20.1 C
Бишкек
Среда, 22 мая, 2024
ДомойАналитикаХу Чжэньхуа: “Мага кыргыз калкы тарбия берди, менин университетим кыргыз боз үйү,...

Ху Чжэньхуа: “Мага кыргыз калкы тарбия берди, менин университетим кыргыз боз үйү, жайлоосу болду”

Мен Кытай жергесине барарымды билгенден кийин эле, эң биринчи кезекте профессор Мухаммед Ху Чжэньхуага жолугууну максат кылган элем. Ар качан Ху лаоши (“лаоши” сөзү кытайчадан кыргызчага которгондо мугалим дегенди түшүндүрөт) тууралуу окуп жүргөнүм менен ага жолугуп, баарлашуу изги тилегим болчу.

Белгилүү кытайлык түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу профессор Мухаммед Ху Чжэньхуа Пекиндеги Кытай Борбордук улуттар университетинин профессору. Ал Кытай кыргызологиясынын негиздөөчүсү, “Манас” эпосун жыйноо, которуу, изилдөөгө эбегейсиз эмгек сиңирген. Профессор бүгүнкү күнү дагы Кытай өлкөсүндө “Манас” эпосу, кыргыз эли тууралуу макалаларды даярдап, жарыялап, тааныштырып келет. “Манас”эпосунун вариантын япон тилине которуп, жарыялаган. Ошондой эле залкар манасчылардын бири Жусуп Мамайдын эмгегин тааныштырууда чоң эмгектерди жасаган.

Ху лаошинин эң бараандуу салымдарынын бири  – Сыма Цяндын эмгегине таянып, изилдеп чыгып, кыргыздардын келип чыгышын жана алардын тарых барактарында “Ге Гунь” деп атааларын белгилегени. Ушундай тарыхый документтерди изилдөө менен профессор Ху Чжэньхуа кыргыздар тууралуу алгачкы маалымат, биздин заманга чейинки 201-жылга таандык экенин далилдеген.

Ошондуктан Бээжинге болгон сапарымда Ху лаоши менен жолугушууга болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан, жакындан таанышуу үчүн болгон аракетимди көрдүм. Бул ишке кытайлык кыргыз, Кыргызстандын илим, журналистика чөйрөсүндө өз орду бар Дабыт Абдылбаары уулу жардам берди.

Чындыгын айтканда, профессор Ху Чжэньхуага жолугаарда абдан толкундандым. Өзү Кытай жараны, улуту дунган болсо дагы “кыргыз деп күйүп, кыргыз деп кызмат кылган” адамга жолугуу бир жагынан сыймык болсо, бир жагынан жоопкерчиликтүү болду. “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши”, — дегендей эле, мени өтө жөнөкөй даанышман “кыргыз аксакалы” тосуп алды. 92 жашка чыкса дагы акылы тунук, баскан-турганы шайдоот, сүйлөгөнү таза, жүзүнөн нур таамп турган Ху лаошиге жолуктум.

Баарлашуубузда жан дүйнө азыктанып, жолугушуу абдан жагымдуу маанайда өттү. Агай кыргызча сөздүн гүлүн терип сүйлөп, макалдаштырып, кыргыз маданиятын, каада-салтын, нарк-насилин айтып, “Манас” улуттун көөнөргүс казынасы экендигин баса белгилеп отурду. Албетте, макаламда бул маектин маанайын толук кандуу бере албасам дагы, бир үзүмүн сиздер менен бөлүшүүгө аракет кылдым.

Кыргыз эли менен болгон алгачкы таанышуу — “Өмүр бою кыргыздар үчүн иштейм” 

Чындыгында  эле мен Кытайда кыргыз тилин алгачкылардан болуп үйрөндүм. Мен эми сизге бул багытта аста-астадан айтып берейин. Быйыл 92 жашка чыгам. Сөзүм дагы тилим дагы мурунку убактагыдай эмес, учурда эми аксакалмын.

1951-жылы Кытайдагы улуттук азчылыктардын кадрларын жана улуттук азчылыктар үчүн кызмат кылуучу кадрларды тарбиялоо базасы Борбордук улуттар комитетинин жетекчилиги менен Кытай Улуттук институтунда түзүлдү. Дал ошол кезде Шаньдун университетинин Чет тилдер факультетинде Орус тили адистиги боюнча 2-курсунда окуп жаткам. Ошондо Кытай Улуттук институтунун уйгур тили адистигине сунушташты. 1953-жылы институттун жумушуна байланыштуу окуунун эрте бүтүп, институтта иштеп калдым. Ошол учурда мамлекеттен Синьцзянга барып кыргыз тилин текшерүү жана Кытайдагы кыргыз жазуусун түзүү боюнча пикир алууга адис жөнөтүү иши колго алынды. Институт жетекчилиги менин тил жагындагы артыкчылыктарымды эске алып, Синьцзянга (азыркы СУАР) барып, үйрөнүү, текшерүүгө мени жөнөтүштү.

Кулжа шаарында Ахматжан атындагы мектепте туруп, бир жактан мектеп балдарына кытай тилин үйрөтүп, дагы бир жактан Кызай аттуу кыргыз мугалимден кыргыз тилин үйрөндүм. Мектепте “Кытай-Совет достук китепканасы” деген чакан китепкана бар эле, мен бул китепканадан кеңири пайдалануума мүмкүнчүлүк бар эле, ошентип, андагы кыргыз тилиндеги китептерди жана гезиттерди окуй баштадым. Мектепке алыс эмес жерде Сталин мектеби аталышындагы орто мектеп бар эле. Ал жактан орус тилин да үйрөндүм. Кыргыз тилимди практикадан өткөрүү үчүн жергиликтүү кыргыздар менен маектешип, алардын үйлөрүндө конокто болдум. Улуттук жазууну түзүү тууралуу пикирлерди уктум, жергиликтүү элдин кыргыз тилин текшерүүмө кыргыздар чоң колдоо көрсөтүштү. Ошентип менин жашоомдо кыргыз элин жакындан таануу кадамдары башталды. Кыргыздын ак жүрөк, таза пейили, меймандостугу мага өзгөчө таасир берди. Кулжада, Көк-Терек айылында өткөн күндөр мен үчүн Синьцзянга, кыргыздарга болгон түшүнүгүмдүн, аларга болгон жакшы мамилемдин тереңдешине чоң өбөлгө болду.

Уйгур тилинен негизги маалыматым болгон үчүн жана көп аракет кылып, практикалык жактан үйрөнүп, үчүн Кулжа шаарында болгон 4 айда мен кыргыз тилинин грамматикалык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүп, күнүмдүк жашоонун деңгээлинде маектешүүгө жарап калдым.

Артыш шаарына баргандан кийин мени ошол кездеги облус куруу долбоорун иштеп жаткан жетекчилер ‒ Амантур Байзак жана Маметайса Айбердилер тосуп алды жана кыргыз тилчи адис Абдыкадыр Токторовдун үйүнө жайгаштырышты. Токторов экөөбүз облус курулгандан кийин ортого салынуучу улуттук жазуунун долбоорун жан үрөп иштей баштадык. Ал убакта Артышта кыргыз тилин атайын изилдеген коллектив да адис да жок болгондуктан, сунуш-пикирлерди алуу үчүн айрым окумуштууларды жана мамлекеттик кызматтагыларды чыкырдык. Алардын ичинде котормочу, чет өлкөдөн окуган башка тармактын илимпоз адамдар да бар эле. Пикир-сунуштарын бергендердин ичинен айрымдары Советтик Кыргызстандын жазуусун колдонуу сунушун көтөрсө, дагы кээ бирөөлөрү Жаңы Кытай курулуудан мурда айрым мектептерде сабак болуп өтүлгөн арап графикасы негизиндеги кыргыз жазуусун колдонууну сунушташты. Абдыкадыр Токторов экөөбүз болсо мамлекеттин учурдагы абалына туура келген, уйгур жана казак жазуулары менен графикалык бирдейликти сактаган, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн илимий деңгээлде туюнтуп бере алган жаңыча жазууну түзүп чыгууну демилгеледик.

Ошентип 1954-жылдын 14-июлунда Артыш шаарында Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун курулуу жыйыны салтанаттуу ачылды. Залда толтура киши. Мен сөз сүйлөп, облус тарыхындагы тарыхый окуяга күбө болдум.

Экинчи күнү Артыш шаарындагы бир орто мектепте улуттук жазуунун долбоорун талкууга коюу жыйыны болду. Маметайса Айберди жана Амантур Байзак баштаган жетекчилер, ошондой эле ар кайсы оодандардын өкүлдөрү жыйынга катышты. Талкууга коюу аркылуу биздин долбоорубуз көпчүлүккө жакты. Артынан коргошун басма менен ариптерди жана жазуу эрежесинин алгачкы нускасын басып чыгарып, облустук өкмөткө бердик. 1954-жылы күздө аталган долбоор облустук өкмөт жагынан Синьцзян өкмөтүнө сунушталды. 1955-жылы май айында Синьцзян Эл өкмөтү “Кыргыз жазуусунун жазуу эрежелерин жүзөлөштүрүү иш чара-чечими тууралуу  буйрукту” жарыялады. Ошол жылдан тарта кыргыз жазуусунун долбоору кыргыздын расмий мыйзамдуу жазуусу болуп колдонула баштады.

Синьцзянда турган бир жыл ичинде өмүрдүн унутулгус көз ирмемдери эсте калды. Кыргыз элин жакындан таанып, көп нерсе үйрөндүм, байландым. “Өмүр бою кыргыздар үчүн иштейм”, — дедим. “Кыргыздар абдан аз, ушунча аз сандагы эл үчүн иштейсиңби”, — деп дагы айткандар болду. “Ооба, иштейм. Саны аз болсо дагы бир улут”, — дедим. Биздин партиянын саясатында ар бир улут баалуу. Улуттун саны аз, көп болгондугуна карабастан, бардыгына бирдей карайт, бирдей мамиле кылат. Мына ошондон тарта кыргыз агартуусу үчүн, тили жана маданияты үчүн тиешелүү деңгээлде салымымды кошуп келем.

“Манас” бул кыргыз элининин адамзаттын өнүгүүсүнө кошкон салымы 

Жогоруда айткандай, 1953-жылдан тартып азыркы мезгилге чейин кыргыз тилин изилдеп, үйрөнүп келе жатам. Кыргызчаны үйрөнүп жүрүп “Манасты” уктум. Алгач аны укканда түшүнө алган жокмун. Кийин уксам, бул чоң эпос экен. Кыргыздар жүргөн жердин бардыгында “Манас” айтылат экен. Майрам, аш-тойдун бардыгында “Манас” айтылгандыгына күбө болдум. “Манасты” үйрөнүп, изилдеп баштаганыма быйыл толук 50 жыл болду. Менин оюмча “Манас” бул кыргыз элининин адамзаттын өнүгүүсүнө кошкон салымы. Мунун мааниси абдан чоң. Ошондуктан биз аны дүйнөгө таанытып жүрөбүз. Мен дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө барганда, “Манас”, Жусуп Мамай тууралуу макала жазып, таанытып келем. Эпосту япон тилине дагы котордук. Франция, Турцияда, Германияда дагы ушул багытта иштерди аткарганбыз. Кыргызстанда дагы “Манас” боюнча көп айтып жүрөбүз.

Менин оюмча биз “Манастан” көп нерсени үйрөндүк. Биринчи ынтымак. Кырк чоронун ынтымагы болбосо, жеңиш дагы болбойт эле.  Эпосто ынтымак темасы мыкты ачылган. Экинчиси улууларга болгон сый-урмат. Анда насыят, тарбия багытында дагы үлгү алчу жерлер абдан көп. Эң эле маанилүү көрүнүш катары Манастын Бакай аксакалга болгон урмат-сыйын үлгү катары алууга болот. Үчүнчүсү – бул музыка. Менин билишимче эпос 24 үн менен коштолот. Бул жерден кыргыздардын ырларын, музыкасын дагы изилдесе болот. Мындан сырткары кыргыз элинин кылымдарды карыткан үрп-адат, салт-санаасы, улуттук тамак-аштар. Ал жерде жалгыз эле беш бармак, нарын эмес, башка дагы тамак-аштар бар.

Ошондой эле “Манасты” философия жагынан дагы анализ кылышыбыз керек. Мисалы, Кытайда белгилүү ойчул, даанышман Конфуцийдин акыл-насааттары аркылуу элге тарбия берет. Биз дагы “Манастагы” улуу ойлорду казып, анализдешибиз керек. Илимий киши болгондон кийин “Манасты” жакшы билишибиз зарыл. Кыргыз болгондон “Манасты” билүү бул – милдет, манасчы болбосо дагы эпосту окуп, үйрөнүү абзел. Кыргыз менен “Манасты” эки ажыратып кароого мүмкүн эмес, бул бир бүтүн.

Негизи эле кыргыз адабияты абдан бай. Мен кыргыздардын макалдарын абдан жакшы көрөм. Мисалы, “Суу ичкен кудукка түкүрбө”. Кытайларда дагы дал ушундай, окшош макал бар. Демек, ким жардам бергенин унутуп калбоо керек. Мага кыргыз калкы тарбия берди, тилимди кыргызча чыгарды. Менин университетим кыргыздардын боз үйү, жайлоосу. Мен жогоруда айтылган макалды ар дайым эстейм. Кыргыздар мага жардам берди. Албетте, мен дагы кыргыз эли үчүн кызмат кылам. Мына азыр мен профессормун, кыргыз балдарына билим, жардам берем. Эми бир жагынан жардам берем, бир жагынан дагы да болсо кыргызча үйрөнүп келем.

Кыргыздар менен бир үй-бүлө болуп калдык 

Синьцзяндан Бээжинге келген кыргыздарга көп жардам берип жүрдүк. Мурунку убакытта көпчүлүк кытайлык кыргыздар тил билишчү эмес. Алар борборго келээрде кичинекей кагазга менин аты-жөнүмдү гана жазып, таап келген учурлар болгон. Өзүңүздөр билгендей, баары бир чоң шаарда таанышы болбосо кыйын эле. Дарыгерлерге келгендер болду, бардыгына жардам берип жүрдүк.

Муну менен катар эле, ата-энеси Синьцзянда болуп, уул-кызы Бээжинде окууда жүрүп, бирөө  сүйлөшүп калса дагы мага: “Ал кандай бала, кандай кыз”, — деп сурап чалган кездер болот. Чындыгында мамилебиз жакшы. Кыргыздар менен бир үй-бүлө болуп калдык. Эмне үчүн? Мен кыргыз үчүн иштейм, алар мени кыргыз катары көрүшөт. Жалгыз эле Кытайдагы кыргыздар менен эмес, Кыргызстандагы кыргыздар менен дагы мамилем абдан жакын.

Мен кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу дагы макала жазып, өзү менен дагы баарлашып калгам. Түгөлбай Сыдыкбеков менен дагы бирге даам сызып калдык. Ал киши жазуучулар союзунун мүчөсү кезинде, Жусуп Мамай тууралуу айтып,  манасчынын Кыргыз жерине келип кетүү тилегин билдирип, ушуга көмөк болууга өтүнгөм. Ошондо алгачкы жолу кыргыз жергесине Жусуп Мамай Түгөлбай Сыдыкбековдун жардамы менен Союз убагында келген эле.

Ошондой эле Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору Аман Саспаев  менен жакын дос болдук. Ал Бээжинде мугалим болгон. Аман Саспаев колхоздоштуруу мезгилинде үй-бүлөсү менен Кытайга келип, балалыгы ушул жерде өткөн. Кийин кайрадан Кыргызстанга кайтып кеткен. Ал “Кытайча-кыргызча сөздүк” жазып, аны басып чыгарууга таппайбыз. Ошондо биз Кытайдын Кыргызстандагы элчисине кайрылып, анын жардамы менен “Кытайча-кыргызча сөздүктү” чыгардык эле.

Бир жагынан кыргыз калкы мага тарбия берди, бир жагынан мен дагы бираз кызмат кылдым. Жакшылыкты унутпоо керек. Мейли кытайлык кыргыздар, мейли кыргызстандык кыргыздар болсун, мен бардыгын тең жакшы көрөм, урматтайм.

Жусуп Мамайдын Бээжинге сапары — “Тишин салдырып бүттүк, эт-сүт болуп жатты, аксакал бизге ыраазы болду”

Кытайда Маданий революция болгон учурда Жусуп Мамай көп зыян тартып калган. Чындыгында ал жөн гана манасчы, карапайым адам. Эч кандай саясатка тиешеси жок болчу. Бирок ал “тыңчы, Советтер союзу менен мамилеси бар” деген сыяктуу ар кандай жалган жалаанын айынан бир топ кыйналган экен. Анын ал-абалын укканда мен борбор тарапка кат жаздым. “Манас” тууралуу айтып, анын кытай маданиятына кошкон салымын жазып, кырдаалды түшүндүрүп бердим. Ошондо жогорку жак бул каттан чыныгы кырдаалды түшүнүп, “Биздин саясат мындай эмес. Биз жардам беришибиз керек”, – дешти.

Ошентип мени 1978-жылы Синьцзянга жиберишти.  Ал жакка барсам, чын эле Жусуп Мамай көп кыйынчылык көрүптүр. Тиши жок. Жергиликтүү бийлик менен сүйлөшсөм, тегерегиндегилер эле “ушундай” деп жеткиришкен дешти. Ал жак менен сүйлөшүп, түшүндүрүп, анан Жусуп Мамайды Бээжинге алып келдим.

Ал убакытта манасчы 60 жашта болчу. Кары киши күчтүүлөп тамак жеп, шорпо ичпесе болбойт. Ошол кезде Бээжинде бир кишиге 250 грамм май, 250 грамм эт берет эле. Сүт жок. Кыйынчылык учур. Бирок жубайым абдан түшүнүктүү. Ал дагы дунган, аты Фатима. Ошондо экөөбүз биздин билет менен бир сөөк алып, шорпо кылып берип жүрдүк. Аксакал бизге бираз көнүп калды.

Анан “Манас” айтканын жаздырып жатканда, тиши жок болгону үчүн сөздөрдү так айта албай кыйналды. Тиш доктурга алып бардык. Тиш салдырганга бир-эки ай кетти. Кары киши болгондуктан,  жумуш күндөрү атайын унаа таап алып барып жүрдүк. Кийин тиш салып бүттүк, эт-сүт болуп жатты, аксакал бизге ыраазы болду. Мурун “Манастын” 7-8-муунун айтчу эмес эле, андан кийин көнүшүп, баарын байкагандан кийин толугу менен айтып калды. Жетекчилик менен көрүштү, бардыгы өзгөчө урмат менен мамиле кылып, сыйлап жатышты.

Андан соң Жусуп аксакал мага: “Мухаммед сен дагы мусулман, мен дагы мусулман. Мен бир ажылыкка барып келсем”, — деген тилегин билдирди. Бул тилегин дагы жогорку жак менен сүйлөшүп, Кытайдагы Ислам коомунун жетекчиси менен жолугушуп, аксакалдын ой-максатын орундатып ажылыкка жибердик. Жусуп Мамай Өкмөткө өз ыраазычылыгын билдирди. “Манасты” толугу менен жаздырдык.

“Балдарым сыйлап турат, ошондуктан ден соолугум жакшы” 

Мен таңкы төрт жарымда ойгонуп алып, бир-эки саат иштейм. Ушул мезгил мен үчүн “алтын убакыт”. Жети жарым же сегизге чукул сүт ичип, жумуртка жейбиз. Андан соң жарым сааттай сыртта басып келем, кайрадан иштейм. Түшкү тамактан кийин эс алам. Бир саат-бир жарым сааттай уктасам дагы, уктабасам дагы эс алып жата берем. Андан кийин кайрадан сыртка чыгып, бираз сейилдейм.

Кечинде жарым саат телевизор көрөм, күндөлүк толтурам. Жаш кезимден бери күндөлүк толтурууну адатка айланткам. Ар жылы бир калың китептей болот. Жаш убакытта күндөлүктү узун жазчумун. Азыр болсо зарыл болгон нерселерди гана кыскача жазам. Менин жубайым болсо күн сайын алган продуктунун баасын жазат. Сүт, калемге чейин тизмеленет. Ошондуктан турмуш кыйындаганда кыйналбайбыз. Себеби план бар.

Төрт балам бар. Учурда ар бири өз ордун тапкан. Эки балам профессор, бирөөсү университетте декан. Бир кызым пенсияга чыкты. Кичүү кызым Японияда кытай тилинен сабак берет. Алардын турмушу жакшы, ошондуктан биздин турмуш дагы жакшы. Балага биз акча бербейбиз. Биздин балдарыбыз бизге урмат кылат. Үй-бүлөнүн ичинде урмат-сый бар. Туугандар, коңшулар, кесиптештер “Профессор Хунун балдары жакшы” деп мактайт. Ошондуктан менин ден соолугум дагы жакшы. Эгерде уул-кызың начар чыкса,  ата-эненин көрү жакын болот. Эң негизгиси жубайымдын балдарга берген тарбиясы жакшы.

Сөзүмдүн соңунда, сизге, сиздин редакцияга узак убакыттан бери кыргыз-кытай кызматташтык алакасын, элдердин достугун чыңдоого кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирмекчимин. 2022-жылы Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстан дипломатиялык кызматташуунун 30 жылдыгын белгилешти. Бул жылдар аралыгы бардык тармактарда кызматташуу чыңдалып, өнүктү. Алдыда дагы эки коңшу мамлекеттин достугу өнүгүп, кызматташуу алакалары кеңейе берсин!

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии