32.1 C
Бишкек
Воскресенье, 16 июня, 2024
ДомойВ КИТАЕПекинде "Бир алкак, бир жол боюндагы достук: Кыргызстандагы кытай ишканалары" китебинин презентациясы...

Пекинде «Бир алкак, бир жол боюндагы достук: Кыргызстандагы кытай ишканалары» китебинин презентациясы өттү

12-октябрда Кытайдын Эл аралык маданий алмашуу борборунда “Бир алкак-бир жол” демилгесинин биргелешкен курулушунун 10 жылдыгына белек катары “Бир алкак-бир жол боюндагы достук: Кыргызстандагы кытай ишканалары” аттуу китептин презентациясы болуп өттү.
Иш-чарага КЭР маданий алмашуу борборунун төрагасынын орун басары жана CITIC реформа жана өнүгүү изилдөө фондунун төрагасы Кун Дань, КРдин КЭРдеги элчилигинин кеңешчиси Сыдыгалиев Ринат, Кытай басма ассоциациясынын партиялык бөлүмүнүн катчысы Лю Цзяньго, Кытай достук басма жоопкерчилиги чектелген коомдун (ЖЧК) төрагасы Ли Кунь жана башкалар катышып, сөз сүйлөштү.
Китеп кытай жана кыргыз тилдеринде жарыяланат. Кыргыз тилиндеги версиясы 2023-жылдын аягында Кыргызстандын Улуттук китепканасында ишке кирүүсү күтүлүүдө.
Китепте инфраструктуранын курулушу, энергетиканы өнүктүрүү, логистика жана транспорт, энергетикалык коммуникация жана башка көптөгөн тармактарды камтыган Кыргызстанда түптөлгөн жана курулушка катышкан 15 кытай компаниясынын окуясы баяндалат.
Китептин максаты — Кытай менен Кыргызстандын маданий, тарыхый, социалдык жана экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле автордук укук соодасындагы, китептерди жайылтуудагы, таланттарды окутуудагы жана техникалык кызматташуудагы жетишкендиктер жөнүндө түшүнүк берүү.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии