ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕ"Кытай – Евразия ЭКСПО товарлары жана соода-2023" – Кыргызстан 200дөн ашуун продукциянын...

«Кытай – Евразия ЭКСПО товарлары жана соода-2023» – Кыргызстан 200дөн ашуун продукциянын түрү менен катышты

Үстүбүздөгү жылы 17-21-август аралыгында Үрүмчү шаарында өткөн «Кытай – Евразия ЭКСПО товарлары жана соода-2023» көргөзмөсүнө Кыргызстандын бизнес коомчулугунан 100дөн ашуун өкүл катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, анда ата мекендик продукциянын 200дөн ашуун түрү көрсөтүлдү. Анын ичинен:

— бөтөлкөдөгү суу жана улуттук суусундуктар;
— балык, балык азыктары;
— сүт жана сүт азыктары;
— кондитер азыктары;
— жашылчалар жана жемиштер;
— буурчак өсүмдүктөрү;
— ун азыктары;
— айнек;
— жүн;
— зергер буюмдары;
— улуттук кийимдер;
— табигый бал;
— джемдер жана консервалар;
— кургатылган жемиштер;
консерваланган жашылчалар;
— алкоголдук ичимдиктер;
— хенд мейддер ;
— сувенирлер жана башка ата мекендик товарлар.

Белгиленгендей, көргөзмөгө 46 өлкөдөн жана региондордон жана 31 провинциядан, автономиялуу аймактардан жана муниципалитеттерден 3700дөн ашык компания катышып, сатып алуучулардын саны 32 миңден ашты.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Рекомендуемые

О НАС

Все права защищены: Сайт новое наблюдение шелкового пути / Телефон: +996 312 374609 |
Ведущее учреждение: ООО “Культурное развитие на Среднеазиатском шелковом пути” |
Адрес: Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Исанова, 172.
版权所有:丝路新观察网 / 电话咨询:+996 312 374609 | 主办单位:吉尔吉斯斯坦中亚丝路文化发展有限责任公司 |
地址:吉尔吉斯斯坦比什凯克市伊桑诺娃大街172号 |