34.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитикаАйбек Джунушалиев: Бишкек буюрса өзгөрөт

Айбек Джунушалиев: Бишкек буюрса өзгөрөт

30-май күнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Кытайдын Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчао жетектеген делегациянын жолугушуусу болду. Бул окуянын фонунда биз калаа башчы менен маектешип, Кытай өлкөсү менен биргеликте борбор шаарда ишке ашып жаткан долбоорлор жана мэрия быйылкы жылдын алкагында пландаган жол курулушу тууралуу маектештик.

 Айбек Жанышбекович, жакында эле Кытайдын Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчао жетектеген делегация менен жолуктуңуз, коңшу өлкөнүн аталган шаары менен кандай кызматташуу пландалууда?

Былтыр Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Төрагасы Ли Цяндын Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында Бишкек шаары менен Чэнду шаарынын ортосунда өз ара байланыш түзүү боюнча документке кол койгонбуз. Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчао менен жолугушууда шаарлар ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча сүйлөштүк. Ван Фэнчао мырза соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртууну, ошондой эле инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн Чэнду шаарында Бишкектин өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады.

Негизи Чэнду шаары эки эл аралык аэропорту бар Кытайдагы үчүнчү ири  калаа. Маселен, былтыр шаардын тышкы соодасынын жалпы көлөмү 106 миллиард АКШ долларын түзсө, жалпы экономикалык көлөмү 310 миллиард долларга жетти. Андыктан бул шаар менен Бишкектин ортосунда байланыш түзүү биздин борбор үчүн экономикалык жактан өтө пайдалуу. Азыр биз транспорт, маданият жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарына байланыштуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатабыз.

Жалпысынан алганда, Бишкек шаарында Кытай өлкөсүнүн колдоосу менен ишке ашып жаткан кандай долбоорлор бар?

Баса белгилеп айтып кетсем, Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен борбордун бир топ жолдору жасалды. “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун биринчи фазасында узундугу 95 чакырым болгон 49 көчөдө жол оңдолду, анын ичинде 180 чакырым тротуар, ирригациялык тармактар жаңыланды. Мындан тышкары, 6 көпүрө жана 1 өтмө жол курулган. Долбоордун экинчи фазасында узундугу 70 чакырымды түзгөн 60 көчө реконструкцияланып, 130 чакырым тротуар менен ирригациялык тармактар жаңыланып, беш көпүрөнү куруу каралган.

Былтыр Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында дал ушул долбоордун 3-фазасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлган. Анда Бишкек шаарында үч жерге транспорттук түйүн курууну мерчемдеп жатабыз.

Ушул жылдын март айында Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салынды эле. Бул долбоорду кытайлык компания ишке ашырып жатабы?

Туура белгиледиңиз. Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу маселеси көптөн бери чечилбей келген. Буюрса бул маселеге чекит коюп, долбоорду ишке ашырууну баштадык. Бүгүнкү күндө катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоо менен электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу жүрүүдө. Ал жерге тазалоо системалары, турак-жай, спорттук имараттар да курулат. Кайра иштетүүчү завод суткасына 850 тоннага жакын таштанды утилизация кылат. Аны менен бирге эле электр энергиясын өндүрөт. Бул долбоор биз үчүн өтө маанилүү. Аны кытайлык “Хунан Цзюнсин” компаниясы ишке ашырууда. Буюрса 2025-жылдын ноябрь айында ишке берилет деп күтүп жатабыз.

Эми мэриянын негизги пландарына келсек, калаа бийлиги үстүбүздөгү жылда жалпы шаар боюнча канча чакырым жол салат же канча көчөдө жол тилкеси жаңыртылат?

Быйылкы жылы жалпы борбор шаар боюнча 22 чакырым аралыкта жол куруу иштери жүргүзүлөт. Алардын ичинен Бишкек шаарынын негизги алты көчөсүндө жол капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Калгандары чакан көчөлөр жана жаңы конуштардагы көчөлөр бар.

Быйыл капиталдык оңдоодон өтөт деп жаткан борбордун негизги алты көчөсү кайсылар?

  1. Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин;

  2. Ж. Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен А. Масалиев проспектисине чейин;

  3. И. Ахунбаев көчөсү Ч. Айтматов көчөсүнөн Ж. Пудовкин көчөсүнө чейин;

  4. М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;

  5. Б. Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин;

  6. Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.

Аталган алты негизги көчө капиталдык оңдоого муктаж. Андан тышкары бир жаңы жол салынат. Ал Кара-Дарыя көчөсү. Жол Аламүдүн дарыясынынын жээги менен  түшөт. Учурда көпүрө салынып жаткан Шүкүров көчөсү менен Медеров көчөсү аркылуу төмөндү көздөй уланып, Л. Толстой көчөсүнө чейин барат.

Эмне үчүн бул алты көчөнү тандап алдыңыздар? Бул көчөлөрдө жолдун абалы абдан начар беле?

Биринчиден, бул алты көчө борбор шаардын башкы көчөлөрү. Унаалардын агымы негизинен дал ушул көчөлөр аркылуу өтөт. Борбордун артериясы десек болот. Экинчиден, бул көчөлөр мындан 18-20 жыл мурда салынган бойдон, азыркыга чейин колдонулууда. Талап боюнча асфальт жолдордун эксплуатация мөөнөтү 7-8 жыл аралыгында эле аяктайт. Ал эми бул көчөлөр болсо, эксплуатация мөөнөтүн 2-3 эсе өтөп койду. Үчүнчүдөн, аталган көчөлөрдү капиталдык оңдоо менен алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгү кеңеет. Унаа тыгынын азайтууга салымы чоң десек болот.

Аталган алты көчөдө капиталдык оңдоонун жүрүшүндө жол боюндагы электр мамыларындагы коммуникациялык зымдар жер алдына жашырылабы?

Жол куруу менен бирге эле жол боюндагы электр мамыларындагы коммуникациялык зымдарды жер астынан алып өтүү, жол боюндагы имараттардын сырткы фасадын бир типтүү ирээтке келтирүү боюнча жумуштарды жүргүзүү планда бар. Бул боюнча “Бишкек башкы архитектура” менен муниципалдык райондук администрациялар иштеп жатат.

—  Алты көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүүдө өзгөчө же жаңычыл кандай ыкмалар колдонулат?

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилет. Жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт. Таш мастик асфальт кадимки асфальтка караганда бекем жана чыдамдуу. Буга чейин Манас проспектиси дал ушундай ыкма менен салынган. Өзүн абдан жакшы көрсөттү.

Жол курууга кеткен каражат каяктан бөлүнүп жатат?

Жогоруда аталган алты негизги көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү жана бир жаңы жол (Кара-Дарыя көчөсү) салуу долбоору шаардык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жалпысынан 6 көчөнү капиталдык ремонттоого 1 млрд 600 миң сом бөлүнгөн.

Жаңы окуу жылына чейин жол курулушун аяктап жетишесиздерби? Анткени окуу жылынын башталышы менен шаарда унаа агымы көбөйөт да…

Биз биринчи кезекте жолдун сапатына көңүл буруп, көзөмөлдү күчөттүк. Экинчиден, жумушту бекитилген графикке ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөп жатабыз. Жаңы окуу жылына чейин жумуштун негизги көлөмүн бүтүрүүгө жетишебиз.

Капиталдык оңдоо менен бирге эле мэрия быйыл көпүрө сала тургандыгы жана айрым көчөлөрдү темир жол аркылуу алып өтүү боюнча долбоорлорду баштаганы жөнүндө айтылды эле…

Туура, быйыл үч көпүрө курууну пландаганбыз. Алар Ауэзов көчөсүндөгү Бишкек ЖЭБинен чыккан каналга жана Жибек-Жолу проспектисиндеги Аламүдүн дарыясына көпүрө салынат. Шүкүров көчөсүнө Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Мындан тышкары, Бакаев көчөсү Толстой көчөсүнөн ары Ала-Арча суусунун жээгин бойлой Бөкөнбаев көчөсүнө чейин созулат (1-этап). 2-этап менен Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин узартылат.

Маектешкениңиз үчүн чоң рахмат!

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии