26.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕXVII Эл аралык “Оймо-2023” – Кыргызстанга мыкты уз-чеберлер чогулду

XVII Эл аралык “Оймо-2023” – Кыргызстанга мыкты уз-чеберлер чогулду

27-июль күнү кол өнөрчүлөрдүн эмгегин даңктап, эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого зор салымын кошуп, Чыгыш маданият диалогун түзгөн “Оймо” фестивалы бул жылы дагы бардык каалоочулар үчүн “уз-чеберлер дүйнөсүн” ачты.

Дал ушул күнү XVII Эл аралык “Оймо-2023” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалынын расмий ачылышы Бишкек шаарында болуп өттү. Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ринат Бакеев, Бишкек шаарынын вице- мэри Виктория Мозгачева, Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, “Оймо” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк эл аралык фестивалынын башкы директору Динара Чочунбаева, чет элдик жана жергиликтүү кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, ишкерлер катышышты.

Жарманкенин ачылыш аземине катышкан Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ринат Бакеев министр Алтынбек Максутовдун куттуктоо сөзүн окуп, фестивалдын уюштуруучуларына жана катышуучуларга ийгилик каалады.

Ошондой эле жарманкеге шаар тургундары жана чет элдик коноктор, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл  тармактардын өкүлдөрү катышты.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, жыл сайын фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Ооганстан, Индия, Кытай, Орусия, Иран, АКШ жана Мексикадан уз-чеберлер келип, алтын колдорунан жаралган эмгектерди эл назарына коюп келишет.

Фестивалдын максаты — маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин уландысын жандандыруу, кол өнөрчүлүк рыногун жана маданий мурастарга негизделген креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жана Кыргызстанды экологиялык жактан таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат.

“Оймо” – Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык маданий фестиваль. Салт боюнча жарманке Бишкекте ачылып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келет.

Быйыл дагы фестиваль  27-30-июль аралыгында Бишкекте Курманжан Датка эстелигинин алдында болуп өттү. Ал эми 1-3-августтарда Тамчы айылдык администрациясынын алдында уланып, 4-6-августта Чолпон-Атадагы ат майданында жыйынтыкталды.

Жергиликтүү жана сырттан келген меймандар жеке гана өз өлкөсүнүн мыкты кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери менен таанышпастан, ар түрдүү көргөзмөлөрдүн, этно-фэшн-иш-чараларынын күбөсү болуу менен бирге, бул багыттагы мастер-класс, конференцияларга катышып улуттук тамактардан дагы даам сызышты.

“Оймо” фестивалын “Кыргызстандагы Борбор Азия ассоциациясынын устачылыкты колдоо ресурстук борбору —CACSARC-kg” коомдук фонду өткөрүп келет. 2019-жылы аталган фестиваль туризм тармагындагы Kyrgyz Tourism Awards конкурсунда эң мыкты проект деп табылган.

Арпита Мадху: “Фестиваль эл аралык байланыштарды бекемдөөгө дагы зор салымын кошмокчу” 

Мен өзүм Индиядан келип, алгачкы жолу бул фестивалга катышып жатам. Өзүмдүн колумдан жаралган буюмдарды алып келип, көргөзмөгө койдум. Мага иш-чара абдан жакты. Бул жерден жеке гана маданият жаатында кызматташууну талкуулабастан, башка элдердин дагы маданияты, каада-салты, улуттук баалуулуктары менен дагы жакындан таанышууга мүмкүнчүлүктөр болду.

Чындыгын айтканда, мен мурун Кыргызстан тууралуу көп билчү эмесмин. Бир билгеним ал Борбор Азия мамлекеттеринин бири экендигинен гана маалыматым бар болчу. Азыр болсо, Кыргызстанды, элин өз көзүм менен көрүп жатам. Кыргызстан эли абдан жакты. Бул жакта Индиянын маданиятына дагы абдан кызыгышат экен. Көбү келип эле Индия тасмалары менен өскөнбүз деп жатышат. Биздин кино индустрия бул жакта абдан белгилүү экен.

Азыр, күн ысыкта биздин жеңил кийимдер жакшы өтүп жатат. Ошондой эле индия маданиятынын символикаларына кызыккандар көп болууда. Алдыда Кыргызстан-Индия дагы жеке гана маданият жаатында эмес, башка тармактарда дагы тыгыз кызматташат деп ишенем. Анткени канчалык мамлекеттер аралык байланыш терең болсо, ошончолук карапайым элдер арасында дагы карым-катнаш бекемдейт деп ойлойм.

Бул фестиваль эл аралык байланыштарды бекемдөөгө дагы зор салымын кошмокчу. Кийинки жылы дагы келип, катышууну максат кылып жатам. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген. иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирем.

Озод Бахрамов: “Буюмдарыбызга көп санда буйрутма кылгандар дагы бар” 

Жарманкеге мен экинчи жолу катышып жатам. Өзүм Өзбекстандын Бухара аймагынан болом. Ал эми бул жерде Фергана, Самарканддын дагы кол өнөрчүлөрү өздөрүнүн эмгектерин элге тааныштырууда. Ар бир аймактын өзүнүн өзгөчөлүгү болот эмеспи. Ошондуктан Өзбекстандын ар башка аймактарынан келдик.

            Бухара өзүнүн көк чайы, таттуулары, канжар-бычактары, килемдери менен дүйнөгө белгилүү. Ошондой эле улуттук идиш-аяктарыбыз менен дагы мактансак болот. Мен дагы бул жерге ушундай өзгөчөлүктөрүбүздү алып келдим. Жарманкеге келген элдер кызыгып көрүп жатышат. Эң башкысы бул буюм-тайымдар бардыгы кол менен жасалган. Ошончо эмгекти талап кылат. Андыктан эң жогорку сапатка ээ. Албетте, баасы бираз кымбатыраак болушу мүмкүн. Бирок аларды узак убакытка колдонууга болот. Азыр кээ бир буюмдарыбызды көп санда буйрутма кылгандар дагы болууда. Ошондуктан жеке гана жарманкеге катышып, өзүбүздүн маданиятыбызды таанытпастан, эки тараптуу кызматташууларга дагы жол ачылууда.

Кыргызстан эли өзүнүн жөнөкөйлүгү, меймандостугу менен жагат. Бул жакка көп эле келип жүрөм. Досторум дагы бар. Ысык-Көлгө келип, үй-бүлөбүз менен дагы эс алып жүрөбүз. Эң башкысы тынчтык болсун. Ушундай маданий иш-чаралар көбөйө берсин.

Тристан Грант: “Адамзат экологиялык таза “дүйнөнү” баалап калды” 

Биз досторубуз менен Улуу Британиядан келдик. Саякаттаганды абдан жакшы көрөбүз. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болдук. Быйыл болсо Борбор Азия мамлекеттерин кыдырып жүрөбүз. Бул жарманкеге кокусунан келип калдык. Ушунча мамлекеттин маданияты, кол өнөрчүлүгү менен бир жерден таанышып жаткандыгыма абдан кубанычтамын. Мага кыргыздардын кийизден жасалган эмгектери абдан жакты. Бул жерде жеке гана кол өнөрчүлүк менен таанышпастан, ошол элдин тарыхы, басып өткөн жолу, маданияты менен жакындан таанышып жатабыз. Ар бир эмгектин өзүнүн тарыхы бар экен.

Мындай иш-чаралар Европага дагы керек деп ойлойм. Себеби, адамзат азыр кайра жаратылышка кайтып, ашыкча химикат колдонулбаган буюмдарды, табигый боекторду, экологиялык таза “дүйнөнү” баалап калбадыбы. Ошондуктан бул жарманкенин келечеги дагы алдыда деп ойлойм.

Биз Өзбекстанда болдук. Эми Кыргызстандан кийин Казакстанга бармакчыбыз. Эч кандай кыйналган жокпуз, саякатыбыз абдан кызыктуу өтүүдө. Эң башкысы бул өлкөлөрдө билимдүү жаштар көп экендигин байкадык. Себеби, тил жагынан эч кыйналган жокпуз. Англис тилинде сүйлөгөндөр абдан көп экен.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии