23.1 C
Бишкек
Пятница, 17 мая, 2024
ДомойАналитикаБиологиялык коркунучтардан коргонуу, алдын-алуу заман талабы

Биологиялык коркунучтардан коргонуу, алдын-алуу заман талабы

16-июнь күнү Бишкек шаарында “Ой Ордо” Эксперттик демилгелер борбору  “Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдары глобалдык чакырыктардын шартында биологиялык коркунучтардан коргонуу фактору катары” деген темада тегерек стол өткөрдү. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, бейөкмөт сектордун өкүлдөрү, эксперттер жана журналисттер катышты.

Акыркы 3 жылдын ичинде Кыргызстандагы биологиялык коопсуздук темасы өлкөнүн коомдук күн тартибинде улуттук коопсуздуктун эң артыкчылыктуу маселелеринин бири болуп калды. Бул тууралуу тегерек столдун жүрүшүндө “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борборунун директору, саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди. Анын айтымында, буга биринчи кезекте коронавирустук пандемия таасир эткен.

“Албетте, буга биринчи кезекте коронавирустук пандемия таасир этти, буга чейин биздин “Ой Ордо” борбору өткөргөн форумдар көрсөткөндөй, COVID-19 Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн көптөгөн эксперттери тарабынан катардагы көрүнүш катары эмес, вирус, бирок биологиялык куралдын элементи катары кабыл алынган. Ушуга байланыштуу, өкмөт тарабынан иштелип жаткан Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздугу жөнүндө мыйзамдын биринчи долбоору жарандардын ден соолугун ушул чөйрөдөгү өсүп жаткан заманбап чакырыктардан жана коркунучтардан коргоонун ишенимдүү укуктук механизмин түзө турган башкы курал болмокчу. Мыйзам чыгаруу демилгелери өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууда ишенимдүү калкан болуп, бул темада эл аралык кызматташууга байланышкан маселелерди жөнгө салууга тийиш.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда 2011-жылы канадалык биологиялык лабораторияны Бишкекке жайгаштырууга караманча каршы чыккан өлкөбүздүн коомчулугунун пикирин эске алуу зарыл, анткени ал биздин улуттук кызыкчылыктарга жооп бербейт”, — деп белгиледи Игорь Шестаков.

Модератордун “бул мыйзам долбоорунда Кыргызстанда чет өлкөлүк биологиялык лабораториялардын пайда болушун караштырабы?” деген суроосуна жооп берип жатып, Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары, биологиялык коопсуздук жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун төрагасы Нурболот Үсөнбаев мыйзамга биологиялык тобокелдиктерге байланышкан ар кандай аспектилерге тиешелүү жөнгө салуу механизмдери киргизиле турганын түшүндүрдү. Ошону менен бирге ал республикада эксперименталдык биотехнологиялардын доктринасы жок экендигин баса белгиледи.

Ал: “Маселе эксперименталдык типтеги эмес, заманбап лабораторияларды курууга тиешелүү болушу мүмкүн. Кеп диагностикалык бөлүгүнө багытталган болгон потенциалды күчөтүү жөнүндө болуп жатат. Бул жагынан артта калбашыбыз керек, ар кандай вирустарды, оору козгогучтарды таанып, аныктай билишибиз керек. Азыр биздин алдыбызда гана эмес, бүткүл дүйнөнүн алдында да глобалдуу милдеттер пайда болууда. Мисалы, 24 сааттын ичинде оорунун козгогучунун себебин аныктоо, 4 күндүн ичинде тесттик системаларды ишке киргизүү. Кандайдыр бир адаттан тыш очоктор пайда болсо, биз аларды өз убагында аныктап, аларды таанып, каршы аракеттене башташыбыз керек.

Мыйзам биздин өлкөдө бул милдеттерге ылайык келген потенциалды калыптандырууга көмөк көрсөтөт. Мыйзам күнүмдүк диагностикалык микробиология лабораторияларына тиешелүү. Биологиялык лабораториялар өзүнчө бир доктрина, алар бизде болобу же жокпу, бул биздин бийликтин саясий чечимдеринен көз каранды”, -деп кошумчалады.

Нурболот Үсөнбаев алдыңкы технологияларды колдонууга жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген заманбап лабораториянын болушу эч бир өлкө үчүн жаман эмес экенин белгиледи. Маселе мындай объектти кантип жана кандай каражаттар менен сактоодо турат.

Ал: “Эгерде канадалыктар биологиялык лабораторияны куруп, бизге өткөрүп беришсе, ошол эле күнү аны иштетүү үчүн гранттарды издей баштамакпыз, кайсы жерде грант болсо, анда белгилүү бир шарттар бар. Бай өлкө болгон Казакстан деле мындай объектилерди өз алдынча кармай албайт. Ошондуктан биз биологиялык лабораторияны курууну ойлогон жокпуз, бирок биз өнөктөштөрүбүзгө заманбап диагностикалык лабораторияны курууну сунуштай алабыз, анткени, мисалы, 1960-жылы курулган лабораторияда иштөө кыйын. Ал заманбап талаптарга жооп бербейт. Ал эми Караколдо 19-кылымда курулган лаборатория бар – бул жыгачтан жасалган имарат, ал мурда соодагердин үйү болгон. Эми ушундай шарттарда биз чума жана башка коркунучтуу козгогучтар менен иштеп жатабыз. Албетте, бул бизди тынчсыздандырат, — дейт инфекционист.

Ошол эле учурда, ал микробдор менен эксперимент жүргүзүү, аларды өзгөртүү бүгүнкү күндүн милдети эмес деп ишендирди.

“Менимче, биолаборатория маселеси бүгүнкү күнгө алынып салынды, биз аны менен алектенбейбиз. Бирок бизге диагностика жана микробдорду дифференциациялоо керек. Эгерде кандайдыр бир эпидемия болгон болсо, инфекция бизге мүнөздүүбү, же сырттан алып келиндиби, кырдаалга баа берип, тиешелүү адекваттуу чараларды көрүшүбүз керек”, — деп кошумчалады Н.Үсөнбаев.

Аналитик, медицина илимдеринин кандидаты Бактыбек Саипбаев белгилегендей, биологиялык коопсуздук маселеси өтө көп кырдуу, ошондуктан аны чечүүгө ар кандай адистерди, дарыгерлерди гана эмес, атайын кызматтын ардагерлеринен да адистерди тартуу зарыл. Мисалы, аларда жарандык адистерге жетпеген маалыматтар бар.

Анын айтымында, азыркы кездеги көптөгөн оорулар, анын ичинде өлүмгө алып келүүчү жогорку даражадагы айыккыс оорулар белгилүү бир топтун вирусологдорунун иштеп чыгууларынын натыйжасы болуп эсептелет.

Бактыбек Саипбаев: “1980-жылдары мен СССРдин Саламаттык сактоо министрлигинин үчүнчү башкармалыгынын биофизика институтунда иштечүмүн, ал башка иштер менен катар өзгөчө коркунучтуу инфекциялар менен да алектенчү. Биз биринчилерден болуп SARS учурларын изилдөөгө туш болдук, алардан адамдар күтүлбөгөн жерден жана өтө тез өлүп калган учурлар болду. Жыйынтыгында бул оорулардын күнөөкөрү адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу экени билинди. Андан кийин, жабык каналдар аркылуу, алар бул вирус менен иштешкени, б.а. кыязы, бул вирусология тармагындагы аскердик адистердин ишинин натыйжасы экендиги белгилүү болду.

Микроорганизмдер, вирустар ж.б. азыркы кездеги гибриддик согуштун шарттарында массалык кыргын салуучу куралдардын негизги түрүнө айланууда. Жана бир нече жыл мурун эле фантастикадай көрүнгөн нерсе, бүгүн барган сайын айкын болуп баратат.

Азыр чыныгы биологиялык согуш жүрүп жатат. Күтүлбөгөн жерден бизде сибирь жарасынын очогу пайда болду, анан күтүлбөгөн жерден чума эпидемиясы жөнүндө сөз болуп кетти, Эбола вирусунун эпидемиясы чыкты.

Ошол эле учурда вирусологдор, микробиологдор, бактериологдор адамзат мындан да коркунучтуу инфекцияларга туш болорун айтышууда. Алдыда бизди өтө олуттуу сыноолор күтүп жатканы айкын болуп калды. Бул биз жалпы коопсуздук системасын бекемдешибиз керек дегенди билдирет, — деген ою менен бөлүштү.

Өз кезегинде КР Жогорку Кеңешинин депутаты Динара Ашимова биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жалгыз иштелип жаткан мыйзам долбоору жетишсиз экенине көңүл бурду.

“Бизге мыйзам долбоорлорунун пакети керек. Жазык жана административдик кодекстерге, ошондой эле биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу менен алектене турган ар кандай мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү көптөгөн мыйзамдарга жана мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл”, — деп белгиледи парламентарий.

Буга байланыштуу ал Жогорку Кеңеште спикердин алдында Климаттын өзгөрүүсүнүн шартында Туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлүп, иштеп жатканына көңүл бурду. Анын курамында жеке гана депутаттар эле эмес, министрлер, УКМКнын өкүлдөрү ж.б. дагы бар экендигине токтолуп өттү.

“Менимче, биологиялык коопсуздук маселеси Кеңештин ичинде талкууланышы керек, анткени мыйзам долбоору депутаттар тарабынан көп суроолорду жаратышы мүмкүн. Ошондуктан мындай болбош үчүн долбоордун үстүндө чогуу иштешибиз зарыл, — деп сунуштады Д.Ашимова.

Талкууланып жаткан теманын актуалдуулугун баса белгилеп, Динара Ашимова курчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экология азыр катуу жөнгө салууга муктаж экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө мамлекеттин биологиялык коопсуздугу микроорганизмдер жана пандемиялар гана эмес, ошол эле террористтер биологиялык куралды жакшы колдонушу мүмкүн деген түшүнүк бар экенин эске алуу зарылчылыгына дагы токтолду.

Чындыгында, дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын туруксуздугу көптөгөн мамлекеттер аралык келишимдерди жокко чыгарып, эл аралык укук системасын бузуп жаткандыгы белгилүү. Бул өз кезегинде дүйнө өлкөлөрүнүн алдында жаңы глобалдык коопсуздук чакырыктарын жаратууда. 10 жыл мурун фантастикалык көрүнгөн коркунучтар азыр толугу менен реалдуу болуп калды. Булар, биринчи кезекте, COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, ар бир өлкөнүн ичинде да, аймактык бирикмелердин ичинде да биологиялык коопсуздукту чыңдоо боюнча катуу чараларды көрүүнү талап кылууда.  Ошондуктан бул болуп өткөн тегерек столдо абдан көп ой-пикирлер айтылды. Улуттук коопсуздук маселеси дагы талкууланды.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии