34.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитикаСамат ИСАБЕКОВ, Бажы кызматынын төрагасы: “БАЖЫ КЫЗМАТЫ БЫЙЫЛ 117 МЛРД СОМ ЧОГУЛТАТ”

Самат ИСАБЕКОВ, Бажы кызматынын төрагасы: “БАЖЫ КЫЗМАТЫ БЫЙЫЛ 117 МЛРД СОМ ЧОГУЛТАТ”

Мамлекеттик бажы кызматы өткөн 2023-жылда коюлган планды ашыгы менен аткарды. Мындай ийгиликке жетүүдө ички тазалануу жана санариптешүү маанилүү роль ойногону айтылууда. Сооданын негизги көлөмү Кытай мамлекетине туура келгендиктен, эки өлкө бажы тармагында тыгыз кызматташып жатканын аталган кызматтын жетекчиси билдирди.

— Самат мырза, бажы кызматы былтыр алдыга койгон планды ашыгы менен аткарганы айтылууда. Сандар менен толук маалымат берсеңиз…

— Мамлекеттик бажы кызматы былтыр 12 ай ичинде 111 миллиард 503 миллион сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. План 103,6 пайызга  аткарылды же 3 млрд 904,4 млн сом ашыкча чогултулган. Бажы төлөмдөрүн алуунун мындай көрсөткүчү бажы кызматынын тарыхында биринчи жолу байкалууда. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда эле өсүү темпи 150 пайызды түздү же 37,2 млрд сомго көп чогултулду.

— Мындай натыйжага эмненин эсебинен жеттиңиздер?

— Мындай натыйжаларга жетүү үчүн бажы кызматы бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарындагы кубаттуулукту жогорулатуу, санариптик чечимдерди киргизүү, контрабандага каршы күрөштү күчөтүү, коррупциялык схемаларды жоюу боюнча комплекстүү иштерди жүргүздү. Маселен, бажы кызматы 2023-жылы бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 6 миңден ашык укук бузууларды жана кылмыштарды аныктады. Аныкталган зыяндын суммасы 1,2 млрд сомду түзгөн.

— Жогоруда сиз айткан гана факторлор роль ойнодубу же бажыдан өткөн унаалардын саны, жүктүн көлөмү көбөйдүбү? Балким бажы төлөмдөрү кымбаттаган чыгар…

— Унаалардын саны дагы, жүктүн көлөмү дагы мурдагы эле бойдон. Бажы төлөмдөрү анча-мынча эле корректировка болгону болбосо, ал деле өзгөргөн жок. Азыркы учурда унаалардын саны жана жүктүн көлөмү пандемияга чейинки көрсөткүчкө эми гана жетти. Андыктан, эч нерсе өзгөргөн жок деп айтсак болот.

— Демек, эч нерсе өзгөрбөсө, казынага түшө турган миллиондор  ушунча жыл кайсы бир аткаминер менен бажычыны байытып келген экен да…

— Ооба, тилекке каршы ошондой. Коррупциялык ар кандай схемалар бюджетке түшө турган акчаны сол чөнтөккө буруп турган. Кайсы бир клан, саясий топ гана бажынын пайдасын көрүп келген. Бирок, акыркы үч жылдан бери ишке ашып жаткан автоматташтыруу, адам факторун азайтуунун аркасы менен андай схемаларды жокко чыгардык. Негизгиси былтыр ички тазаланууга бардык. Ошонун аркасы менен жыл аягында реалдуу чындыкты көрсөттүк. Айтайын дегеним бажыдан түшө турган акча чындыгында кандай болушу керектигин далилдедик.

— Тазалануу деп калдыңыз, крим чөйрөгө жана коррупциялык схемаларга байланышы бар кызматкерлер жумуштан кеткени айтылууда. Алар кимдер жана кандай кызматтарда болгон?

— Мурдагы бажычы Раим Матраимовго жана криминалга түз же кыйыр тиешеси болгон 76 кызматкер иштен кетти. Алардын үстүнөн тыкыр текшерүү жүрдү. Качан гана толук ынанып, байланышы аныкталгандан кийин гана тазалануу башталды. Калпыс чечим кабыл алып, бирөөнүн убалына калбайлы деп текшерүүнү өтө кылдат жүргүздүк. Ал эми алар ээлеген кызматтарга келсек, бажынын бардык тармагында кенже, орто жана жогорку орундарды ээлегендер да болгон. Бүгүн алардан толук тазаландык десек болот.

— Ушул жылга алдыга коюлган план кандай?

— Үстүбүздөгү жылда 117 млрд сом деп пландап жатабыз. Быйыл бажы тармагында толугу менен санариптештирүүнү ишке ашырабыз. Ушул аракеттин аркасында коюлган планды да аткарсак болот, буюрса.

— Товарлардын келүүсүндө негизги көлөм Кытай мамлекетине туура келет да. Анан алардын статистикасы башка, биздин статистика башка чыгып келет. Сумманын айырмасы да абдан чоң. Эмнеден улам мындай болууда?

— Туура белгиледиңиз. Кыргызстанга товар келүүнүн 80 пайызы Кытай өлкөсүнө туура келет. Ал эми сиз айтып жаткан статистикадагы айырмага келсек, мындай көйгөй бизде эле эмес, башка шериктеш өлкөлөрдө да бар. Себебин түшүндүрсөм, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки өткөрмө пункту бар: Эркечтам жана Торугарт. Көбүнчө Эркечтам аркылуу транзит жүк өтөт. Биз аркылуу Өзбекстанга, андан ары үчүнчү өлкөлөргө кетет. Кытай тарап транзитти эсепке албастан өлкөгө кирген жүктүн жалпы статистикасын гана берет. Ошондуктан ушундай айырма чыгууда. Былтыр коңшу өлкөгө барганда бул тууралуу сүйлөштүк. Күзгү (зеркальный) статистиканы жүргүзүүгө макулдаштык.

— Кытай-Кыргызстан ортосунда эки өткөрмө пункту бар деп жатасыз. Мындан башка да өткөрүү пункттары ачылабы?

— Былтыр май айында өлкө башчысы Кытайга барганда кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрмө жайын ачуу тууралуу сүйлөшүлгөн. Тактап айтсам, Бедел ашуусунда ачуу пландалган. Аталган ашуу Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун чек арасында жайгашкан. Кытайдан Кыргызстанды карай өткөрүү пунктун жана жолду биргелешип куруу макулдашылган. Жакында эле коңшу өлкөдөн келген адистер изилдөө иштерин жүргүзүп кетишти. Андан тышкары жаңы жылдын астында эле жаңыланган «Торугарт-2» көзөмөл-өткөрүү пункту ачылды. Аталган көзөмөл өткөрүү жайы Кытайдын колдоосу менен курулган. Бүгүнкү күндө «Торугарт-2» комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты кыймыл тилкеси орнотулуп, жабык, жылууланган ангарлар салынып, бир эле учурда алты транспорт каражатына карата бажы көзөмөлүн жүргүзүүгө ыңгайлашат.

-Маектешкениңизге чоң рахмат. Жаңы жылыңыз менен!

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии