22.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитика“ЮКЦ” заводу балдарга майрам тартуулап, жергиликтүүлөргө көмөк көрсөттү

“ЮКЦ” заводу балдарга майрам тартуулап, жергиликтүүлөргө көмөк көрсөттү

Жаңы жыл алдында «Түштүк-кыргыз цемент» заводунун жетекчилиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө белек катары азык-түлүк таратты. Мындай жардамга ыраазы болгон тургундар заводдун жетекчилигине ыракмат айтып, ишине ийгилик каалашты.

«Рахмат! Катуу суукта сиз бизге жылуулук алып келип, жакшы жашоого үмүт бердиңиз. Ишиңиздерге ийгилик каалайм”. Мындай жылуу сөздөрү менен «Түштүк-кыргыз цемент» заводунун жетекчилигине ыраазычылык билдирген жаран Кызыл-Кыя шаарынын Жинжиген айылынын тургуну. Ал жаңы жыл алдында заводдон күнүмдүк тиричиликке керектүү ун, май, шекер сыяктуу азыктарды белекке алды.

“Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн эң зарыл болгон азык-түлүктөрдү алуу жаңы жыл алдында эң мыкты белек”,-дейт ал кубануу менен.

28-30-декабрь күндөрү “ЮКЦ” заводунун кызматкерлери белек таратуу менен алек болушту. Биринчи кезекте Үч-Коргон атайын билим берүү мектеп интернатынын окуучулары, Ноокат районундагы Кызыл-Булак айылынын “Алтын-Муун жеткинчек” балдар бакчасынын тарбиялануучулары жана Жинжиген айылынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү алышты. Ошондой эле заводдун кызматкерлери да унутта калган жок. Бардыгына белектерди “ЮКЦ” заводунун башкы директору Линь Вэй мырза менен бирге ыктыярчылар тобу тапшырды.

Ишкана жаңы жыл алдында мындай кубаныч тартуулаган саамалыкты көп жылдан бери уюштуруп келет. Үч-Коргон атайын билим берүү мектеп интернатынын окуучуларына 14 жылдан бери белек тапшырышат. Ал эми “Алтын-Муун жеткинчек” балдар бакчасы толугу менен заводдун камсыздоосунда.

Үч-Коргон атайын билим берүү мектеп интернатынын директору Ахроржон Юлдашевдин айтымында, аталган окуу жай 1976-жылы негизделген жана Баткен облусундагы өзгөчө балдарга турмуштук көндүмдөрдү үйрөткөн, социалдык адаптация кылган жалгыз адистештирилген мектеп болуп саналат.

“Андыктан “ЮКЦ” тарабынан 14 жыл катары менен белектер, курулуш материалдары, жабдуулар жана окуу куралдары түрүндө көрсөтүлгөн жардам-бул балдарга өлкөнүн толук кандуу жараны болуусуна мүмкүнчүлүк берет”,-дейт Юлдашев.

“Алтын-Муун жеткинчек” балдар бакчасынын директору Гүлбара Токторова, балдарга мээрим төгүү, аларга көңүл буруп, келечеги үчүн кам көрүү сөзсүз түрдө акыбети кайта турган жумуш экенин билдирди.

“Колу ачыктык, жоомарттык башкаларга да жуга турган касиет. Андайды көрүп, тарбия алган балдар кийин сөзсүз өздөрү кайрымдуу болуп чоңоё турганына ишенем”,-дейт балдар бакчасынын директору.
Жинжиген айылында кирешеси аз же негизги туруктуу кирешеси жок көптөгөн үй-бүлөлөр жашайт. Кээ бир үй-бүлөлөрдө майыптыгы бар балдар бар. Андыктан завод тарабынан майрам алдында аларга белек берип, көңүл буруу тургундардын маанайын көтөрүп, аз да болсо көмөк болорун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.

“ЮКЦ” заводунун башкы директору Линь Вэй компания мындан ары да муктаж болгон жарандарга колдон келген жардамын көрсөтө турганын айтууда. “Жергиликтүү тургундар биздин камкордугубузду сезиш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз. Бул биздин достугубузга салым кошот деп үмүттөнөбүз. Кытай менен Кыргызстан-ынак коңшу жана жакын дос өлкөлөр. Демек “ЮКЦ” жана ага жакын жайгашкан айылдар биргелешип, бул сөздү иш жүзүндө тастыкташы керек»,-дейт Линь Вэй.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии