34.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитикаӨзбек-Кытай достугун чыңдаган мамлекеттик сапар

Өзбек-Кытай достугун чыңдаган мамлекеттик сапар

23-25-январь күндөрү Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга мамлекеттик сапар менен барды. Өзбек лидери бул өлкө менен болгон мамилеге өзгөчө маани бере турганы айтылат. Бул жолку жолугушуулардын жыйынтыгында жалпы наркы 56,7 млрд долларга бааланган беш жүзгө жакын долбоорду ишке ашыруу макулдашылганы маалым болду. Өзбек-кытай мамилеси тууралуу төмөндөгү материалды сунуштайбыз.

“ТАМЫРЫ ТЕРЕҢ ДОСТУК”

Өзбек Президентинин мамлекеттик сапарынын өзөгүн Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуу түздү. Анын жыйынтыгы менен ар кыл тармакты камтыган 15 келишимге кол коюлду. Тараптар ортодогу мамиле өнүгүп жаткандыгын жана жаңы деңгээлге чыккандыгын белгилешти. Си Цзиньпин эки тараптуу достук дарагынын тамыры тереңде экенин айтып, анын бутагы бапырап кенен жайылганын кошумчалады.

Күн тартибиндеги башка маселелер менен бирге өлкө жетекчилери Өзбекстанда кесиптик билим берүүнүн кытай системасын өнүктүрүү жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселесине кайрылышты. Эки мамлекет ортосундагы авиакаттамдардын саны жакында аптасына жүзгө жетет. Өзбекстандын Жизак облусунда электромобиль чыгарган завод ачылды. Аталган ишкана жылына 50 миңден ашык транспорт каражатын чыгарат. Андан тышкары Ташкентке асма жол менен каттаган такси линиясын куруу, Каракалпакстанга шамал электростанциясын салуу тууралуу макулдашылды.

Биргелешкен инвестициялык форумга катышкан ишкерлер Шавкат Мирзиёевдин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жалпы баасы 56,7 миллиард долларга жеткен беш жүзгө жакын долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимдер түзүлгөнүн билдиришти.

ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА САЯСИЙ БАЙЛАНЫШ

Эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыш абдан өнүккөн. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу сооданын көлөмү 14 млрд долларды түздү. Кытай бул өлкөнүн бардык соода өнөктөштөрүнүн ичинен биринчи орунду ээледи. Өзбекстан Кытайга алтын, уран, пахта жана жаратылыш газын берет. Коңшусунан унааларды, станокторду, электроника буюмдарын ташып келет.

Ошондой эле бул өлкөгө инвестиция салган өлкөлөрдүн сап башында да Кытай турат. Акыркы жети жылда Пекин 12 миллиард долларга жакын каражат салган. Өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгында эле 1 миллиард доллар инвестиция кылган. Мындан тышкары Өзбекстанда Кытай капиталы менен иштеген эки миңден ашык ири компаниялар бар. Маселен, Ташкенттин чет жакасында “Пэншен” индустриалдык паркы иштеп жатат. Навои шаарында биргелешкен дары заводу курулууда. Эки өлкө жакынкы жылдары ортодогу товар алмашуунун 20 млрд долларга жеткиребиз деген максат коюуда.

Экономиканы улай эле эки мамлекет ортосундагы саясий кызматташтык дагы өнүккөн. Өзбекстан “Бир алкак-бир жол” демилгесине кошулуп, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө. 2022-жылы аталган уюмдун саммити Самаркандда өткөн. Былтыр май айында өзбек президенти Кытай жана Борбор Азия лидерлеринин биринчи жыйынына да катышкан. Октябрь айында өткөн “Бир алкак-бир жол” демилгесинин 10 жылдыгына арналган форумга да өзү барган.

“КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН” ТЕМИР ЖОЛУ

Шавкат Мирзиёев менен Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрүндө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча практикалык иштерди тез арада баштоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Былтыр бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча иштер аяктаган. Бирок андан ары ишке ашыруу боюнча кандай чечим кабыл алынганы беймаалым.

Курулуштун баасы беш миллиард доллар деп бааланууда. Былтыр жыл соңунда Кыргызстан тарап долбоорду каржылоо модели боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан. Жакында эле Президент Садыр Жапаров аталган маселе боюнча маек берип, “бул долбоорду сырттан карыз алуу жолу менен эмес, башкача ыкма аркылуу ишке ашыруунун жолун издеп жатабыз. Темир жолду курууну жакынкы убакта баштайбыз” деген пикирин билдирген.

Ошентип Өзбек Президенти менен Кытай Төрагасынын сүйлөшүүлөрүндө бул долбоор «Бир алкак-бир жол»демилгесинин трансконтиненталдык, транспорттук жана транзиттик көпүрөнүн маанилүү түзүүчүсү болууга багытталганынан башка маалымат айтылган жок.

ЭКСПЕРТТЕРДИН ПИКИРИ

Эки өлкөнүн жалпы чек арасы жок, бирок Кытай үчүн Өзбекстан “Бир алкак-бир жол” демилгесинде өзгөчө орунду ээлейт. Бул тууралуу Ташкент экономикалык университетинин ректору Кунгратбай Шарипов билдирди. Анын айтымында өткөн жылы товар жүгүртүү 30 пайызга өскөн. 2017-жылдан бери Кытайдын жалпы инвестициясы беш эсеге көбөйгөн.

“Кытай байыркы Жибек-Жолун калыбына келтирүүнүн альтернатив жолдорун издеп жатат. Азыр Түштүк Азиянын рыногун алуу аталган күн чыгыш өлкөсү үчүн маселе жаратууда. Экинчиден Европага Россия жок чыгуунун жолдоруна муктаж. Ал үчүн жаңы темир жол маршруту керек. Аны ишке ашыруу үчүн Кыргызстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр менен жакшы мамиле зарыл”,-дейт Кыргызстандык аналитик Кубанычбек Таабалдиев.

Ал эми экономикалык серепчи Искендер Шаршеевдин пикиринде Борбор Азияда Орусиянын таасири басаңдап, Кытай таасирин жайылтканга аракет кылууда жана Борбор Азия аркылуу өзүнүн логистикалык маселелерин чечип жатат.

Автор: Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии