32.1 C
Бишкек
Воскресенье, 16 июня, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКүтүүсүздөн келген кризис – Кыргызстан кандай чараларды көрүүдө

Күтүүсүздөн келген кризис – Кыргызстан кандай чараларды көрүүдө

 

Ал ошондой эле социалдык маанидеги азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашууларга жетишилгендиктен, калк арасында азык-түлүккө карата дүрбөлөңгө түшүүгө өбөлгөлөр жок экенин белгиледи.

“Өкмөттүн антикризистик планы биринчи кезекте каржы рыногун турукташтырууга, айыл чарбасын колдоого, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган”, — деди министр.

Ал эми “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда азык-түлүк боюнча туура эмес маалыматтар тарап жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, 24-февралдан баштап Россия жана Украинадагы окуялардан улам Кыргызстанда бир катар имиштер пайда болууда.

“Дүкөндөрдө азык-түлүктүн көлөмүнүн азайышы жана баасынын жогорулашы байкалууда. Президенттин тапшырмасы, Акылбек Жапаровдун көзөмөлүндө 1 млн кг (1 миң тонна) кумшекерди өлкөнүн соода түйүндөрүнө таркатып жатабыз. Кумшекердин сатылышы 1 кг 70 сомдон болот. Мындан сырткары, өсүмдүк майынын тартыштыгы болот деген дагы сөздөр тараган. Азыр 500 миң литр өсүмдүк майын дагы соода уюмдарына жеткирүүдөбүз. Анын 1 литри 130 сомдон сатылат”, — деди министр.

“Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар экенин ишенимдүү түрдө айта алам”, — деп белгиледи Бообек Ажикеев.

Анын айтымында, калктын аярлуу катмарына акысыз 11 миң 467 тонна ун берилген.

Ал: “Калктын аярлуу катмарын 230 миң үй-бүлө түзөт. Бүгүнкү күндө иш уланууда, 7 миң тоннага жакын ун дагы таркатылды. Азыр ун, өсүмдук майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Запастар толукталып турат. Мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүп жатат”, — деп билдирди.

Министр ошондой эле 1 млн кг кумшекер (сатылышы — 1 кг 70 сом) жана 500 миң литр өсүмдүк майын (1 литри 130 сом) соода түйүндөрүнө жеткирилип жатканын белгиледи. Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна караштуу борбордук кампанын жетекчиси Бактыбек Тайкашкаевдин айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун борбордук кампасынан азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында кумшекер жана өсүмдүк майы бөлүндү.

“Өлкөнүн түндүк, түштүк региондоруна фонддун борбордук кампасынан өсүмдүк майын жана кумшекерди таратуу иштери жүрүп жатат. Учурда Бишкек шаарына жана Жалал-Абад облусуна азыктар атайын жүк ташуучу унаалары менен жөнөтүлдү. Азыктар республиканын бардык аймактарына кезек-кезеги менен жөнөтүлөт”, — деди Тайкашкаев.

Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасында азыктардын кору жетиштүү көлөмдө экендиги айтылды.

Мына ушундай кырдаалдан улам Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Русланбек Тагаев “Дордой Моторс” базарында болуп, эң керектүү азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүзгөндүгү белгилүү болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте базардын сатуучуларына азык-түлүк жана социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Район башчысы социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк товарларына бааны кармап, райондун калкы үчүн жеткиликтүү болушун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында ири “Фрунзе”, “Глобус”, “Народный” гипермаркеттеринин арасында да түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Гуланда Каныбек кызы, тигүүчү: “Эгерде жумушу жок калсак, кандай жашайбыз”

Учурда бардыгы кымбаттап жатат. Пандемиянын күчтүү толкундарынан кийин жаңыдан гана иш толук кандуу башталган. Эми кайрадан кыйын абалда турабыз. Мисалы үчүн, биздин тигүүчү цех Россия менен иштешет. Кардарларыбыз Россиянын ишкерлери эле. Азыркы тапта алар менен иш токтоп жатат. Буйрутмалар жок. Ал гана эмес биз керектөөчү сырьелор дагы базарларда жок болуп жатат. Болсо дагы абдан кымбат. Жумуш токтоп калуу коркунучунда. Эгерде жумушу жок калсак, кандай жашайбыз. Кымбатчылык болууда. Эми азык-түлүктөр, дары-дармектер дагы жок калуу коркунучу бар экендигин айтып жатышат. Чындыгында жашоо оорлоду.

Эми пандемия кризисинен чыкканбыз, буюрса бул учурду деле жеңебиз деп ишенем. Эң башкысы эл-жерибизде тынчтык болсун. Мамлекет деле колунан келген иштерин жасап жатат окшойт, айлык-акы, жөлөк-пул, пенсияларды көбөйтөбүз деп жатышат. Буюрса бул кырдаалдан дагы чыгабыз.

Алмаз Саламатов, соодагер: “Биздей кичи бизнес ээлери өнүгө албай калдык” 

Азыркы кырдаал бардыгыбызды кыйын абалга алып келип такады. Элдин бардыгы эле азыр бизди, соодагерлерди, жаман көрүп жатышат. Бааны көтөрүп салдыңар деп. Чындыгында биз бул товарларды алганда доллар менен алабыз да. Ошонун эсебинен көтөрүүгө туура келүүдө. Мен дагы алган жеримден кымбат алып жатам. Айла жок.

Эгерде бизге дагы мамлекет тарабынан кандайдыр бир колдоо көрсөтүлүп, кээ бир салыктардан бошотуу сыяктуу жардамдар болсо, биз дагы ошонун эсебинен товар баасын арзан коюп, бардыгыбыз үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт эле.

Чындыгында барган сайын жашоо кыйын болууда. Күнүмдүк тапкан менен эле жашап калдык. Биздей кичи бизнес ээлери өнүгө албай калдык. Дагы да болсо ири ишкерлер бул кырдаалдан чыгып кетүүсү мүмкүн. Биз болсо пандемиянын запкысын дагы деле кутула элек болчубуз, насыяларыбыз дагы доллар менен болчу. Доллар түшөөр бекен деп күтүп жатабыз.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии