Бир нече жылдан бери Бишкекти коюу ыш каптап, абанын булгануусу азайбай келе жатат. Буга шаардын четиндеги конуштардан чыккан көмүрдүн, тигүү цехтердин кездемелеринин калдыктарын жагуудан чыккан түтүн кошумча көйгөй. Автоунаалардан, Бишкек ЖЭБинен, калаанын четиндеги цемент заводунан ж.б. өндүрүштөн чыккан уулуу заттар абаны булгоонун булагына айланууда.
Шаарда 760 миӊге жакын унаа бар. Алардын басымдуу бөлүгү сырттан ташылып, эскилиги жеткени аз келгенсип, 80 пайызында катализатор орнотулган эмес. Мунун кесепетинен абанын сапатына жазында 17 пайыз, кышында 30 пайыз тескери таасир тийгизет. Андан тышкары, ирээтсиз курулган көп кабаттуу имараттар жогортон соккон таза абаны тосуп, калаа желдетилбей калды.
Ышты кыскартуу маселесин талкуулаган парламент жыйынында депутат Миргүл Темирбаева буларга токтолду: “Бүгүнкү күндө Бишкек эле эмес Ош, Жалал-Абад шаарларын ыш каптап жатат. Өкүнүчтүүсү, биз Индия, Бангладеш, Пакистан сыяктуу дүйнөдөгү абасы абдан булганган шаарлардын катарына кирип калдык. Өзүӊүздөр билгендей, ыш бир катар ооруларды козгогуч болуп, онкологиялык дартты пайда кылып жатканын Саламаттык сактоо министрлиги да тана албайт. Баарыбыз иш сапар менен Кытайга барып жүрөбүз. Андагы шаарлардын тазалыгы өзгөчө көӊүл бурууга арзыйт. 2013-2022-жылдар аралыгында Кытай шаарларынын абасы 60 пайызга тазаланып бүткөрүлүп, бул иштер бүгүн да токтобой жүргүзүлүп жатат. Эмне үчүн ушул сыяктуу алдыӊкы тажрыйбаларды колдонууга болбойт?», — деген суроо узатып, 2023-жылы Министрлер Кабинети ышка каршы күрөшүү боюнча жол картасын иштеп чыккандан бери кандай жумуш аткарылганына кызыкты.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин эл өкүлүнө берген жообуна караганда, Бишкек ЖЭБинен абадагы түтүндүн 10-15 пайызы чыгып турат. «Биздин изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен ЖЭБде жылына 1 млн. 200 миӊ тонна көмүр жагылат. Көмүр жагууну кыскартуу максатында Энергетика министрлигинин 2027-жылга чейин ЖЭБди газга өткөрүү боюнча долбоору бар, — дейт ал. – Ошондой болсо да, Кара-Кечеден ташылган көмүрдү биротоло токтотуп коё албайбыз. Бирок аны байытып колдонуучу технологияны киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Өлкөдө көмүрдү бышырып байыта турган эки ишкананы куруу пландалууда. 2025-жылдын аягына чейин анын бирөөсүн куруп бүтүрүп, сапаттуу көмүрдү калкка сунушташыбыз керек»
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу багытында Бүткүл дүйнөлүк банк 50 млн. доллар кредит бөлүп жатат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу түзүлүп, анын алгачкы этабы өткөн жылдын аягында ишке кирген. Кредиттин 9,1 млн. доллары абанын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүүчү автоматташтырылган жабдууларды орнотууга, 32 млн. доллары көмүрдөн баш тартып, шаардын конуштарында жашаган калкка үйлөрүн газдаштырып алуу үчүн кредит катары берилет. Ал эми 7,1 млн. доллар көлөмдөгү каражат шаарды жашылдандыруу жана ирригациялык курулмаларды модернизациялоо үчүн Бишкек мэриясына которулмакчы.
Жакында Министр Медер Машиев менен Бишкек мэриясынын чиновниктери болуп, калктуу аймактарда абанын сапатын жакшырта ала турган инновациялык технологияны демонстрациялашты. Кытайдын Циндао шаарынын мэриясы менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында, “Жал” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы балдар бакчаларында Кытайдын өндүрүшүнөн алып келинген мештер орнотулган. Меш көмүрдүн кара түтүнүн кайра тазалап туруп сыртка чыгаруучу технология менен иштейт экен. Кытайдын меши 100 килограмм көмүрдөн болгону 3 килограмм күл чыгарып, көмүр кычкыл газынын абага тарашын минималдаштыруучу, айлана чөйрөнү тазартуучу жогорку натыйжалуулугун көрсөттү. Бул меш тууралуу видео Чүй облусу менен Бишкек шаарынын абасын көзөмөлгө алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында да көрсөтүлдү. Мындай аракеттер аркылуу элди экологиялык жактан эффективдүү мештер менен камсыздоо маселеси көтөрүлө баштады.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, Россиянын «Газпром» компаниясы менен 2040-жылга чейин Бишкек шаарын этаптуу түрдө газга өткөрүү боюнча Кыргыз өкмөтүнүн келишими бар.
Техника илимдеринин кандидаты, инженер-эколог Кубат Кемеловдин эксперттик пикирин угуп койгонубуз да туура болот. «Бардык жерде көмүр, бензин жана газ колдонулат, бирок, бул үчөөнүн эӊ зыяндуусу – көмүр, — дейт ал. — Келечекте биз көмүрдү колдонуудан баш тартуубуз керек. Мисалы, Европа өлкөлөрү ыштан ушундай жол менен арылды. Бензиндин курамында күкүрт көп болуп, сапаты текшерилбеген бойдон сатылып жатат. Бул экөөнө караганда газ кыйла таза. Ушуга байланыштуу автоунааларды бензиндин ордуна газды колдонууга өткөрүү керек. Бул боюнча автоунаалардын ээлерине тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кажет. Айдоочуларга катализаторду мажбурлап орноттура албаган сыяктуу эле, газга өтүүнү да таӊуулоо кыйын. Ал үчүн мамлекет айдоочуларга айрым жеӊилдиктерди кароосу зарыл.
Эӊ жаманы, шаардын четиндеги конуштар байытып бышырылбаган сапатсыз көмүрдү жагуудан ыш көп чыгып жатат. Азыркы күндө транспорттун көптүгүнөн жылдын төрт мезгилинде абанын булгануусу азайып, кайра көтөрүлүп сакталып калууда. Көйгөйдү четтетүүнүн бир гана натыйжалуу жолу бар. Бул – жылытуу секторун жана унааларды электр энергиясына өткөрүү. Кудайга шүгүр, чакан ГЭСтер курулуп жатат. Биз ушул тенденцияны токтоосуз улантуубуз керек. Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин курулушун аягына чыгаруу, күн жана шамал энергиясын өндүрүүчү кымбат каражаттарды такай сырттан ташый бербей, Кыргызстандын өзүндө чыгарууга инвестиция тартканыбыз дурус. Бишкек мэриясы Манас проспектисиндеги картайган теректерди массалык түрдө кыйып салды. Бирок, адегенде жаӊы көчөттөрдү отургузуп алып, бул процессти баштаса болмок».
Бишкекте абанын булгануусу туруктуу көйгөйгө айлануусуна автоунаалардын тыгыны чоӊ таасир тийгизип жатат. Шаардын борбордук көчөлөрүнөн чет жакка жетүү үчүн эртеӊ менен кечисин 1 же 1,5 саат тыгында кептелген автоунаалардын узун кезеги жанга батып жаткан учур. Андан чыккан уулуу заттар калктын ден соолугуна, шаардын экосистемасына кедергисин тийгизүүдө.
Тыгын менен ышты четтетүү үчүн мамлекет кардиналдуу кадамга барууга даяр. Бишкек мэриясынан алынган маалыматтарга караганда, Кытайдын China Roab Anb Bridge Corporation Kyrgyzstan компаниясы менен биргеликте калааны теӊ жарып өткөн темир жолду шаардын четине чыгаруу боюнча меморандумга өткөн жылы кол коюлган. Долбоордун инвестициялык көлөмү 545 млн. долларды түзөт. Анда темир жолдун жаӊысын шаардын сыртында куруу, ал эми анын ордуна магистралды, кесилишкен көчөлөргө чыккан тилкеледи салуу, бош калган жерлерди жашылдандыруу каралып жаткан кез.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 14-ноябрдагы парламент жыйынында мындай деп билдирген: “Кытай компаниясы үч вариантты сунуш кылды. Биз анын бирөөсүн тандап алдык. Жаӊы темир жол шаардын түндүк тарабындагы айланма автожол менен параллелдүү болуп курулат. Ошондой эле долбоордун алкагында эки айланма жолду кошо куруу каралып жатат. Азыркы темир жолдун ордуна ылдам жүрүүгө ылайыкталган магистраль түшөт”, — деп билдирген.
Баш калаанын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган чаралар көрүлүп жатат. Мисалы, Бишкек шаарына караштуу муниципалдык инспекциясы ишкердик субъектилердин тыюу салынган заттарды өрттөөгө каршы рейддерди өткөрүп, мониторингдерди жүргүзүп, мыйзам бузгандарга протокол түзүлүп, айып пул салынууда. Ушул максатта инспекциянын штаттык кызматкерлери көбөйтүлүп, ыйгарым укуктары кеӊейтилди. Өткөн жылы шаардагы мончолор, сауналар да бир кыйла текшерүүгө алынып, тартипке баш ийбегендерге жаза чаралары көрүлгөн.
Бишкек санитардык полигону да катуу көзөмөлгө алына баштады. Бишкек мэриясы тарабынан андагы такай чыгып туруучу түтүндөр өчүрүлүп, таштандыларды күйгүзүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүп чыгаруу боюнча кызматташуу жөнүндө инвестор менен келишим түзүлгөн. Биринчи этапта завод суткасына 1000 тонна таштанды иштетип, күн сайын 460 меговатт, ал эми жылына 180 миӊ меговатт электр энергиясын иштеп чыгат. Келечекте суткасына 3000 тоннага чейин таштандыларды утилизациялоо аркылуу заводдун кубаттуулугун арттыруу планы бар.
Бишкек ЖЭБи муниципалдык ишканасынын от казандарын модернизациялоо максатында 19 от казан көмүрдөн газга, үч от казан электр энергиясына өткөрүлдү. Дагы 20дан ашык от казан “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын балансына кабыл алынган.