12.1 C
Бишкек
Четверг, 24 апреля, 2025
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕАнарбек Сардарбеков: «Сахнага кубанып чыгып, толкуп ырдадым…»

Анарбек Сардарбеков: «Сахнага кубанып чыгып, толкуп ырдадым…»

КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү обончу, аткаруучу, «Кар вальсы», «Түбөлүк махабат», «Кат жазам сага», «Сонунум» сыяктуу ондогон обондордун автору Анарбек Сардарбеков менен чыгармачылык дидарлашууну сунуштайлы дедик.

Анарбек, алган кесибиң боюнча географ экенсиң, анан кайдан жүрүп музыка дүйнөсүнө келип калдың?

— Мен Аламүдүн районунун Таш-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу тоо түбүндөгү Бербулак айылынан болом. Апам тилчи мугалим, атам аскер кызматкери эле. Эже-карындаштарымдын арасындагы жалгыз уулмун. Атамдын кызматына байланыштуу улам бир аймакка көчүп-конуп жашадык. Бир жылдары Бишкектеги №1 мектеп-интернатта окуп калдым. Эмнегедир бала кезимден бери эле жан дүйнөм ырга, музыкага жакын болуп өстүм. Интернаттын алдында В.Лениндин, бир жак капталында сурнай тарткан пионердин айкелдери бар эле. Сабак аяктаганда ошол айкелдердин кырына отуруп алып, балдар менен гитара чертчүүбүз. 9-класста окуп жатканда кыздардын жатаканасын тегеренип ырдап, бүт интернатты «башыбызга көтөрүп» алчуубуз. Кыздар терезеден карап кол чабышса ого бетер күчөп, «концерт» койчу элек. Эже-агайлар келе жатканда «дыр!» коюп качып жөнөмөй. Түнкүсүн интернатта тарбиячылар кезектешип дежур болушчу. Кечки иңирде гитараны дыңылдатып, кыздардын жатаканасы жакка барганыбызда тарбиячы эжелер бизди кыйкырып кууп, эркек балдардын жатаканасына киргизип салышчу. Жанымдагы балдар түн уйкуга киргенде мен: «Эх аттиңай, бүгүн ырдабай калдык ээ?», — деп арманда болуп жатып уйкуга кетем. Кээ учурда сабактан качып барып, ал кездеги Айыл чарба институтунун клубундагы көркөм өнөр кружогуна катышып жүрдүм. Ошол жылдары даңазалуу кино режиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повести боюнча кино тартты. Ага биздин мектептен окуучуларды тандап алышып, кээ бир классташтар эпизоддук каармандарга түштү. А мен массалык эпизодго катыштым. Ушундан кийин актер болгум келип, көңүлүм дегдеп калды. Интернатка жакын жерде «Кыргызфильм» киностудиясы жайгашкан. Мен ошол жерден өтүп баратып: «Кандай бактылуу адамдар актер болот?», — деп суктанып жүрдүм.

Мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) актердук бөлүмүнө тапшырып, сценарий жазуудан аксап өтпөй калдым. Андан кийин Фрунзедеги М.Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырайын десем, ата-энем караманча каршы чыгышты.  «Артист болот деген эмне шумдук?», — деп, шок болушту. Бирок, сүрөтчүлүк окуу жайына тапшыруума макулдук беришкен. Анткени, биздин үй-бүлө Базар-Коргон районуна көчүп барып, жашап жаткан жылдары сүрөттү жакшы тартчумун. Анда мен 6-класста окуп жүргөн кезим эле. Апам өзүнүн класстык кабинетинин плакаттарын мага жасалгалатып алчу. Атам болсо мектепте аскерге башталгыч даярдык сабагынан мугалим болуп иштечү. Кээде экөө тең: «Менин плакатымды биринчи бүтүрүп бер», — деп, мени талаша кетишчү. Алтүгүл, айылдык медпункттун дарыгери мага шоколад алып келип, дубал көрсөтмөлөрүн жасалгалатып алчу.

Бирок, сүрөтчүлүк окуу жайына да тапшырбай калдым. Мен окуучулук жылдары дүйнөнүн саясий картасын биротоло жатка билип алгам. Атам экөөбүз картадан мамлекеттерди, шаарларды табууга мелдеше кетип, көп учурда мен утуп алчу элем. Ошондогу кызыгуум КУУнун география факультетине өтүшүмө түрткү болду. Бирок, актер болбой калганыма өкүнүп, арманым ичимде калды.У.Шекспирдин «Отелло» трагедиясындагы Отеллону, «Корол Лир» драмасындагы Корол Лирди жана орус, кыргыз адабиятындагы башкы каармандарды ойногонду эңсечүмүн. Ошентип жүргөнүмдө университеттеги өздүк көркөм чыгармачылык ийримдер менин көксөөмдү суутуп, сатиралык интермедияларды, монологдорду аткара баштадым. Отелло жандай сүйгөн Дездемонасын муунтуп өлтүрүп жаткан эпизодун кудум маврдыкындай жоон үнүм менен:

«Махабат очогуна күйгөн жакшы,

Бирөөгө сүйгөнүңдү өптүргөнчө,

Бакадай жер кучактап өлгөн жакшы», — деп, университеттер аралык «Ала-Тоо жазы» фестивалында ойногонумда, залдагы көрармандар кол чаап, алкап калышчу болгон.

— Филармонияга кайдан барып иштеп калдың?

—  Ошол мезгилде филармонияда көркөм өнөргө идиректүү жаштарды тандаган «Жаш толкундар» конкурсу өткөрүлүп калды. Мен ага катышып дароо өтүп кеттим. Ал жылдары филармонияга Даниал Назарматов аттуу гитарист директор болуп келген. Көп өтпөй мени филармонияга иштөөгө чакырышты. Бирок, мен 4-курска келип калганда университетти кантип таштап кетмек элем деп кыжаалат болдум.

Бир күнү университеттин коридорунда студенттер эки кишинин артынан каткырык салып, «маймыл көргөндөй» ээрчип алышканын байкап калдым. Алар — атактуу куудулдар Асанкул Шаршенов менен Келдибек Ниязов экен. Асанкул ага артын карап, оозу-мурдун кыйшаңдатып ого бетер тамашалап койсо, студенттер ошого күлүп жатышыптыр. Жаштар эки куудулду биздин аудиторияга ээрчитип киришип: «Мына мобул бала» деп мени көрсөтө беришти. Көрсө, филармониянын директору: «Анарбек Сардарбеков деген студентти таап келгиле», — деп жибериптир. Ошол эле замат алар мени декандан сурап алып кетишти.

Филармониядан адегенде эле Ибрагим Жунусов менен тааныштым. Ал мага: «Мен «Апакебай» деген ырдын авторумун, атым Ибрагим, сенин аккордеонуң жакшы турбайбы, мага берип турчу», — деди. Германиядан чыгарылган сапаты мыкты университеттин аккордеонун ага бере салдым. Мени түз эле филармониянын көркөм кеңешинин кароосуна алып барышты. Ал жерден сатиралык пародияларды, монологдорду аткарып бердим. Комиссия мүчөлөрү боору эзилгенче күлүп отурушуп, жумушка кабыл алышты. Эртеси күнү «Семетей» тобуна кошулуп, Таласка гастролго жөнөдүм. Белгилүү ырчы Алтынбек Сапаралиев мага: «Сен чоң концерттерди алып барчу белең?», — деп сурады. Мен: «Жок байке, чоң сахнада эч качан алып баруучу болгон эмесмин», — деп жибердим. Ал мага үч-төрт жолу алып баруучулукту көрсөтүп берди. Андан кийин Алтынбек аганы туурап, окшоштуруп жүрүп үйрөнүп алдым.

— Бир жылдары Шахрезада Аскарова экөөңөр «Кат жазам сага», «Кар вальсы» деген обондоруңду дуэт болуп ырдап, далайларды суктандырып, сахнаны «жарып» жиберчү элеңер.

— Мезгил өтө берди. Филармонияда эстрадалык сүйлөө жанрынын артисттери биригип, сатиралык театр болуп түзүлдүк. Биздин топко Асанкул ага жетекчи болуп дайындалды. Арабызда Бекин Сейдакматов, Келдибек Ниязов, Анара Мадиева, Султан Каримов, Тынчтык Инатбеков бар эле. Аларга 25 жаштагы куудул артист, гитарист мен кошулдум. Ошол учурда Шахрезада Аскарова декреттен кийин жумушка чыгып, биздин топко кирди. Атактуу композиторлордун ырларына кошуп, өзүмдүн алгачкы обондорумду аткара баштадык. Филармониянын сахнасында өткөрүлгөн концерттер дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду. Мурда мындайды көрбөгөн жаным, эсим ооп, ушундай да болот экен ээ деп, кубанганымдан таң калып жүрдүм. Жүрөгүм дүкүлдөп, чоң максатыма жеткениме чексиз бактылуу болуп иштедим. Теле берүүлөргө, радиого автордук ырларымды жаздыра баштадым. Сөзүн, обонун өзүм чыгарып, «Кат жазам сага» деген ырымды Шахрезада менен дует болуп ырдадык. Менин үнүм баритон, аныкы сопрано болуп, кандайдыр бир гармониялык тандемге айланып кеттик. Ошол жылдары даңазалуу лирик, Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеев филармонияда адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштечү. Бир күнү Шакем мага: «Ай бала, бери келчи, менин мобул ырымды карап көрчү», — деп, «Күтөм сени» деген ырын берди. Ушул ырга жазган обонум кийин элге хит болуп тарап кетти. Азыркы күндө да Шайлообек Дүйшеевдин, раматылык Дооронбек Садырбаевдин саясий публистикалык ырларын гитаранын коштоосунда ырдап жүрөм. Бул жанр – шансон деп аталып, Европада, айрыкча Францияда кеңири тараган. Шансон – бул турмуштук ырлар. Айрыкча, Шайлообек аганын көптөгөн турмуштук ырлары шансон жанры менен ырдоого ылайыктуу. Бул жанр Кыргызстанга анча көп тарай элек. Андан башка, КРдин эл акыны Акбар Рыскулов жана Кыялбек Урманбетов, Убайдылда Ажыбаев ж.б. акындар менен кызматташып жүрөм. Бир топ чыгармаларымды кыргыз радиосунун алтын фондусуна бердим. Дагы берем.

— Акыркы жылдары сахнадан көрүнбөй калдың, эмне иш кылып жатасың?

— Заман өзгөрүлүп, үй-бүлөнү багуу түйшүгү башты катырды. Чын сырымды айтсам, бара-бара тойлорго тамада болуп кетип, чыгармачылыктан оолактап калдым. Асылбек Өзүбеков экөөбүз кезектешип, кыргыз радиосунун «Бейпил түн» берүүсүндө көркөм окууну алып барчубуз. Ушундай максатта менчик радиолор, студиялар чакырып калышат. Кинофильмдердин кадрдан тышкаркы тексттерин көркөм окуп жүрөм. Менчик студиялар көбүнчөсү мультфильмдердеги карышкырдын, аюунун, дөөнүн үндөрүн жаздырууга көп чакырышат. Балдардын иш-чараларында Аяз ата болуп жүрөм. «Нооруз» майрамында баба дыйкандын ролунда үрөн сээп: «Бул жетим-жесирлерге, бул карып мискинге, бул канаттуу кушка, бул сизге, мага жана баарыбызга! Өн үрөнүм өн, бири миңдеп жайнасын!»- деп бата берем. Айрым жылдары ушинтип Ала-Тоо аянтында иштедим… Бишкек шаарынын юбилейлик майрамында Бакай бабанын ролун аткарып жүрдүм.

Атам инсульт дартына кабылып сүйлөбөй калган болчу. Ошондо менин чыгармаларымды эфирден көрүп отуруп, колун жаңсап абдан кубанып калчу. Бир жолу биздин айылга жакын жайгашкан Сүймөнкул Чокморов атындагы айылда концерт бердик. Концертке ата-энемди алып бардым. Экөө тең кумарланып көрүп отурушту. Ошондо мен алардын эркине каршы артист болуп кеткенимди кечиришти го деп ойлодум. Атамды үч жолу кайталанып келген инсульт алып тынды. Апам 85ке чейин жашап берди…

— Балдарыңдын арасында сени тартып чыгармачылыкка ыктагандары барбы?

— Улуу балам саксофондо жакшы ойнойт. Кытайдан билим алып, дүйнө экономикасы боюнча адистигине ээ болду. Бир жылдары Кытайда, Бангладеште жана Түркияда иштеп келди. Азыр Германияда жашайт, бир нече тилде так сүйлөйт. Кызымдын музыкалык таланты абдан мыкты. Бирок, мен ага ырчы болбой эле коюуга кеңеш бердим. Англис, кытай тилдеринен котормочу болуп иштейт. Кесиби боюнча муниципалдык адис. Бир нече жыл бою Бишкек мэриясында эмгектенди. Азыркы убакта Кытайдын Шанхай шаарында жашайт. Кичүү уулум англис тилинде түш жоруйт. Кесиби финансист, банктардын биринде иштейт. Скрипкада жакшы ойнойт. Жубайым неберелерди багып, чоң энелик милдетин аткарып жаткан чагы.

Маегиңе рахмат.

Автор: Нарынкүл Назаралиева

Сүрөт редакцияга таандык

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии