26.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитикаКытайдын тарыхы менен жуурулушкан кытай фамилиялары 

Кытайдын тарыхы менен жуурулушкан кытай фамилиялары 

Европалыктарга караганда, кытай эли фамилияны биздин заманга чейин эле колдонуп келишкен. Алгач, фамилия ак сөөктөргө гана тиешелүү өзгөчөлүк болсо, убакыттын өтүшү менен карапайым адамдар дагы аны колдонуу укугуна ээ болушкан.

Кытай элинде байыртан эле фамилияга өзгөчө маани берилип, анын келип-чыгыш тегине чейин өзгөчө көңүл бурулган. Байыркы кытай фамилиялары алгачкы этабында эки маанини билдирген.

Биринчиси, “син” (xing). Бул маани, үй-бүлөдөгү кандаш туугандарды аныктоо үчүн колдонулган. Кийин ага уруунун келип чыккан жерин белгилеген маани кошулган. Мына, дал ушул фамилияны, алгач императордун үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү гана колдонуу укугуна ээ болушкан. Экинчиси болсо, “ши” (shi). Бул маани кийин гана пайда болуп, уруунун ортосундагы туугандык белгини билдирген. Башкача айтканда, бир кландын аталышы болгон.

Бирок, убакыттын өтүшү менен мындай айырмачылыктар жоюлган. Ошондой болсо да, кытай элинде өз ата-тегине сый урмат менен мамиле кылып, аны ийне-жибине чейин изилдөө, тактап билүү салты сакталып калган.

Кытай фамилияларынын келип чыгыш теги

Кытай фамилияларынын келип чыккан теги ар түрдүү маанилерди ичине камтыйт. Кошуна элде, жүздөгөн фамилия болсо дагы, алардын арасынан эл арасына көп тарап, сиңгени 100гө жакын. Дүйнө жүзүндөгү эң көп адам жашаган мамлекет, эң көп окшош кездешкен фамилиялары менен дагы белгилүү.

  1. Цин фамилиясы императордун үй-бүлөсүнө гана таандык болгон.

  2. Император буйругу аркылуу, кол алдындагы мыкты кызматкерлерине фамилия ыйгаруу укугуна ээ болгон.

  3. Көптөгөн карапайым адамдар, дыйкандар өздөрү жашаган хандыктын атын фамилия катары колдонушкан. Ушул жол менен алар кайсы мамлекетке же болбосо кайсы урууга тиешелүү экендигин тастыкташкан. Мисалы, Сун, Ву ж.б.

  4. Феодалдык ээликтердин же болбосо келип чыккан тегинин аталышынан алынган фамилиялар. Мисалы, Ди, Оуян ж.б.

  5. Ата-бабасынан бери келе жаткан фамилия.

  6. Байыркы мезгилде, менг, чжонг, шу жана чжи муундары (сөздөрү) үй-бүлөдөгү биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү эркек балдарды белгилөөдө колдонулган. Кээ бир учурларда ушул муундар фамилия катары айтылып калган. Алардын арасынан эң көп кездешкен фамилия бул Мэнг.

  7. Алектенген кесибине жараша дагы фамилияга ээ болушкан. Мисалы, Тао фамилиясы “карапачы”, “кумурачы” дегенди түшүндүрсө, Ву аталышы “шаман” деген маанини берет.

Ал эми, байыркы убактарда чет жактан келгендерди Ху деп аташкан. Мына, фамилиялардан аркылуу деле адамдын ата-тегин, уруусун, керек болсо ата-бабасы алектенген кесибин дагы билүүгө мүмкүн болгон.

Кытай элинде фамилиялар атадан балага өткөндө эч өзгөртүлбөйт

Чындыгында, кытай элинде фамилия биздикиндей болуп атадан-балага өтүп өзгөрбөйт. Мисалы, кыргыздарда атасынын же чоң атасынын атын балдары, неберелери фамилия кылып жүрүшөт. Ал эми, кытайларда болсо жети атасынын тең фамилиялары Ли болушу мүмкүн. Ал эч өзгөрбөйт. Ошондуктан, кошуна элде ушунчалык көп окшош фамилиялардын болуусуна таң калбай эле койсо болот. Бул калыпка түшүп калган система.

Кытай айымдары турмушка чыккан соң, күйөөсүнүн фамилиясын алышпайт. Мындай адат жокко эсе.

Мындан сырткары, кытайлардын фамилиялары негизинен бир гана иероглифтен турат. Чанда гана эки же үч иероглифтен турган фамилияны кезиктирүүгө болот. Ошондуктан, кытайлар үчүн биздин аты-жөнүбүздү эске тутуп калуу абдан оорчулукту жаратат. Кытай кесиптештерим көп учурда, “Силерде эмне себептен мынчалык узун ат, фамилия?”-деп таң калып сурап калышат. “Биз үчүн бул көнүмүш нерсе, ат коюу салты кыргыздарда абдан маанилүү, ошондуктан сөздүн кыскалыгына эмес, маанисине жараша коюшат”-деп жооп берем.

Чындыгында, кытай элинде дагы ысым ыйгарууга абдан дыкаттык менен көңүл бөлүнөт экен. Жаш ата-энелер балдарына ат коюу үчүн атайын сөздүктөрдү сатып алып, ичинен эң жакшы маанилерди берген иероглифтерди тандап, баласына ысым беришет. Бирок, фамилиясы эч өзгөрүүсүз, ата-бабадан бери келе жаткан ысым бойдон калат.

Мына, ошондуктан фамилиясы окшош адамдар арасында эч кандай жакын туугандык алака жок. Мурунку мезгилдерде, фамилиясы бирдей адамдар бир-бири менен турмуш курууга укуктары болгон эмес. Бүгүнкү күндө болсо, мындай тыюу алынып салынган.

Эң көп тараган кытай фамилиялары жана аларды башка тилге которуу иштери

Кытай жергесинде 20%дан ашык жергиликтүү тургундар үч окшош фамилиянын ээлери болуп эсептелет. Эң көп тараган фамилиялардын ичине Ли, Ван жана Чжан кирет. Ушундай окшош аты-жөндүн ээлери абдан көп болгондуктан, заманбап кытай тилинде “Үч Чжан төрт Ли” аттуу туруктуу сөз айкашы дагы кездешет. Бул сөз айкашы “ар ким, баары” деген маанини түшүндүрөт.

Кытай Эл Республикасында көп түрдүү диалекттер кездешет. Ошондуктан, бир эле аталыш ар башкача угулушу мүмкүн. Ал эми, фамилияларды чет тилге которуу бир топ оорчулукту жаратат. Туура эмес котормо аркылуу ысымдын маанисин толугу менен жоготуп алуу мүмкүн.

Себеби, кытай тилинде сүйлөөдөгү негизги орунда турган интонацияны, басымды котормодо берүү оор. Ошондуктан, атайын кытай фамилияларын туура которууга жардамчы болгон адистешкен транскрибция системасын иштеп чыгышкан. Анын жардамы аркылуу кытай фамилияларын туура жазууга болот.

“Юн-эр жүрөк жана Джиао-татына” ысымдары

Кытай эркек балдарынын аттары жана фамилиялары, чыныгы жигит эгедер болуусу керек болгон сапаттардын мүнөздөмөсүн ичине камтыйт.

Мисалы, Бокин-жеңүүчүгө урмат-сый, Гуожи-мамлекеттик тартип, Деминг-намыс, Жонг-калыс, туруктуу, Кианг-күчтүү, Ронг-аскер адамы, Фа-залкар, Хуан-бакыт, Юн-эр жүрөк, Эйгуо-мекенчил ж.б.у.с.

            Ал эми, кытай айымдарынын аттары, аялзатына тиешелүү бардык мыкты сапаттарды ичине камтыйт.

Мисалы, Ай-сүйүү, Джи-таза, Джиао-татына, көркөм, Джиа-сулуу, Жилан-орхидея, Ки-эң кооз нефрит, Кию-күзгү ай, Лихуа-гүлдөп-өскөн, Мейхуи-көркөм даанышмандык, Тинг-келбеттүү, Фенфанг-атыр жыттуу, Хуижонг-даанышман жана калыс, Юн-булут, Юэ-ай, Шуанг-маңдайы жарык ж.б.у.с.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии