20.1 C
Бишкек
Среда, 22 мая, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕНурадил Баясов: “Акыркы 10 жыл аралыгында Кытай КР экономикасынын негизги инвесторлорунун бири...

Нурадил Баясов: “Акыркы 10 жыл аралыгында Кытай КР экономикасынын негизги инвесторлорунун бири катары белгилүү”

КРдин Улуттук статистика комитетинин берген маалыматы боюнча 2022-жыл  үчүн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2021-жылга салыштырмалуу 4%га көбөйүп, 1 046,1 млн. АКШ долларын түзгөн. Мында келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен АКШ доллары менен 290,8 млнго көбөйдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (95%дан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү ишканаларына, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланыш чөйрөсүнө багытталган.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Түркияга (30,7%), Кытайга (26,3%), Нидерландга (5,9%) жана Улуу Британияга (2,8%) туура келген.

Учурда, жалаң гана сырттан ишкерлерди тартып келүү эмес, Кыргызстандын дагы продукциясын, кыргыз айыл чарба органикалык өндүрүмүн экспорттоо үчүн бир катар иштер аткарылып келет. Сырттан келген ишкерлерге Кыргызстанга иштөөгө шарт түзүп берүү, алар менен кызматташуу, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн өндүрүш ишканаларын көбөйтүүнүн үстүнөн дагы бир катар иштер аткарылууда.

Мына, дал ушундай багыттарда иш алып барып, ар кыл кызматтарды аркалоо менен эл аралык мамилелерди бекемдеп, сырткы жана ички инвесторлордун эң жакын өнөктөшү болгон мамлекеттик органдардын бири бул — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиги болуп эсептелет.

Ошондуктан, ушул жаатта Кытай Эл Республикасынын инвесторлору менен иштешүү багытында маалымат алуу үчүн аталган агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов менен маек курдук. Муну менен катар эле, “Бир алкак – бир жол” долбоорунун мамлекеттер аралык кызматташуудагы ролу жана маанисине дагы токтолдук.

— Быйыл “Бир алкак — бир жол” долбооруна 10 жыл толот. Бул мааракелүү жыл. 2013-жылы бул демилге Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан көтөрүлүп, жарыяланган. Долбоордун негизги максаты — биринчи кезекте инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу эл аралык соода-экономикалык мамилелерди бекемдеп, өөрчүтүү болуп саналат. “Бир алкак–бир жолдун” негизги идеясы жалпы Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашып, долбоорго катышып жаткан бардык өлкөлөр менен тынчтык мамиле аркылуу, биргеликте өнүгүүсүнө багытталган. Бул жерде жеке гана Кытай Эл Республикасынын эмес, аны менен өнөктөш башка өлкөлөрдүн дагы күчтүү экономикага ээ болуусуна өбөлгө түзүү башкы максаты экендиги маалым.

Белгилей кетсек, учурда “Бир алкак-бир жол” демилгесине 70тен ашык мамлекет катышууда. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Кыргызстан коңшу катары жана биздин тарыхый кызматташтыгыбызды, салт-санаабызды, Кытай менен болгон мамилелерди эске алуу менен, бул демилгенин алкагында биз ар түрдүү тармактарда, анын ичинде бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатканыбызды белгилегим келет. Бардык багыттарда жакшы жетишкендиктер бар, өзгөчө экономикалык тармакта дагы мыкты натыйжалар болууда.

Ал эми акыркы 10 жыл аралыгында Кытай Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги инвесторлорунун бири болгондугун белгилей кетүү маанилүү. Албетте, тике инвестициялар боюнча Кытай лидерлердин бири. Жылдан жылга бул тенденция дагы өсүп жатканын көрүп жатабыз. Учурда Кытай-Кыргызстан экономикалык жана соода-сатык, инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлоруна басым жасалууда.

Кытай капиталынын катышуусу менен экономикада жана башка тармактарда жаңы долбоорлорубуз бар. Бул дагы “Бир алкак–бир жолду” өнүктүрүүнүн бир бөлүгү. Бул жерде алдыда аткарыла турган стратегиялык долбоорлор бар экенин белгилегим келет. Мисалы, алардын бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Бул долбоордун ишке ашуусу Кыргызстандын транзиттик өлкө катары маанилүүлүгүн көрсөтүп, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жалпы оң таасирин тийгизет.

Ошондой эле, Бедел ашуусун бойлой жол куруу кызуу талкууланууда. “Бир алкак – бир жол” долбоорун биргелешип курууда Кыргызстандын инфраструктуралык шарттары кыйла жакшырып, эки тараптуу кызматташуулар ийгиликтүү өнүгүп жатканы белгилүү. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосундагы мамилелерде биз ишенимдүү өнөктөш, тарыхта болсо байыркы коңшулар экенибизди айтып кетүү ашыктык кылбайт.

Белгилей кетсек, быйыл Сиань шаарында “Борбордук Азия – Кытай” саммитинин алкагында мамлекет башчыларынын маанилүү жолугушуулары өткөн. Анда мамлекет башчылары маанилүү конструктивдүү диалог өткөрүштү. Биздин өнөктөштүгүбүз КЭР менен көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүккө чейин кеңейди. Бул жолугушуулардын алкагында аткарылган иштердин натыйжасында, экономиканын өнүгүшү, инвесторлордун жана ишкерлердин колдоосу, биздин өз ара аракеттенүүбүз жана өз ара пайдалуу кызматташуубуз жогорку деңгээлге көтөрүлмөкчү. Жөнөкөй тил менен айтканда, “Борбордук Азия – Кытай” саммити эл аралык кызматташуулардын өнүгүүсүнө жаңы бир импульс берип, жаңыдан жанданууга өбөлгө болду.

 Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, саммиттин жыйынтыгы боюнча биздин Кытай жергесине биздин бир катар иш сапарларыбыз болду. Мисалы, КРдин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин КЭР СУАРга болгон иш сапары эң маанилүү учурлардын бири болуп калды. КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй мырза менен жолукту, СУАРдын бизнес-делегациялары жана бизнес түзүмдөрү менен дагы жолугушуулары болду. Кашкардын алдыңкы ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу да ийгиликтүү өттү.

Ал эми мамлекет башчыларыбыздын ортосундагы макулдашуулардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун Сычуань шаарына иш сапары болуп өттү. Ал жерде маанилүү иш-чаралар өткөрүлүп, ошондой эле эң жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр болду. Ал Кытайдын экологиялык айыл чарба тармагындагы уникалдуу тажрыйбасы менен жакындан таанышып, коңшу мамлекеттин жаңы энергетикалык унааларын жана заманбап технологияларын көрүп чыкты, эки өлкөгө айыл чарба продукциялары менен сооданы кеңейтүүнү сунуштады. Ошондой эле Кыргызстанга алдыңкы технологияларды киргизүү ниетин билдирди.

Бул иш-чаралардын алкагында биз Сычуань провинциясынын бизнес түзүмдөрү менен да чоң бизнес форум өткөрө алдык. Бул дагы эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү багыт.

Ал эми жакында эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунда иш сапары менен болду. Ал жумушчу сапарынын алкагында “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” жарманкесине катышты.

Бул көргөзмө Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Себеби ал жакта эл чарбасынын ар кандай тармактарындагы, анын ичинде машина куруу, энергетика, экология, өнөр жай жабдуулары, курулуш технологиялары, электротехника, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, саламаттыкты сактоо жана медициналык техникалар боюнча товарлардын жана инновациялык иштеп чыгуулардын кеңири ассортименттери болот. Биз  дал ушундай жарманкелер аркылуу дагы кызматташуунун ар кыл багыттарын түзүп, эки тараптуу алаканы бекемдей алабыз деп ишенем.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Үрүмчү шаарында  17-21-август күндөрү Азия менен Европанын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган жарманкенин «Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023» аталышынын алдында өткөрүлдү.

Бул ЭКСПО Кытайда 2015-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат, быйыл негизги тема сооданы илгерилетүүгө арналды.  Көргөзмөгө 1,3 миңден ашык компания, анын ичинде дүйнөдөгү 25 өлкөнүн 500 алдыңкы компаниялары катышты.

Биз дагы ушул иш-чаранын алкагында СУАРдын ишкерлери менен бизнес-форум өткөрүп, Кыргызстанды жакындан таанытып, өлкөбүздүк инвестициондук жагымдуу шарттары менен бөлүштүк.

Муну менен катар эле, Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолукту.

Бул жолугушуу дагы жогорку достук маанайда өтүп, эки тарапты кызыктырган бир топ маселелер талкууланды. Бир катар документтерге кол коюлду. Мисалы,  Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосунда Сары-Жаз каскадын курууда кызматташуу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандумга, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы 500 кВ “Кемин-Торугарт” электр линиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндөгү Меморандумдун долбооруна кол коюлду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорт, логистика, почта байланышы, айыл чарба, туризм, маданият жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин карашты.

Чындыгында, дал мына ушундай жолугушуулар жакшы бир жыйынтыктарга алып келет деп ишенем. Ар бир ушундай кадамдар биздин Кытай Эл Республикасы менен достук алакабызды бекемдеп, эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө өбөлгө болуп бермекчи.

Эми биздин продукциялардын Кытай рыногуна кирүүсү боюнча кеп кылсак. COVID-19 эпидемиясынан кийин кытайлык керектөөчүлөрдүн жогорку сапаттагы, экологиялык таза жана органикалык продукцияга суроо-талаптары өсүүдө. Бардыгыбызга белгилүү болгондой Кыргызстандын экологиялык чөйрөсү абдан жакшы. Учурда жергиликтүү 29 компания экологиялык жана айлана-чөйрөнү коргоо продукциясын Кытайга экспорттоо укугуна ээ болду.

Агрардык тармакта Кыргызстан менен Кытай келишимге келип кыргыз балы баш болгон биздин продукциялардын 18 түрүн экспорттоо боюнча протоколго кол коюшту. Анда кургатылган мөмө-жемиш, ун жана башкалар бар. Кыргызстан бул багытта Кытай менен активдүү кызматташууну улантмакчы. Алдыдагы башкы максаттардын бири Кыргызстандын Кытайга экспорттолгон экологиялык таза продукцияларынын тизмесин кеңейтүү болуп саналат.

Бирок бул жерде Кытай рыногуна кирүү үчүн талапка жооп берген сертификатты бере ала турган лабороториянын жоктугу көптөгөн ишкерлерибиздин мүмкүнчүлүгүн азайтууда. Бул багытта дагы Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Дагы да болсо аны ишке ашыруу үчүн аракеттерди кыла бермекчибиз.

Кыргызстан тоо-сууга бай. Жаратылыш ресурстарынын басымдуу бөлүгү толук иштетилбей жатат. Ошондуктан бизде таза энергия өндүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Азыркы тапта кытайлык инвесторлор Кыргызстандын күн энергиясы, шамал энергиясы, гидроэнергетика жана башка кайра жаралуучу энергия боюнча долбоорлоруна чоң кызыгуу көрсөтүп жатат. Ошондуктан биз кытайлык инвесторлордун Кыргызстанга келип, инвестиция кылуусун толук колдоп, аларга ар тараптуу жардам берүүгө даярбыз.

Ушул жерден дагы баса белгилеп кете турган нерсе, Кыргызстан “Бир алкак- бир жол” долбоору боюнча маанилүү хабда жайгашкан. Ошондуктан биздин өлкө Кытай продукциясынын Евразиялык экономикалык биримдикке, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине жана Перс булуңунун рыногуна чыгуусу үчүн эң жакшы кирүү пункту болуп саналат. Бул дагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу алакаларын өнүктүрүүгө зор салымын кошмокчу.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Менчик укугун коргоо, ишканаларды жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул ишкерлерди, сырттан келген ишкерлерди колдоо багытындагы эң жакшы кадам деп эсептейм. Жарлыктын башкы максаты жеке менчик системасын сактоо жана бизнес операцияларына мамлекеттин ашыкча кийлигишүүсүн токтотуу, инвесторлордун ишенимин жогорулатуу жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү болуп саналат. Бул жарлыгы ишкерлердин Кыргызстанга инвестиция салууга болгон ишенимин арттырат деген ишеним бар.

Учурдан пайдаланып, дүйнөнүн канчалаган мамлекеттерин бириктирген “Бир алкак – бир жол” демилгесинин 10 жылдык мааракеси менен  коңшу мамлекетти куттуктайм. Бул долбоордун алгачкы гана кадамдары десек болот. Анын алкагында дагы далай мыкты иштер аткарылмакчы.

Сөзүмдүн соңунда, биз ар дайым сырттан, Кытайдан келген ишкерлер менен иштешүүгө даярбыз деп айтмакчымын. Аларга кандай маалымат, колдоо керек болсо, бизге кайрылса болот. Эң башкысы мыйзам чегинде эки тараптуу иш алып баруу зарыл. Жогоруда айткандай, “Борбордук Азия – Кытай” саммитинен кийин биздин кызматташуу алакаларыбыз жаңы бир импульс менен иштей баштады. Ошондуктан, алдыда дагы мыкты долбоорлор ишке ашып, байланыштар бекемдейт деп ишенем.

КРдин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров КЭР СУАР аймагында жумуш сапары менен болду (бокс-врезка)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумуш сапары менен болду. Бул тууралуу КРдин Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы СУАРдын жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анда эки тарапты кызыктырган бардык тармактар боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле, МинКаб Төрагасы “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПОнун ачылышына катышып ЭКСПОго мүчө өлкөлөрдүн павильондорун, анын ичинде Кыргыз Республикасынынын павильонун дагы көрүп чыкты.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери менен жолугуп, Үрүмчү шаарынын эркин экономикалык аймагына барды. Ошондой эле кытайлык ишкерлер менен жолугуп, кыргыз-кытай бизнес форумуна катышты.

Белгилей кетсек, жумуш сапары Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун чакыруусу боюнча уюштурулду, ал ушул жылдын март айында Кыргыз Республикасында болгон.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии