26.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойАналитикаКРСУда кытай тили жана маданияты борбору ачылды

КРСУда кытай тили жана маданияты борбору ачылды

21-ноябрь күнү Кыргыз-Россия Славян университетинде жаңыланган кытай тили жана маданияты борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Майрамдык иш-чарага университеттин жетекчилик курамы, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Кытай компанияларынын өкүлдөрү, салттуу кытай спорт түрлөрү федерацияларынын жетекчилери, КРСУнун жана Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери катышты.

Салтанатты КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Денис Фомин-Нилов ачты. Ал кытай тили жана маданияты борбору 1999-жылдан бери иштеп келгенин билдирди. Көп жылдар бою студенттерге сапаттуу билим берүүдө, тилди, маданиятты үйрөтүүдө барандуу салым кошконун белгиледи. Учурда кытайлык өнөктөштөрдүн жардамы менен кайрадан жасалгаланып, жаңыланып ачылганын айтты.

“Үч тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маанилүү. Буга байланыштуу биздин борбордун жаңылануусу Кыргызстан, Кытай жана Россия ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот. Борбордо кытай тилин өздөштүргөн студенттер гана эмес, башка факультеттердин студенттери да кытай тили менен машыгышат деп ишенебиз”, – деди Денис Фомин-Нилов.

Элчи Ду Дэвэнь  жаңыланган Борбор кытай тилин жана маданиятын үйрөнүп жаткан жаштар үчүн аянтча болуп, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достукту чыңдоого чоң салым кошоруна ишеним артты. Борборго маданий достукту символдоштурган китептерди жана эстелик скульптураны белекке берди.

Ачылыш аземден кийин Элчи айым университеттин чоң жыйындар залында Бишкек шаарындагы бир нече жогорку окуу-жайдын студенттерине дарс окуду. “Бир алкак-бир жол” демилгеси, 10 жыл ичинде ишке ашкан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

“Алкак жана жолду” биргелешип куруунун дүйнө жүзүндөгү тынчтыкка жана өнүгүүгө кошкон салымына токтолду. Кытай менен Кыргызстандын “кур жана жолду” биргелешип куруудагы жетишкендиктерин ар тараптуу көрсөтүп, анын эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алакага тийгизген таасирин атады. “Бир алкак-бир жолдун” негизинде ишке ашып жаткан жалпы дүйнөдөгү инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле аудиториянын суроолоруна жооп берип, Кытай өкмөтү Кыргызстанда ишке ашырып жаткан долбоорлорго кайрылды. Атап айтканда Бишкек шаарынын ички жолдорун кытай грантынын эсебинен реконструкциялоо маселесине кайрылды. Келерки жылда аталган гранттын 3-фазасын ишке ашыруу менен борбор шаардагы жол тыгынын азайтуу максатында, калаанын эки жерине эстокадалык көпүрө курула турганын билдирди.

Иш-чаранын соңунда Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнге Кыргыз-Россия Славян университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылды. Окуу жайдын жетекчиси дипломун тапшырып жатып, мындай чечимди университеттин окумуштуулар кеңеши кабыл алганын кошумчалады.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии