34.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитикаКытайда Эмгек күнү кандай белгиленет?

Кытайда Эмгек күнү кандай белгиленет?

Май айы жаз мезгилинин эң мыкты учуру. Дал ушул кезде жаратылыш толугу менен ойгонуп, айлана-тегерек түркүн-түстүү боекторго боелуп, буркураган жыттарга толот. Күндөн-күнгө аба жылып, бак-дарактар бүчүр байлап калат. Мына ушундай сонун мезгилде, дүйнөдөгү эң маанилүү майрамдардын бири Эмгек күнү белгиленип келет.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Биринчи май — эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. Бул майрамдын алгачкы кадамы 1886-жылы АКШнын Чикаго шаарында эмгекчилер эмгек күнүн 8 саат деп белгилөө талабы менен демонстрацияга чыгышканда башталган. Андан соң, жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим чыгып, ал 1889-жылы июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган.

Эмгекчилердин эл аралык күнү биринчи жолу 1890-жылы Австрия-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Норвегия, Франция, Швеция жана башка кээ бир өлкөлөрдө майрамдалган. Бүгүнкү күндө бул майрам дүйнөнүн 140дан ашуун өлкөсүндө, 1-майда же майдын биринчи дүйшөмбүсүндө белгиленип келет. Кыргызстанда 1-Май майрамы алгачкы жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген.

Кытай жергесинде дагы бул майрам жогорку деңгээлде майрамдалат. Эмгек күнү эки себептен улам Кытайда эң сүйүктүү улуттук майрамдардын бири болуп саналат: биринчиден, бул улуттук календарда дем алыш күнү, экинчиден, ал жылдын эң жагымдуу мезгилине — күнөстүү жана жылуу май айына туура келет. Кытай эли бул убакытты достору жана үй-бүлөсү менен жолугушууга, жаратылышта эс алууга жана, албетте, саякатка арнаганды жакшы көрүшөт.

Майрамдын Кытай жергесиндеги жолуна сереп салсак, алгачкы жолу 1920-жылы 1-майда Пекин, Шанхай, Гуанчжоу, Цзюцзян жана Таншан сыяктуу бир катар өнөр жай шаарларынын жумушчулары көчөгө чыгышып, массалык парад өткөрүшкөн.

1949-жылы декабрда Кытай өкмөтү 1-майды Эмгек күнү деп жарыялаган. 1950-жылдын 1-майында Тяньаньмэнь аянтына ар кыл катмардагы 200 миңден ашык жумушчулар чогулушуп, жаңыдан түзүлгөн Кытай Эл Республикасында биринчи жолу Эмгек майрамын белгилешкен.

1989-жылдан кийин ар бир беш жылда Мамлекеттик кеңеш өлкөдөгү мыкты кызматкерлерди сыйлоо аземин өткөрүп келет. 1999-жылы КЭРдин “Улуттук майрамдарынын жана эстеликтеринин” расмий тизмесинде 1-Май майрамы дагы киргизилген.

Бүгүнкү күндө, Кытайда Эмгек күнү көбүрөөк үй-бүлөлүк майрам болуп саналат. Бул беш күн ичинде кытайлар жаратылышка чыгып, үй-бүлөсү, достору менен жолугуп, атайын иш-чараларга катышышат. Көп адамдар театрларга, көргөзмөлөргө барышат. Кытайды кыдырышат. Беш күн бою шаарлардын көчөлөрүндө майрамдык спектаклдерди көрүүгө болот.

Май айы чындыгында эле Кытайды кыдырып чыгуу үчүн алтын убакыт. Бул мезгилде аба ырайы эң сонун кез, шаарларда али ысык эмес, тоолордо жылуу. Көптөгөн кытайлыктар жакындары менен биргеликте дал ушул Эмгек күнүнө берилген беш күндүк эс алууда өлкө ичин кыдырууну жакшы көрүшөт. Ошондуктан ушул күндөрү поездге, учакка билеттер калбай калат. Мейманканалардын баасы кымбаттайт. Бирок бул мезгилде өлкөнүн өкмөтү арзандатууларга уруксат берет. Ошондуктан тарыхый жайларга, ажайып кооз жерлерге, музейлерге кирүү акылары арзандайт, соода-сатык жайларында дагы арзандатуулар көп болот.

Май айындагы табигый кооз жерлердин ичинен күрүч талааларын кыдыруу сунушталат. Бул мезгилде аларды суу каптап, ал күн менен чагылышып өзгөчө кооздукту тартуулайт. Мындай кооздук көпкө созулбайт, ошондуктан саякатчылардын эң сонун пейзаждан ырахат алууга убактысы аз болот.

Кытайдагы эң белгилүү күрүч террасалары Кытайдын Юньнань провинциясында жайгашкан Хонхэ Хани террасалары. Айта кетсек, алар ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Алар Кытайдын Куньмин шаарынын түштүгүндө, Вьетнам менен чек арага жакын жайгашкан. Бул террасалардын жашы 1,3 миң жылдан ашат.

Кытайдын түштүгүндө эс алгандар үчүн Гуйлин провинциясындагы Лонгжи күрүч террасалары сунушталат. Кытай тилинен которгондо бул террассалардын аты “ажыдаар омурткасы” дегенди билдирет. Бул жерге барууга жетишкендер бул жердеги пейзаж чындап эле бул жаныбардын дене түзүлүшүнө окшош экенине ынанышат.

Бул террасалардын курулушу 13-кылымда башталып, бир нече кылымга созулган. Лонгжи террасалары күрүч өстүрүлгөн аймактын жалпы аталышы. Бул аймакка кирүү 100 юань турат. Бул жерде бир нече айылдар бар, алардын эң белгилүүсү Пинг Ан айылы.

Кытайлык ири саякат платформаларынын айтымында, бул мезгилде ички кыска саякаттар,  турлар жана экскурсиялар жаңы тренддге айланды. Шаарлардагы концерттерге же музыкалык фестивалдарга катышуу да популярдуулукка ээ болууда, майрам күндөрү өлкө боюнча жүздөгөн концерттер жана музыкалык фестивалдар өткөрүлөт. Муну менен эле катар майрам ар түрдүү элдик оюн-зооктор менен коштолот.

Чындыгында бул күндөрү бардык жерде эл абдан көп болот. Ошондуктан кандайдыр бир тарыхый жайларга барганда узакка күтүүгө туура келе тургандыгын билүүбүз шарт.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии