26.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитикаОкурмандар үчүн мыкты жаңылык - Кытай билим берүү жана маданият борбору жаңыланды

Окурмандар үчүн мыкты жаңылык — Кытай билим берүү жана маданият борбору жаңыланды

Сүрөттөр редакцияга таандык

25-январь күнү Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь Кыргызстандагы Кытай студенттери менен Алыкул Осмонов атындагы КРдин Улуттук китепканасынын Кытай билим берүү жана маданияты борборунда жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Кыргызстандагы 80ге жакын кытайлык студенттердин өкүлдөрү катышты. Муну менен катар эле аталган борборго Кытай элчилиги тарабынан китептер тапшырылды.

Элчи айым өз сөзүндө Кытай маданияты жана билим берүү борборунун жаңыланып, оңдоп-түзөлүп бүткөндүгү менен куттуктап, анын кытай маданиятын жакындан таанууну каалагандар үчүн орду өзгөчө экендигине токтолуп өттү.

Ду Дэвэнь: “Бул борбордо биз бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрдүк. Кытай элчилиги анын дагы заманбап болуп, өнүгүп-өөрчүсү үчүн өз салымын кошуп келе жатат. Дагы да колдой бермекчи. Бүгүн дагы китептерди өткөрүп берип жатабыз. Бул китептер жалаң гана кытай тилинде эмес, арасында англис жана орус тилдеринде дагы бар. Ушул китептер аркылуу кыргызстандыктар Кытайды, кытай маданиятын дагы жакындан таанып, үйрөнө алышат деп ишенем”, — деген ою менен бөлүштү.

Ошондой эле Элчи айым Элчиликтин атынан иш-чаранын катышуучуларына чын жүрөктөн каалоолорун билдирди. Ал Кытайдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү зор жетишкендиктерине жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдөгү акыркы ийгиликтерине токтолуп, КРдагы Кытай студенттерине Кытай менен Кыргызстандын достук мамилесин арттырууга болгон күч-аракетин жана билимдерин жумшоого белсенип киришүү керектигин айтып өттү.

Ал эми КР Улуттук китепканасынын директорунун милдетин аткаруучу Байсакова Нурия өз сөзүндө Кытай элчилигине ыраазычылыгын билдирип, аталган борбордун жаңылануусу окурмандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттардын түзүлүшүнө көмөкчү болгондугун айтып өттү.

Муну менен катар эле, алдыда Кытай билим берүү жана маданияты борборунда кытай тилин үйрөтүү курстарын дагы ачуу пландары бар экендигине токтолуп, Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүнү каалаган жаштардын саны жылдан-жылга көбөйүп жаткандыгын билдирди.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстанда билим алып жаткан Кытай студенттери сөз сүйлөштү. Өз сөзүндө студенттер Кыргызстандагы окуулары жана жашоосу тууралуу айтып беришти. Ошондой эле алар Улуу идеалдарга умтулуп, пайдалуу көндүмдөрдү өнүктүрүп, Мекенди өнүктүрүүгө жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы эзелки достукту чыңдоого салым кошо тургандыктарын билдиришти.

Борбор кытай маданиятын таанытууга зор салымын кошуп келүүдө

Кытай билим берүү жана маданияты борбору Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында 2012-жылы ачылган. Ал Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунун алдында уюштурулган.

Борбордун негизги максаты-Кытай маданиятын кеңири жайылтуу жана Кыргызстандагы бардык кызыкдар окурмандарга Кытай тилин үйрөнүү боюнча ар кандай булактарына кеңири мүмкүнчүлүк берүү, Кытайдын тарыхы жана маданияты боюнча билимин тереңдетүү жана кытай жазуучуларынын чыгармаларын окутуу болуп саналат.

КР Улуттук китепканасы маданият аралык байланыштарды, эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдө активдүү позицияны ээлейт. Акыркы жылдары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы гуманитардык кызматташтык кеңейип жана тереңдей баштады. Өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында билим берүү, илимий жана маданий чөйрөлөрүндө чыгармачыл байланыштар чоң өнүгүүгө ээ болду.

Улуттук китепкананын фондусунда 6 миллион дүйнө элдеринин 90 тилдүү адабият фонду, кытай тилиндеги адабияттар да бар. КЭРдин Кыргызстандагы Элчилиги КРнын Улуттук китепканасы менен активдүү кызматташып келе жаткандыгына бир топ жыл болду. Өз учурунда КЭР Элчилигинин маданий алмашуу алкагында китепкананын фондусуна китептердин коллекциялары, журналдар жана дисктер белекке берилген.

Кытай билим берүү жана маданият борборунун иши Кыргызстандын коомчулугун Кытайдын түрдүү тармактардагы жетишкендиктери, руханий мурастары, бай илимий жана маданий потенциалы менен тааныштырууга багытталат.

Борбордо кытай тилин үйрөнүү боюнча ар кандай булактарды табууга болот. Ошондой эле бул жерде конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, жолугушуулар, адабий жана поэтикалык кечелер жана Кыргызстан менен Кытай элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жана достукту чыңдоого өбөлгө түзүүчү башка иш-чаралар дагы өткөрүлүп келет.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии