34.1 C
Бишкек
Суббота, 27 июля, 2024
ДомойВ КИТАЕКытайда “Ички Монголия – Борбор Азия менен өз ара пайдалуу кызматташтык” семинары...

Кытайда “Ички Монголия – Борбор Азия менен өз ара пайдалуу кызматташтык” семинары болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 6-10-сентябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын автономдук району болгон Ички Монголия аймагы дүйнөнүн ар тарабынан келген меймандарды тосуп алды. Дал ушул күндөрү салтка айланып калган “Кытай-Монголия” эл аралык көргөзмө форумунун 4-жарманкеси уюштурулду. Ал буга чейинки иш-чаралардын салттарын улай, эл аралык кызматташуу алакаларын бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратты. Форум Ички Монголиянын административдик борбору болгон Хух-Хото шаарында өткөрүлүп, “Ачыктыктын жаңы жолун куруу менен өнүгүүнүн жаңы жолдорун түзүү” темасынын алдында ишке ашырылды.

Дал ушул эл аралык жарманкенин алкагында 7-сентябрь күнү Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн саясий жана корпоративдик секторлорунун өкүлдөрү дагы жолугушуп, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты. Алар Кытайдын Борбор Азия мамлекеттери менен экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча семинарга катышып, “Ички Монголия — Борбор Азия менен өз ара пайдалуу кызматташтык” темасынын алдында талкууларды жүргүзүштү.

Бул иш-чарага Кыргызстандын атынан КРдин КЭРдеги элчилигинин өкүлү Торомаматов Жусубалы жана Кыргыз Республикасын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Бакиров Мамасадык катышты. Ошондой эле семинарга Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн саясий жана корпоративдик секторлорунун 200дөн ашык өкүлдөрү катышып, АКШ, Австралия, Бруней, Сингапур жана Монголиядан келген ишкерлер дагы БА мамлекеттери менен кызматташуу үчүн байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Ички Монголиянын Борбордук Азиянын беш мамлекети менен кургактыктагы “Жибек жолу” аркылуу тарыхый жана соода байланышы бар. Ошондуктан бул жолду кайра жандантуу, соода-экономикалык, маданий ж.б. тармактарда кызматташууну бекемдөө учурдун талабы экендиги шексиз. Мына ушундай максатты көздөй уюштурулган семинар чакырган тарап үчүн да, келген меймандар үчүн дагы өз ара достук мамилесин чыңдоого ташталган мыкты кадамдардын бири болуп калды.

Борбор Азиядан келген меймандар бул семинар Борбор Азиянын беш өлкөсү менен дүйнөнүн ортосунда пикир алмашуу үчүн эң сонун аянтча түзөрүн билдиришип, транспорт-логистика, мунай-газ жана туризм тармагында дагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү сунушташты. Муну менен эле катар, семинарда өлкөлөр ортосундагы инвестиция тармагына дагы көңүл бурулуп, жашыл экономика, санариптик экономика, энергетикалык экономика, электрондук коммерция жана акылдуу айыл чарба сыяктуу тармактарда дагы биргелешкен ишканалардын болушу учурдун талабы экендигине токтолушту.

Ички Монголиянын Саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Чжан Лэй белгилегендей, Борбор Азия өлкөлөрү эң сонун географиялык абалга жана бай ресурстарга ээ.  Ал: “БА мамлекеттеринде Ички Монголия менен кызматташууга эң сонун шарттар жана перспективалар бар. Ошондуктан бардык тараптар өз артыкчылыктарын максималдуу түрдө пайдаланып, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кызматташтык процессинде бири-бирин түшүнүүнү тереңдете алат”, — деген оюн билдирди.

Ал эми Кытай Эл Республикасынын Эл аралык сооданы илгерилетүү кеңешинин төрагасынын орун басары Чжэн Цзянган Кытайдын Борбор Азиянын беш өлкөсү менен экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча семинар “Бир алкак-бир жол” демилгесин колдоо жана аны жүзөгө ашырууга мыкты өбөлгө боло тургандыгын баса белгилеп өттү. Ошондуктан ушундай багыттагы жолугушуулардын мааниси абдан чоң экендигин билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында Ички Монголиянын Соода-өнөр жай палатасы менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда экономика жана соода тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

“Кытай-Монголия” жарманкеси – “Бир алкак-бир жол” демилгесинин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет (подзаголовок)

Ички Монголия Кытай талаасынын жана токойлуу аймагынын бай тарыхында жана анын  кеңдигинин фонунда кылымдар бою Жибек Жолунун өнүгүүсүнө күбө болуп келген. Соода жолунун боюнда жайгашып, ар түрдүү өлкөлөрдүн элдерин байланыштырып, достук мамилелерди, өз ара кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүп, бай маданий мурастарга өз салымын кошкон.

Ошондуктан, “Кытай-Монголия” эл аралык жарманкеси коомдук өнүгүүнүн, экономикалык кызматташтыктын маселелерин талкуулоого өбөлгө болуп, өлкөлөр арасындагы чыныгы достукту бекемдөөгө зор салымын кошуп келет. Жарманкенин алкагында өз ара пайдалуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн дагы жолугушуулар уюштурулуп жатты.

КЭРдин Соода министрлигинин ККП башкаруу тобунун мүчөсү жана министрдин орун басары Ли Фэй аталган иш-чаранын алкагында уюштурулган пресс-конференцияда экономикалык жана соода кызматташтыгын чыңдоого багытталган эки жылда бир өткөрүлүүчү бул жарманке Кытайдын “Бир алкак-бир жол” ири демилгесине катышкан өлкөлөр менен аймактардын кеңири камтылышына дагы салым кошуп жаткандыгын белгилеп өттү.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө 10дон ашык соода жана инвестициялык акциялар, конференциялар жана форумдар өткөрүлдү. Жарманке Кытай менен Монголиянын инфраструктура, тамак-ашты кайра иштетүү, алдыңкы өндүрүш, заманбап кызмат көрсөтүү, жаңы жашыл энергия, жаңы материалдар жана санариптик экономика сыяктуу тармактарын биргелешип өнүктүрүүгө түрткү бермекчи.

Көргөзмөдө сырттан келген компаниялардан сырткары, Ички Монголиянын артыкчылыктары жана мүнөздөмөлөрү менен энергетиканын көргөзмө аянтчасы жана өндүрүштүк жабдуулардын көргөзмө аянтчасы, ошондой эле жаңы унаалардын популярдуу көргөзмө аянтчасы, электрондук соода фестивалынын көргөзмө аянтчасы, өз ара соода зонасында импорттолгон товарлардын көргөзмө аянтчасы, Монгол товарларын сатуу үчүн көргөзмө аянты ж. б. орун алды.

Ошондой эле, сырттан келген меймандар Ички Монголиянын даамдарын татып, тамак-аш маданиятынын жумалыгына дагы күбө болушту.

Көргөзмөдө жалпысынан 20дан ашуун мамлекеттен 3000ден ашык ишкана, ошондой эле 27 провинция жана шаар катталды. Ички Монголия автономдук районунун элдик Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Ян Цзиндин айтымында, катышуучулардын саны быйыл жаңы максимумга жетти. Жарманке жалпысынан 92000 чарчы метр аянтты ээледи.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии