23.1 C
Бишкек
Пятница, 17 мая, 2024
ДомойАналитикаЭксперт: Кыргыз-Кытай мамилеси жаңы багытта өнүгүүдө

Эксперт: Кыргыз-Кытай мамилеси жаңы багытта өнүгүүдө

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Кытай  Эл Республикасынын Синьцзян Уйгур автоном районунда болуп кайтты. Анын алкагында Кыргызстан, Өзбекстан жана Синьцзян Уйгур автоном районунун өкмөттөрүнүн үч тараптуу жолугушуусуна катышты. Мындан тышкары Эркечтам көзөмөл-өткөрүү пунктуна, Кашкар эркин экономикалык аймагына барды. Бир нече жолугушууларды өткөрдү.

А. Жапаров: Кыргызстан Борбордук Азия жана Батыш Азияга чыгууда көпүрө болууга даяр

Кашгар шаарында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов, Синьцзян Уйгур автоном районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Анда Акылбек Жапаров Синьцзян Кыргызстан үчүн Кытай менен соода алакасындагы дарбаза болуп калса, өз кезегинде тарыхый жайгашкан орду менен Кыргызстан дагы Кытай үчүн Борбордук Азиянын бир нече өлкөлөрүнө чыгууга дарбаза болуп бара жатканын белгиледи.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу, 3 өлкөнүн соода экономикалык байланышынын динамикалуу өсүшүнө баа жеткис оң таасирин берет»-деген Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө биргелешкен каржылоо менен долбоордун техникалык экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, бекитилгенин белгилеп өттү.

Мындан тышкары ал «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу зарылчылыгына токтолду. Өткөрүү жөндөмдүүлүгү жетишсиз экенин айтты.

“Аларды модернизациялоонун алкагында саатына 125 автоунаага чейин өткөрө алган заманбап текшерүү-кароо комплекстери сатылып алынды. Алар Эркечтам жана Торугарт постторуна орнотулат. Суткасына 1000 унаага чейин көбөйтүүгө максат коюп жатабыз”,-деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Синьцзян Уйгур автоном районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Кыргыз тараптын бардык сунуштарын колдой турганын билдирди.

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов бул үч тараптуу жолугушуунун тарыхый маанисин белгилеп, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү динамикалуу  өсүп жатканын айтты. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда биргелешкен ишкана түзүүнү колдоду.

«БЕДЕЛ» ӨТКӨРМӨ ПУНКТУ АЧЫЛАТ

Акылбек Жапаров, Ма Синжуй менен эки тараптуу жолугушуусунда учурда  7 күн 14 сааттан иштеп жаткан көзөмөл өткөрүү пунктарынын ишин, күнү түнү башкача айтканда 24/7 режимине өткөрүүнү максат кылып жатканын билдирди. Ал Эркечтам көзөмөл-өткөрүү пунктуна көмүр базасы менен ленталуу конвейерди куруу үчүн жер бөлүнгөнүн айтып, андан ары “Бедел” жаңы өткөрмө пунктун ачуу жана  “Барскоон-Учтурфан-Аксу” жолунун курулушу боюнча кеп козгоду.

«Биздин мамлекеттердин башчылары “Беделди” ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча чоң милдеттерди коюшту. Албетте, “Бедел” өткөрмө пункту ачылса, Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң салым кошоору шексиз»-деди Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Ошондой эле, Ош-Кашгар-Ош авиа каттамын ачуу сунушун киргизди.

Акылбек Жапаров Ма Синжуй менен биргеликте «Улуу чат» бажы терминалына жана «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктуна барышты. Ал жерде Кыргызстан аркылуу кирген товарларды сактоочу атайын көзөмөл кампасын куруу мерчемделип жатканы айтылды.

Андан ары «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктуна барышты. Бул жерде Кытай тарап, алдыда курулуучу ленталуу конвейерди презентация кылды. Долбоор боюнча ленталуу конвейердин бир башы Кыргызстандын аймагында көмүр базасы менен жайгашса, экинчи жагы Кытайдын аймагындагы базага туташат. Натыйжада көмүрдү экспорттоого ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТУУРАЛУУ АДИСТЕРДИН ПИКИРИ

Темирбек Нурматов-саясат талдоочу

Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилеси жаңы багытта өнүгүүдө. Акылбек Жапаровдун жумушчу сапары соода-экономикалык жактан натыйжалуу болду. “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышы ортодогу сооданы жаңы деңгээлге чыгарат. Ал эми «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча көптөн бери жымжырттык болуп турду эле, Кашгардагы жолугушуу долбоорду ишке ашырууда орток пикир пайда болгонун билдирди окшойт. Бул долбоор Кыргызстан үчүн абдан керек. Дүйнөлүк соодага жол ачат. Андыктан кандай болгон күндө да бул долбоорду ишке ашыруубуз керек.

Уран Сыдыгалиев — эксперт

Суверендүү өнүгүп жаткан отуз жылдын ичинде Кытай менен соода мамилебиз өзгөчө орунду ээлейт. Жөн эле соода өнөктөш эмес эки өлкө стратегиялык деңгээлдеги достукка жетишти. Андан тышкары негизги инвестор өлкөгө айланды. Өткөн жылдын эле жыйынтыгын карасак, Кыргызстандын жалпы соода-сатыгынын 30 пайызы дал ушул өлкөгө туш келет. Ортодогу сооданы көбөйтүү башка байланыштарды дагы чыңдайт. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маселесине келсек, бул долбоордо жалгыз эле Кытайдын эмес жалпы үч мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары жатат. Долбоор ишке ашса чоң сооданын бир тармагы бизге байланат.

Акылбек ЖАПАРОВ БООРДОШТОРДОН КАБАР АЛДЫ

     Синьцзян Уйгур автоном районунуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Артыш шаарындагы маданий борборуна барды. Манас эпосуна арналган атайын музей менен таанышты. Улуттук аспаптар менен чыгармалар жаңырып, Манас эпосунан үзүндү айтылды. Акылбек Жапаров Артыштагы маданий борборго улуттук колориттеги шырдакты белек кылып, жакынкы аралыкта музыкалык аспаптар берилээрин билдирди. Мындан тышкары Артыштагы бул маданий борбор менен Бишкектеги «Манас» Кыргыз улуттук театрынын кызматташтыгын бекемдөөнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырды.

Автор: Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии