16.1 C
Бишкек
Среда, 23 апреля, 2025
ДомойБИШКЕККылым карыткан гезиттин корифей калемгери     

Кылым карыткан гезиттин корифей калемгери     

Үстүбүздөгү жылдын 23-мартында «Слово Кыргызстана» мамлекеттик гезити 100 жашка чыкты. Кылым карыткан басылманын басып өткөн жолуна өмүрү сапарлаш, тагдырлаш болгон белгилүү калемгер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмери Александр Шепеленконун мында иштегенине 50 жыл толду. Журналисттер чөйрөсүндө Саша бейке болуп аталып, кары-жашына кадыры тоодой, окурмандарына зоболосу бийик кесиптешибизди мааракени утурлай сөзгө тарттык.

— Александр Иванович, бир редакцияда 50 жыл бою чарчабай эмгектенгениӊизге караганда, журналистиканы жаш кезиӊизден бери жакшы көрсөӊүз керек.  

   —  Мен Россиянын Курск облусунда туулуп өскөм. Атам фронтовик журналист болчу. Үйүбүз жоктугунан басмакананын чакан бөлмөсүндө ата-энем, агам төртөөбүз болуп, стулдарга эски каалганы коюп, «керебет» жасап алып уктачубуз. Балалык күндөрүм атамдын жумушуна аралаш өткөндүктөн ушул кесипке ыктап кеттим. Советтик армияда кызмат өтөп келген соӊ, Москвадагы М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттине кирип, журналистика факультетинде окудум. Факультеттин комсомолдук комитетинин катчысы болуп жүрүп, компартиянын катарына өткөм. Ал жылдарда коммунисттерди союздук республикаларга барып иштөөгө милдеттендирчү. Чогуу окуп бүткөндөрдүн бирин Алматыга, бирин Ташкентке, мени Кыргызстанга жиберишти. Анда мен Чыӊгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов жана Ысык-Көлдөн башка Кыргызстан тууралуу эч кандай маалыматым жок туруп сапарга аттанган элем. Ошентип, 1975-жылдын 1-сентябрында поезден түшүп, 25 жашымда алгачкы жолу кыргыз жерине аяк баскам.

        Иштегениме 9 күн болгондо Нарын облусуна командировкага жиберишти. Эли аз, чакан шаардын бир эле чоӊ көчөсү бар тура. Мындагы мейманкана деп аталганы эле болбосо, жатаканага окшош жайы бар болчу. Суук эрте келгендиктен мында конгондор сырткы кийимин чечпеген бойдон бүкүлү укташат экен. Күндүзү жумушум аяктап, кеч киргенде мени тепкичтери жыгачтан курулган эски театрдагы концертке алып барышты. Орто жаштагы бир артист кол ойнотуп чертип жаткан комузун денесинин сол капталынан бели тарабына айлантып жиберген калыбында күүнүн ыргагын токтотпогон бойдон чертти. Курсагы килтейген семиз киши экен, бирок, комузду бирде оӊго, бирде солго айланта ушунчалык виртуоздукка салып, ыӊгайын келтирип черткенине таӊ калдым. Ошондон кийин комузду мындай ыкмада шамдагай черткен кыргызды башка эч жерден көрө элекмин.

  — Гезиттин тарыхындагы урунттуу учурлардан кеп салсаӊыз.

  — Адегенде мен саясат бөлүмүндө иштеп, кийин адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы болдум. Биздин гезиттин таржымалына келсек, совет жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин органы болчу. Гезит 1925-жылдын 23-мартында «Батрацкая правда» деп аталып, 1927-жылы «Крестьянский путь», 1961-жылы «Советская Киргизия», ал эми 1991-жылдын февраль айынан баштап, «Слово Кыргызстана» аталып калганын жакшы билесиӊер.

     Мен келген жылдары гезиттин нускасы 180 000ге жетип турчу. Ал эми «Советтик Кыргызстан» (Азыркы Кыргыз Туусу» гезити) 300 000 нускалуу болуп чыкчу. Ушул эки  редакциянын журналисттери жазгы талаа жумуштарын, жайкы-күзгү түшүм жыйноо учурун, кышкысын малчылардын жагдайынан кабар алганы республиканын аймактарына кыдырып кетчүбүз.

       Совет жылдары редакциянын азыркы эски имаратынын жанында Кыргызстан комсомолунун гараждары бар эле. Колхоз-совхоздорду кыдырып барганыбызда командировкага берилген акчабыз көпчүлүк учурда коробогон бойдон чөнтөктө келчү. Айыл элинин меймандостугунан айланса болор, кайсы жерге барсак да, тамак-ашты жайнатып дасторконго коё салышат. Кээде бышырылган, кээде чийки эт сыяктуу тамак-аш берип узатышчу. Бойдок болсом анча этти үйгө алпарганда эмне кылмак элем деп, айрым учурда редакциянын өйдөкү кабатындагы «Советтик Кыргызстандагы» кесиптештерге барып, «Мобул койдун этин эмне кылам?», — деп кеӊешем. Баардыгы айылда өскөн кыргыздар эмеспи, алар: «Кокуй, аны бузулуп кете элегинде бышырып жеп салалы», — дешип, редакциянын каптал жагындагы жерге от жагып, казан асып, бышырып алып, этти чогулуп майкандап салчубуз. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан фронтовик журналисттер эки  редакцияда теӊ бар болчу. Гезиттин партиялык уюмунун башчысы болгондугум үчүн фронтовиктер көзү өткөн учурда акыркы сапарга узатуу иштерин уюштурууга катышчумун.

      Ал жылдары бир айда төрт жолу командировкага баруу милдеттендирилчү. Бир жылдары фотокорреспондент экөөбүз Социалисттик эмгектин баатыры, атактуу чабан Таштанбек Акматовдун оторуна бардык. Баатыр чабан көл өрөөнүнүн деӊиз деӊгээлинен 3800 метр бийик жердеги улуу тоолорунда түнөп, ач карышкырлардын үйүрүнөн кооптонбой кой багып жүрүптүр. Кыштын ызгаары шамал учуруп, сөөктөн өтүп турду. Кадимки мөӊгүлөр жаткан көк музда чабандын кичинекей балдары жылаӊайлак, жылаӊбаш болуп, кар кечип ойноп жүрүшүптүр. Муну көрүп таӊ калганымды айтпа. Чабандын боз үйүндө отурсак, кой-козулар босогого чейин кирип келип жатты. Отургандардын бирөөсү койду таяк менен акырын тап берип качырса, мен аркасынан түшүп сабап жүргөнүмдү азыр эстеп күлкүм келет. Себеби, жашым 25ке чыкканча койду көрбөсөм кантейин.

     Атактуу чабандан маек алып, саясий-идеологиялык, чарбалык темада жазып келген макаламды редакциядагы Мухина деген кесиптешим сынга алганы эсимде. «Шепеленко чабан биле бербеген жагдайларды анын сөзү кылып, өзү эле жазып коюптур», — деди. Редакторубуз В.Лукьяшенко унчукпай отуруп укту. Чынында, Таштанбек Акматов чабандар чөйрөсүндөгү идеологиялык жактан күчтүү агитатор болчу. Бир топ жыл өткөн соӊ Т.Акматов Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры болуп, Жогорку Кеӊештин төрагалыгына чейинки кызматка жетти.

     Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдары советтик аталыштардан кайтып, мамлекеттин символикалары жалгашкан гана аталыштарга талап күчөгөн. Ошол кездеги Жогорку Кеӊештин төрагасы Медеткан Шеримкулов жетектеген легендарлуу парламенттин депутаттары жаӊы аталыштарды талкуулап, кабыл алып берип жатышкан. Өзүӊөр жакшы билгендей, «Советтик Кыргызстан» басылмасы «Кыргыз Туусу» болуп өзгөртүлгөн. Ал эми биз 40ка жакын аталыштын тизмесин сунуштасак, депутаттар «Голос республики» жана «Слово Кыргызстана» деген эки аталышты талкуунун акырына чыгарышканда, акыркысы 4 добушту көп алып өтүп кетти.

— Кыргыз жергесине кырчындай жигит кезиӊизде келип, ата мекендик журналистиканын алдыӊкы сабындагы корифей калемгерге чейинки узак жолду басып өтүп, эмнеге жетиштиӊиз?

   — Биздин гезит 100 жылдын ичинде болгону 13 редактор алмаштырганы менен да уникалдуу. Баса, былтыркы бир окуяны айтып берейин. Бир күнү редакторубуз мага шашып кирип келип: «Сизди Президенттик Администрациядан чакырып жатышат», — деп калды. Ал жакка телефон чалсак, трубканын ары жагындагы айым: «Сизге сюрприз болсун, азырынча айтпайбыз. Эртеӊ адаттагыдай эле Кыргыз драматеатрдын алдынан чогултуп, баарыӊыздарды автобус менен жаӊы имаратыбыз «Ынтымак ордого» алып кетебиз», — деп койду. Мен андан: «Кандай кийинип барышым керек?, — десем, «Классикалык стилде…», — деп кыска жооп берди. Өзүӊ жакшы билесиӊ, мен өмүрү галстук тагынып көргөн эмесмин. Бирок, бул жолу бирөөнүн галстугун убактылуу алдым да, костюмчан болуп бардым. Ал күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы расмий белгиленип жаткан. Анда мамлекетүүлүктүн түптөлүшүнө ири салым кошкон 100 адамдын тизмесине мени да кошуп коюшуптур. Ошентип, юбилейлик төш белги тагынып келгем. Адатта, мамлекеттик сыйлыктарга редакциянын эмгек жамааты сунуштап, мүнөздөмө жазып жогорку жакка жөнөтөт эмеспи. Бул ирет татыктуу деп эсептелген инсандарды Президенттик Администрация атайын комиссия менен өздөрү тандаптыр. Айтайын дегеним, жасаган эмгегиӊди миӊдеген окурмандар баалап, мамлекет көрүп турса мындан өткөн бакыт барбы?

— Айтсаӊыз, «Жибек жолунда маданий өнүгүү» гезити менен «Словонун» туруктуу алакасына кандай баа бересиз?              

 —  Бир нече жылдан бери Кыргызстандагы Кытайдын «Жибек жолунда маданий өнүгүү» гезити менен бир туугандай болуп кызматташып келатабыз. Бири-бирибизден тажрыйба алмашып, ымалабыз келишкен алакабыз өз натыйжасын берип жаткан чагы. Мисалы, кезектеги санга күн мурунтан маанилүү макаланы пландаштырып коюп, бирок, «Жибек жолунан» материал келип калса, дароо өзүбүздүкүн алып салып, ордуна биринчи кезекте силердин макаланы жайгаштырабыз. Ал эми Президент С.Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарлары же эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык келишимдер ж.б. кызматташтык тууралуу макалалар гезитибиздин башкы бетинде жарыяланып келе жатат. Гезиттин өзүндө да, сайтында да кытай темаларына арналган атайын орун бар. Андан тышкары, көп жылдан бери Кыргызстандагы Кытай элчилиги менен биздин гезиттин алака-катышы жакшы жолго коюлган.

       Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары болсо керек, КТРК, «Вечерний Бишкек» гезити, КООРТ телекөрсөтүүсү жана мен болуп, журналисттер тобу биринчи ирет Кытайдын Пекин, Шанхай жана Үрүмчү шаарларына барганыбыз эсимде. Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин расмий органы — «Жэньминь жибао» гезитинин редакциясында болгонбуз. Бул гезит күн сайын басылып чыгып турган, чыгармачылык потенциалы абдан бийик, техникалык жабдылышы эӊ жогорку деӊгээлде экенин көрүп абдан суктанган элек. Эми минтип, Кытай медиасынын кыргыз жергесиндеги ишмердүүлүгү менен камыр-жумур аралашып, «Жибек жолунда маданий өнүгүү» гезитинен кыйышпас кесиптеш досторду таптык.

      Кытай элинин улуттук тамак-ашы, айрыкча, эзелтен бери келе жаткан чай ичүүнүн салттуу маданияты баарыбызга абдан жаккан. Ал эми Үрүмчүгө барып, бир кафеге киргенибизде жергиликтүү элди көрүп сонуркап, кесиптештер эки таякча менен тамак жеп киришти. Мындайды мурда көрбөгөн соӊ, кийимимди булгап албайын деп отуруп калдым. Ушуну байкаган кафенин бир кызматкери мага кашык таап келип: «Такай ушу менен жеп жүрүӊүз», — деп, белекке берген. Чынын айтуу керек, кытай элинде кимге болбосун сылык-сыпаа мамиле жасаган жакшы салты бар. Бул мамлекет эмгекчилдиги менен дүйнө калкын суктандырып келе жатат. Кайсы бир буюмуӊду унутуп же жоготуп койсоӊ, анчалык деле кабатырланбасаӊ болот. Себеби, кытайлар буюмуӊду таап алышса, ошол замат артыӊдан жете келип колуӊа берип кетишет.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии