34.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитикаМектеп окуучулары Кытай жаңы жылын белгилешти

Мектеп окуучулары Кытай жаңы жылын белгилешти

Быйыл 2023-жылы Кытай Жаңы жылы ай жылнаамасы боюнча 22-январда белгиленип башталды. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кытай Жаңы жылы Кытайда жана Чыгыш Азиянын башка өлкөлөрүндө кылым карыткан эң негизги жана узак мөөнөттүү майрам болуп саналат. Ошондуктан бул майрамга кытай эли өзгөчө көңүл бөлүп, өзгөчө шаан-шөкөт менен белгилеп келишет.

Чындыгында, Кытай жаңы жылы бул жөн гана майрам болбостон, анда кытай элинин кылымдарды карыткан маданияты, салт-санаасы чагылдырылат. Ошондуктан кытай тилин үйрөнүп, маданиятын жакындан тааныгысы келген окуучуларыбыз, жаштарыбыз дагы бул майрамды белгилеп келишет.

Алардын бири Бишкек шаардык №2 жалпы орто билим берүү мектеби. Бул орто мектеп окуучулары дагы коңшу мамлекеттин тилин, каада-салтын жогорку деңгээлде билип, алдыңкы окуучулары азыркы тапта Кытай Эл Республикасынын мыкты окуу жайларында билимин улантып келишет.

Үстүбүздөгү жылдын 3-февраль күнү дал ушул билим уясында чыгыш жылнаамасы боюнча белгиленген Жаңы жылдык  майрамдык кече ѳткѳрүштү. Бул иш-чара эң мыкты деңгээлде уюштурулуп, өзгөчө майрамдык маанайда өткөрүлдү. Кытай элинин улуттук бийлери көрүүчүлөргө тартууланып, жогорку баага татыды. Окуучулар кытай тилин гана эмес, кытай маданиятын дагы мыкты деңгээлде өздөштүргөндүгү белгилүү болду.

Мектеп директору Маразыкова Чынара Бейшенбаевна белгилегендей, мектепте Кытай жаңы жылдык кечесин ѳткѳрүү, кѳп жылдан берки жакшы сатка айланган.

Директор: — “Кытай тилин окутуу №2-жалпы билим берүү мектебинде 2010-жылдан бери  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетине караштуу Конфуций Институту менен маданиятуу макулдашуунун негизинде уланып келет жана ошондой эле Конфуций классы бекитилген.

Азыркы учурда мектепте бекер окутуунун негизинде ѳз ыктыяры менен  кытай тилин 6- класстан баштап, 11-класска чейин үйрѳнүшѳт. Окуучулар кытай тилин ѳтѳ чоӊ кызыкчылык менен окушат, жана сабакта ѳздѳрүнүн кызыгуусу менен активдүүлүгүн кѳрсѳтүшѳт”, — деп айтып өттү.

Чынара Бейшенбаевна билдиргендей, сабакты Кытай Эл Республикасынан келген волонтерлор жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетине карштуу Конфуций Институтунан келген окутуучулар ѳтүшѳт жана окуучулар үчүн ар кандай конкурс менен кечелерди уюштуруп турушат.

Мектепте Кытай тилине адистештирилген кабинет ачылган, жарык, телевизор, проектор, окуу адабияттары бар.

Директор өз сөзүндө: “Ар бир жылы биздин мектептин окуучулары ар кандай конкурсттарга, кечелерге жана тренингдерге катышып келишет. Кѳптѳгѳн мектеп бүтүрүүчүлѳрү кытай тилин үйрѳнүшкѳн жана кытай тилин үйрѳнгѳндүгү боюнча жогорку деӊгээлдеги күбѳлүк (тастыктама) алышкан. Бүгүнкү күндѳ кѳптѳгѳн мектеп бүтүрүүчүлѳрү Кытай Эл Республикасындагы ар кандай Жогорку Окуу Жайларында бекер билим алып жатышат.

Жыл сайын мектепте кыргыз-кытай достугу фестивалы ѳткѳрүлүп, анда окуучулар ѳздѳрүнүн активдүүлүгүн кѳрсѳтүшѳт. Мындай майрамдарга ар дайым Бишкек шаардык Билим Берүү Башкармалыгынан, Ленин райондук Билим Берүү борборунан, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Конфуций Институтунан урматтуу коноктордун ѳкүлү келип, конок болуп турушат. Ар бир майрамдан кийин альбом чыгарылып турат. Мындан нары дагы №2 жалпы орто билим берүү мектеби менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетине караштуу Конфуций Институтунун кызматташтыгы улана бермекчи”, — деп баса белгиледи.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии