26.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитикаКытайлык компания Бишкекке ири завод курат

Кытайлык компания Бишкекке ири завод курат

Жакында эле Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жетектеген делегация Кытайдын Чанша шаарында болуп, калаадагы экологиялык жактан таза, таштандыларды өрттөөчү Junxin Environment Protection  ири заводунун иши менен таанышып келди. Тараптар дал ушундай эле заводду Бишкек шаарына курууну макулдашты.

КАЛДЫКТАРДЫ ӨРТТӨП, ЭЛЕКТР АЛАТ

Былтыр ноябрь айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен  Junxin  компаниясынын башкы директору Дай Даогуо калдыктарды өрттөөнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү объекти боюнча кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюшкан.  Бул компания инвестор катары таштандыларды өрттөөчү завод куруу каалоосун билдирген.

Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, ошондой эле Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү  заводдун курулушунун долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгууда.

Капсуланы үстүбүздөгү жылдын башында жаз айларында салуу пландалууда. Курулуш процесси бир жарым жылга жакын убакытты алат.

ЧАНШАДАГЫ ЗАВОДДУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Чанша шаарындагы Junxin заводу таштандыларды кайра иштетип гана тим болбостон, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган илимий-изилдөө   иштерди да жүргүзөт. Завод жогорку технологияны колдонот. Калдыктардан электр энергиясын, курулуш материалдарын, жер семирткичтерди, биодизельдерди, ошондой эле сугат үчүн техникалык сууларды чыгарат.

Завод тамак-аш калдыктарын утилдештирүү, медициналык таштандыларды жана тиричилик таштандыларын утилдештирүү блокторунан турат. Ошондой эле таштандылар ныкталып, саны үч эсеге кыскарганда кайра жүктөө базасы бар.

Шаар боюнча таштандыларды чогултуунун бүт процессине, утилдештирүү, кайра иштетүү  процессине онлайн режиминде көз салууга болот. Чанша шаарындагы таштанды полигону жогорку технологиялар паркына айланган.

КЫТАЙ ИШКАНАСЫ ТҮЗ ИНВЕСТИЦИЯ КЫЛАТ

Чанша шаарындагы заводдун аналогун Бишкекке салуу үчүн шаар бийлиги карыз же насыя албай турганын калаа мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев билдирди. “Бул ишкана түз инвестиция салууну пландап жатат. Башкача айтканда мэрия карыз, насыя алган жок. Техника дагы сатып албайт. Кытайлык компания каражат салат, техниканы, жабдууну өзү сатып келип орнотот. Мэрия болгону жер берет. Ошондой эле  бул ишкана мусор завод же таштанды полигону деп аталбайт. Технологиялык парк болот”,-дейт мэрдин орун басары.

Ал курула турчу завод катуу таштандыларды, шаардык канализация калдыктарын, полигондогу фильтраттарды, күл жана башка калдыктарды жок кылуу менен алектенген улуттук жогорку технологиялык ишкана боло турганын кошумчалады. Андан тышкары Кытайлык өнөктөштөр Бишкек шаарына таштанды ташуучу эки унаа тапшырганын билдирди.

ТААЛАЙЫ ЖОК БИШКЕКТИН ТАШТАНДЫСЫ

Бишкек шаарынын таштандысын кайра иштетүү маселеси акыркы беш жылдан бери байма-бай көтөрүлүп келген көйгөйлөрдүн бири. Жылына бирден инвестор чыгып, келишимге кол коюлганы менен азырынча акыркы жыйынтыкты шаардыктар көрө элек.

Түбөлүк оттой түтөгөн таштанды полигонундагы жалын өчкөнүнө аз гана убакыт болду. Тоодой болгон таштандынын үстү топурак менен көмүлүп, үстүнө бак отургузабыз деген максат ишке ашканча, калааны жетектегендер катары менен алмашып кетүүдө. Эми Кытайлык компания баштаган демилгенин боосу бек болуп, Бишкектен чыккан таштандынын таалайы ачылса экен деген эле тилегибизди айткыбыз келет.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии