34.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитикаЭМГЕКТИ БААЛАГАН “ЮКЦ” ЗАВОДУ

ЭМГЕКТИ БААЛАГАН “ЮКЦ” ЗАВОДУ

Түштүк Кыргызстан Цемент (ЮКЦ) заводу жылына 85 млн кВт саат электр энергиясын керектейт. Мындай кубаттуулукту ишкананын күжүрмөн энергетиктери бөлүштүрүп башкарат. Бул ирээт дал ушул кызматкерлердин талыкпас эмгеги тууралуу сөз кылабыз.

Сергей Зюзиков ЮКЦ заводу  ачылгандан тарта эмгектенип келет. Ал ишкананын автоматика боюнча инженери. Заводду бутуна тургузуп, өндүрүштү жолго койгон адистердин сап башында турат. Тагдырдын жазмышына жараша, мындан беш жыл мурда кырсыкка учурап, учурда балдак менен басат.

Каарманыбыз эмгегин сүйгөн, ишинин чыныгы күйөрманы. Жазмышка баш ийбестен азырга чейин ишканада эмгектенет. Завод дагы анын тажрыйбасын пайдаланып, кеп-кеңешин угуп, жаш адистерди тарбиялоодо Сергей Зюзиковду насаатчы катары колдонуп келет.

“Заводду кытайлык компания сатып алып жаткан маалда кырсыкка учурадым. Ишкана баштан аяк дары-дармегимди көтөрүп, айлык маянамды калтырбай төлөп берди. Бул жерде дарыгерлердин катасы көбүрөөк десем болот. Анын айынан бутум кыска болуп, балдак менен басканга мажбур болуп калдым. Болоор иш болгондон кийин, оорукана менен соттошуп, чуу көтөргүм келген жок”,-дейт Сергей Зюзиков.

Ал азыркы учурда аралыктан эмгектенет. Ага жараша айлык маянасы дагы бар. Телефон аркылуу кеңеш берет. Айрым жабдуулар бузулганда үйүнө алып келип таштап кетишет. Короосундагы чакан устаканасында бардык шарты бар, шаймандары да жетиштүү.

“Азыр технология өнүккөн заманда бир кичинекей эле тетик бузулса, чоң өндүрүштүн иши токтоп калат. Анын үстүнө заводдун иши толук автоматташкан. Ар бир тетиктин чоң-кичинесине карабай, өзүнө тийиштүү функциясы бар. Тырмактын агындай болгон эле чип күйүп кетсе, сырттан тапшырык кылууга туура келет. Ал келгенче убакыт кетет. Баасы да кымбат болгон учурлар бар. Ушундай жагдайларга колумдан келсе, тетиктерди ушул чакан бөлмөмдөн эле оңдоп берип турам. Менин эмгегимди баалап, тажрыйбамды колдонуп жаткан ЮКЦ заводуна ырахмат айтам”,-дейт кесибин сүйгөн инженер.

ЮКЦ заводу Сергей Зюзиков менен дайыма байланышта. Мындай кесипкөй адистердин тажрыйбасын алып калуу үчүн атайын окууларды да уюштуруп турат. Майрамдарда, маанилүү даталарда дайыма эстеп, заводдун жетекчилиги үйүнө чейин келип, акыбалынан кабар алат. Бул ирээт дагы Орозо айттын урматына Түштүк Кыргызстан Цемент заводунун директору Лин Вей мырза өзү белек-бечкегин көтөрүп алып келди. Мындай учурларда каарманыбыз төбөсү көккө жетип кубанып кала турганын айтат. Эмгегин баалаган жамаатына дайыма ыраазы.

Махамаджан Төлөнбаев ЮКЦ заводунун энергетикалык тилкесинин башчысы. Сергей Зюзиковдун шакирти. Ал катардагы адис болуп эмгек жолун баштап, учурда чоң өндүрүштүн башкы энергетигине чейин жетти. Ишкана кесибин билген адистерди ар дайым баалай турганын айтат.

“Завод өтө чоң, керектеген энергиясы өтө кубаттуу. Ага жараша жоопкерчилик дагы жогору. Өз кесибин билген мыкты адистер болбосо, мындай кубаттуу өндүрүштүн иши токтоп калат. Мындан улам ишкана кесипкөйлөрдү дайыма баалайт. Бизге бардык шарт түзүлгөн. Иштей турган жайыбызды жакында эле баштан аяк оңдоп, жаңылап берди. Керектүү жабдууларыбыз, шаймандарыбыздын бардыгы акыркы үлгүдө”,-дейт Махамаджан Төлөнбаев.

Энергетиктин айтымында завод жылына 85 млн кВт саат электр энергиясын керектейт. Учурда ишкана модернизацияны ишке ашырып, өндүрүштөгү жабдуулардын көбү энергияны аз талап кылган жабдууларга алмашылып жатат. Кубаттуу өндүрүш тенденциядан калбай үнөмдөө жана сарамжал пайдалануу саясатын ишке ашырып жатканын кошумчалады.

“Завод суткасына бир мүнөт да токтобойт. Электр энергиясын керектөө чоң.  Ошондуктан, завод жабдууларды модификациялоону жана жаңылоону улантып, жогорку вольттогу жыштык өзгөрткүчтөрдүн, ленталык потенциалдык энергияны иштеп чыгуунун жана жогорку эффективдүү кыймылдаткычтарды алмаштыруунун эсебинен электр энергиясын үнөмдөйт.Ишкананын жетекчилиги тарабынан иш натыйжалуу, продукция сапаттуу жана энергия керектөө үнөмдүү болсун деген талап коюлган. Биз карманган башкы принцип ушул”,-деди заводдун энергетикалык тилкесинин башчысы.

Зохиджон Отажанов заводго 2009-жылы ишке орношкон. Ошол күндөн бери бир да жолу айлык маяна кечигип, бербей коюу деген көрүнүш болбогонун айтып, бизди ынандырды. Кыргызстандагы цемент өндүрүшүнүн локомотиви болгон ишкана, кызматкерлерге кылган камкордугу жагынан да алдыда турарын айтат.

“Иштеген жерлерибиз таза, жылуу, жарык. Коопсуздук чаралары жакшы каралган. Тамак аш жактан маселе жок. 15 жылдан бери иштеп бир да жолу маянаны кеч алганым эсимде жок”,-дейт Зохиджон Отажанов.

Белгилей кетсек, Түштүк Кыргызстан Цемент (ЮКЦ) заводу 2019-жылы Кытайдын жүз жылдык тарыхы бар Huaxin корпорациясы менен бириккен. Андан бери жогорку технологиялуу өндүрүштү ишке салып, сапатты жакшыртты. Казынага төккөн салык, социалдык төлөмдөр өстү.

Андан тышкары, ишкана беш жүздөн ашык адамды иш менен камсыздап жатат. Жалпы өлкөнүн экономикасына салым кошуп, экспорттук мүмкүнчүлүктү арттырууда. Ишкана дубан үчүн же аймак үчүн гана эмес республиканын өндүрүш тармагы үчүн өзгөчө мааниси бар обьектилердин бири.

Автор: Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии