ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕСентябрдан тарта мектеп директорлорунун жана завучтардын айлыгы жогорулайт

Сентябрдан тарта мектеп директорлорунун жана завучтардын айлыгы жогорулайт

2023-жылдын 1-сентябрынан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана орун басарларынын маяналары жогорулатылат.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, министрлер кабинетинин чечими боюнча кошумча төлөм 50%ды түзөт. Бул үчүн жыл аягына чейин бюджеттен 183 млн сом бөлүнөт.

Натыйжада, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облуснун айылдарынын бириндеги 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19 миң 143 сом айлык акы алса, эми 28 миң 715 сом маяна алат. Ал эми 13 жылдан ашык стажысы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан баштап айлык акы жогорулатылганга чейин 17 миң 413 сом алса, мындан ары 26 миң 120 сом маяна алат.

Өзгөн районундагы 1800дөн ашык окуучусу бар айылдык мектептин биринде 15 жылдан ашык эмгектенген мекептин директору айлык жогорулатылганга чейин 23 миң 731 сом алса, эми 35 миң 597 сом маяна акы алат. Ал эми 15 жылдан ашык стажы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан тарта мурда төлөнүп келген 21 миң 360 сомдун ордуна 32 миң 40 сом маяна акы алмакчы.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Рекомендуемые

О НАС

Все права защищены: Сайт новое наблюдение шелкового пути / Телефон: +996 312 374609 |
Ведущее учреждение: ООО “Культурное развитие на Среднеазиатском шелковом пути” |
Адрес: Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Исанова, 172.
版权所有:丝路新观察网 / 电话咨询:+996 312 374609 | 主办单位:吉尔吉斯斯坦中亚丝路文化发展有限责任公司 |
地址:吉尔吉斯斯坦比什凯克市伊桑诺娃大街172号 |