвейер жолдун узундугу 12 чакырымга жетет. Ортодо дагы ондогон оор жүк ташуучу унаа колдонуудан чыгат. Конвейер аркылуу саатына 800 тонна жүк өтөт. Элестетиңиз, ушул жүктү оор жүк ташыган унаалар менен ташыганыбызда экологияга кандай зыян келтирмекпиз?! Күнүнө жүздөгөн унаа айылды аралап өтүп турмак.  Андыктан, биз бул заманбап ыкманы колдонуу менен экологиялык жана экономикалык утушка жетип жатабыз”,-деди Рустам Хафизов.

   Белгилей кетсек, “Түштүк-кыргыз цемент” заводу 2019-жылы Кытайдын жүз жылдык тарыхы бар Huaxin корпорациясы менен бириккен. Аталган корпорациянын жетекчилиги, ишкананы заманбап техникалык жабдуулар менен гана камсыздабастан, чөйрөгө аяр мамиле жасоо принциптерин кармангыдай кылып, заводду модернизациялоо милдетин койгон.

Huaxin корпорациясы заводду сатып алгандан кийин наркы 1,1 млн юандан ашкан каражатка чаңдын чыгышын көзөмөлдөп турган 9 даана чаң жыйноочу система орноткон. Жогорку технологиялык чыпкалоо жабдуулары өндүрүштүн зыянсыздыгын жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылат.     Башкача айтканда, заводдогу ар бир мунаранын үстүнө электр чыпкалары орнотулган. Алар зыяндуу газды 99,9 пайызга чейин тазалоого мүмкүндүк берет.

    Мындан тышкары, жолдордун чаңын тазалоо маселеси колго алынган. Унаалар тынымсыз каттап тургандыктан жолдогу чаң сапырылып, заводго жакын жайгашкан айылдардын жошоочуларына ыңгайсыздык жаратпашы үчүн жолго жана заводдун аймагына тынымсыз суу себилип турат.

     Ошондой эле “Түштүк-кыргыз цемент” заводу чийки затты иштеп чыгуу боюнча жумуштар аяктагандан кийин карьерди баштапкы абалына кайтарууну өз жоопкерчилигине алат.

   Башкача айтканда, биологиялык катмарды калыбына келтирүүнү жана бак-дарактарды отургузууну пландап жатат.  Кызматкерлер азыр да мезгил-мезгили менен көчөттөрдү отургузуп, заводдун аймагында ишембилик өткөрүп турат.

Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии