16.1 C
Бишкек
Четверг, 24 апреля, 2025
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕЭски, жаӊы театрдын тарыхы

Эски, жаӊы театрдын тарыхы

Улуттук театр искусствосунун өнүгүү дооруна далай жылдарын арнаган 87 жаштагы Турарбек Рыскулбеков аксакалды маекке чакырдым. Жаӊы маекте жарым кылым мурдагы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык дарама театрынын эски жана жаӊы имаратына байланышкан окуялар, чыгармачылык коллективдин ал жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу сөз жүрдү. 

 — Турарбек ага, Нарын театрынын азыркы имаратынын курулушуна сиздин опол-тоодой эмгегиӊиз бар экени айтылып жүрөт. Сөздү ушундан баштасак.   

  —  Мен өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Нарын театрынын директору болуп иштеп калдым. Театрдын имараты 1938-жылы 300 орундук болуп курулуп, жедеп эскилиги жеткен клуб экен. Бирок, театр статусун алган соӊ финансылык, репертуардык жана көрүүчүлөрдүн планы болуп, мамлекет ушул үч планды толтурууга милдет такчу. Эски театрдагы билеттин баасы 80 копеек, 1 рубль болчу. Ал эми ар бир спектаклдин ставкалык планы 320 рубль эле. Анда бул абдан чоӊ акча болгондуктан планыбыз дайыма эле толо берчү эмес. Билет алып кирсин деп, бир да кишиге чакыруу кагазын берчү эмеспиз. Театрдын мындай «сырын» жакшы билген жетекчилер деле: «Билет алып кирели, силердин планыӊар бар эмеспи», — дешчү. Репертуардык план боюнча 5 спектакль коюуга талап бар. Анын үчөөсү сөзсүз чет элдик, орус жана кыргыз классиктеринин пьесалары болушу шарт. Жогоруда айтылган пландарды гастролдун эсебинен толтурууга туура келген. Кээ бир айылдарда клубка эл батпай калса, оюндар сыртта көрсөтүлчү.

     Театрдын полу, сахнасы, кууш коридору болуп, бардыгы эскирип бүткөн. Дааратканасы короонун ыраакы четиндеги жерге орнотулган эле. Бир күнү «Советтик Кыргызстан» гезитинин кабарчысы келип, биздин театрдын ичи-тышын аябай сынга алып: «Көрүүчүлөр үчүн шам-шум этүүчү жайы жок, терезе-эшиктери эски, театрдын директору ушуларга кам көрүүсү керек эле», — деп жазыптыр. Фрунзедеги дос-тааныштарым: «Туке, сени гезит абдан «мактап» жазыптыр го», — деп какшыктап телефон чалып жатышты. Мен да ошол гезитке жооп кайтарган макала жаздым.

    1970-жылы декабрда Нарын облусу болуп кайра түзүлгөн. Ошондон кийин облус жетекчилигин чакырып келип, комиссия түздүрдүк. «Ушул жерде шарт болуп, биз уюштурбай койсок бир жөн», — деп, мындагы абалды көрсөтүп бердик. Мен аларга: «Эскилиги жеткен клубду канча оӊдосок да абал өзгөрүлүп кетпейт. Куру дегенде декорацияларды, бутафорияларды сактоочу жайга зар болдук. Жаӊы имарат куруудан башка жол жок. Мен ушинтип эле гезитке чыгып жүрө беремби?» — дедим. Ушундан кийин муз ордунан жыла баштады. Облуска театр керек деген бүтүмгө келип, жаӊы имарат куруу боюнча обкомдун чечими чыкты. Кайсы бир жылдары залкар композиторубуз Калыйбек Тагаев гезиттердин бирине: «Мен Нарын театрында обондун пири Жумамүдүн Шералиев менен чогуу иштеп, андан далай кесиптик тажырыйба алып такшалдым. Театрдагы обон жазып жүргөн жаштарды Жумакем аптасына эки ирет чакырып алып, «Жаӊы чыгарган обонуӊар барбы, кана алып келгилечи?», — деп кадимкидей сурак жүргүзчү. Өзү болсо мейли аккордеон, мейли пианино болсун, отура калып обон чыгарып жиберчү. Жумакемдин каарына калбайын деп, кечкисин эл тараганда сахнада калып иштемекчи болдум. Бирок, көөдөнүмдөгү обонду жазып баштайын деп отура калганымда, кичинекей эски клубдун бурч-бурчунан кандайдыр бир белгисиз үндөр угулуп турчу. Алар кыйналып ыйлаган аянычтуу үндөр эле… Бир-эки жолу ошенткенден кийин, ушул клуб эски мүрзөнүн үстүнө курулган деген каӊшаар кеп чын болсо керек деп ойлоп, жалгыз калууну токтотком», — деп маек берген болчу.

      Бир жылдары театрдын эски сахнасын алып таштап, жаӊысын орнотуп, чатырын кайра жаптырып, бир топ оӊдоодон өткөргөн болчуубуз. Сахнанын декорациясын улам башка көрүнүшкө алмашуусуна ыӊгайлаштырып, тегеренүүчү айлампасын да жасап алганбыз. Бирок, анын атайын механикалык конструкциясы болбогондуктан, спектакль көрсөтүлүп жатканда кол менен айлантууга аргасыз элек. Дегеле режиссерлорубуздун ойлоп таппаганы жок эле. Бул жерден да алардын фантазиясы катуу иштеп кетти. Театрдын жумушчуларына спектаклдеги каармандардын костюмдарын кийгизип койчуубуз. Жумушчулар улам бир көрүнүштүн алмашуусуна ыӊгайын келтирип, көрүүчүлөргө билдирбей туруп сахнанын айлампасын тегеретип турушчу. Чынын айтуу керек, ушундай кыйынчылыктарга карабай, эски имарат барында да мыкты спектаклдер коюлуп турду.

 — Нарын театрына «музыкалык» деген экинчи милдет артылгандыгынын себеби бар болчу да, туурабы?

   — Бир жылдары бийлик органдары тарабынан музыканттардын штаттарын жоёт экен деген кабар келди. Бирок, биз: «Отуз чакты драмалык актерлор менен планды кантип толтурабыз, өнөрлүү элдин таланттуу жаштарын ким өстүрөт?», — деп көшөрүп жатып, театрдын музыкалык статусун колдон чыгарбай алып калдык. Анткени, музыкалык деп аталганда штатта композиторлор, ырчылар, музыканттар, бийчилер болушу керек. Биз ушулар менен  гастролдордо спектаклдин артынан концерт коюп, көрүүчүлөрдү тартканыбыз үчүн театрдын аброю өскөн, азыр да мунун мааниси чоӊ. Кыргыз музыкасынын зоболосун көтөрүп, 600гө жакын обон жазган, кылымда бир жаралчу Жумамүдүн Шералиев не деген орошон талант эле? Жумакемдин шакирттери Калыйбек Тагаев, Канымгүл Досмамбетова, Асанбек Абдыласов, андан кийинки Эсенбек Мааданбеков, Адылбек Кыязов, Табылды Актанов сыяктуу жаш обончулардын такшалып, жетилип өсүүсүнө биздин театрдын орду чоӊ. Аганы көрүп ини өсөт дегендей, кийинки үчөөнү – Эсенбек, Адыл, Табылдыны эле алалычы. Булар алтын эле балдар да. Улуу муундагы обончулардын да, ушул таланттардын да чыгарган обондорун өзүбүздүн ырчылар ырдашчу. Андан тышкары, театрдын композиторлору көп эле спектаклдердин музыкасын, андагы каармандардын ырын жазып беришчү. Мисалы, Калыйбек Тагаев 1965-жылы Ч.Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» повести боюнча Бообек Ибраев сахналаштырган спектаклге «Долон» деген ырдын обонун  жазган. Аны Сагыйпа Чечейбаева ырдап далайларды таӊ калтырды. Мындай кайталангыз көрүнүштү Нарын театрынын өзгөчө артыкчылыгы деп баалоого татыйт. Биздин обончулардын көптөгөн чыгармалары кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылып калтырылган. Ал эми ушул эле обончулар менен кошо Койсун Карасартова, Сейитказы Андабеков, Сагыйпа Чечейбаева, Тамара Жумакаева ж.б. ондогон ырчылар спектаклдерден ролдорду да аткарып, концерттерде да ырдап көнүп калышкан.

  — Нарын театры «Дөӊгөлөктүн үстүндөгү театр» аталып калышынын себеби план аткарууга да байланыштуу болсо керек. 

       — Туура айттыӊ, башка театрлар жайкысын 1,5 ай гастролдоп эмгек өргүүгө чыгышса, биз коллективди 3 бригадага бөлүп, 5-6 ай бою республиканын аймактарына, Казакстанга, кээ жылдары Өзбекстанга чейин гастролго жиберчүбүз. Жогоруда айткандай, финансылык, репертуардык жана көрүүчүлөрдүн планы гастролдун эсебинен аткарылып калса, баарына сыйлык акылар берилчү. Эл Нарын театрынын артисттерин кадимкидей сагынып, күтүп калганын айтышчу. Ал түгүл гастролдогон башка артисттер биздин афишанын үстүнө өздөрүнүн афишасын жабыштырып салышса, «Биз силердин афишаӊарды кайра тагып коюп жаттык», — деп айткан көрүүчүлөр болчу.

     Тээ 30-жылдары биздин корифей актрисалардын бири Койсун Карасартова эжебиз 17 жашында театрга алынып иштей баштаптыр. Ошол жылдары Кыргызстандын алыскы айылдарына чейин кээде ат, кээде төө, кээде эшек, бирде өгүз минип, жөө-жалаӊдап кыдырып оюн койгон күндөрүн айтып калаар эле. Койсун эже кийинчерээк Сейитказы Андабековго турмушка чыгып, жубайлар балалуу-чакалуу болушат. Бир күнү чогуу гастролдоп жүрүшүп, ат арабада кетип баратышканда эмчектеги баласы ороо-чулгоосу менен жолго түшүп калыптыр. Бир кыйладан кийин ымыркайы жанында жок экенин байкаган соӊ, ач айкырык салып, экөө арабадан секирип түшүп, келе жаткан тарапка кайра чуркашат. Ошондо баланы жолдун кырына түшүп калган жеринен таап алышканын жубайлар айтып калышаар эле. Театрдын жамааты биздин убакта деле дал ушул сыяктуу тартипте гастролдоп иштеген. Алты айлык гастролго кеткенде там-туӊ баса баштаган наристеси, актер атасы кайра келгенде кадимкидей чуркап калчу. Ал түгүл атасын тааныбай ыйлаган балдар бар болчу…

— Театрдын азыркы имараты сиз директор болуп турганда курулуп бүттүбү?

     — Азыркы имарат 1971-жылдан баштап 5 жылдын ичинде курулду. Курулушту Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-секретары Турдакун Усубалиев жеке көзөмөлүнө алган. Жаӊы театр адегенде дөӊсөө жерде жайгашкан педагогикалык окуу жайдын ордуна курулмак болгон. Бирок, андагы окуу жайды, элдин үйлөрүн башка жакка көчүрүүгө көп каражат кетмек. Акыры келип, эски түрмөнү көчүрүп, анын ордуна куруу туура болуп чечилген.

     Ал жылдары Нарын шаарында ушул театрдан бөлөк бир да ири объекти курула элек болчу. Имараттын конструкциясына 18-20 метрлик бетон устундар керек эле. Ошол кезде калаада мындай узун бетондорду куюп чыгарган ишкана жок экен. Бир жолу долбоордун курулушчулары менен Усубалиевдин кабыл алуусуна болдук. Ошондо айрым жетекчилер: «Мындай узундуктагы устундарды Фрунзеден Нарынга машиналар менен ташып жеткирүү мүмкүн эмес, Долондун ашуусундагы бурулуштардан өткөрүп алуу кыйын», — деген пикирлерин билдиришти. Бирок, Усубалиев аларга: «Ташып өткөрө албасаӊар, өзүӊөр көтөрүп өткөрөсүӊөр!» деп катуу айтты. Акыры келип, кыйынчылык менен болсо да жеткирип алганбыз.

        Совет мезгилинде театрлардын долбоорун Москвадагы «Теафонд» деп аталган мамлекеттик мекеме бекитчү. Театр болушу үчүн шаарда 68 000 калк жашашы керек деп, 600 орундук имараттын долбоору бекитилбей калды. Анткени,ал жылдары Нарын шаарынын калкынын саны араӊ эле 20 000ге жетчү. Андан кийин «маданият үйү» деген статустагы долбоорун сунуштап алып бардык. Аны да өткөрүү кыйын болду. Себеби, ага эӊ аз дегенде 50 000 калктуу конуш болушу шарт. Башыбыз катып отуруп, долбоордун титулдук барагына «клуб» болуп жазылып, Москвадан бекиттирип алдык.

    Тилекке жараша, Усубалиевдин жеке кийлигишүүсү менен мурда бекитилген 1 миллион рублге, кошумча 600 миӊ рубль бөлүнүп, тигүү цехи, декорация цехи, жыгач цехи жана гримденүүчү бөлмөлөрдү кошумча курдурдук. Акыры келип, Турдакун Усубалиевдин күчү менен ишибиз оӊ жакка жылып, кайрадан 600 орундуу имарат салынган.

     Театрдын жаӊы имараты 1977-жылы ишке берилгенден кийин мен Кыргызстан театрлар коомунун төрагасы Т.Абдумомуновдун орун басары болуп Фрунзеге которулуп кеттим.

Маегиӊизге рахмат.

Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии