16.1 C
Бишкек
Четверг, 24 апреля, 2025
ДомойАналитика«Үч чокудан» үмүт чоӊ

«Үч чокудан» үмүт чоӊ

Үстүбүздөгү жылдын май айында «Үч чоку» лыжа курорт-комплексинин курулушу старт алат. «Үч чоку» комплекси Көл өрөөнүндөгү Жыргалаӊ, Боз-Учук, Ак-Булак кырка тоолорун камтып, жалпы аралыгы 250 чакырымды түзөт. Анын 120 чакырымы Жыргалаӊ аймагына тиешелүү. Буюрса, мамлекет бул долбоорду Борбор Азиядагы эӊ ири лыжа курортуна айландырууну көздөп жатат. Анын биринчи этабы 2026-жылдын декабрында ишке берилип, алгачкы туристтерди тосуп алуу пландалууда. Бул максатты ишке ашыруу үчүн «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Ушуга байланыштуу биз Кыргызстандагы кышкы туризмдин күнгөй-тескейи тууралуу сөз кылалы дедик.   

            Дүйнөлүк тажрыйба, дымактуу долбоор (подзаголовок)

      Президент Садыр Жапаров өз фондусунан каражат бөлүп берип, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди эки кызматкери менен жаӊы жылдын алдында Франциянын «Куршевель» лыжа курортуна жиберген. Албетте, чиновниктер дүйнөнү тамшандырган лыжа курортуна эс алуу үчүн барышкан жок. Өткөн жылдын июнь айында өлкөнүн тоо туризми багытын өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда алгачкы жолу эӊ дымактуу «Үч чоку» долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынган. Жергиликтүү ишкерлер жер-жерлерде лыжа базаларын курганын эске албаганда, экономикага эбегейсиз каражат түшүрүүгө мүмкүн болгон кыргыз тоолорунун потенциалы ачылбай келе жатканы чындык.

     Тоо туризминин кластердик чынжырчасы туруктуу иштеген эл аралык лыжа курортторуна январь айында Президент Садыр Жапаров өзү да барды. «Үч чоку» долбоорунун курулушуна тиешелүү мамлекеттик жетекчилер, бизнесмендер менен бирге Россиянын Алтай аймагындагы «Манжерок», Өзбекстандын «Амирсой» лыжа курортторун кыдырып көрдү. Ташкенттен 60 чакырым аралыктагы «Амирсой» лыжа курортунда коллегасы Шавкат Мирзиёев менен бейформал форматта жолугушуп, лыжа кластери боюнча оюн угуп, тажрыйбасын тартты. Мамлекет башчысы өзүнүн социалдык баракчасында «Амирсойдон» алган таасирлери менен бөлүшүп: «Кыргызстандын аймагынын 94 пайызын тоолор ээлейт. Биздин жети облустун ар биринде ушундай лыжа базалары болушу мүмкүн. «Амирсой» лыжа комплексин көрүп абдан таӊ калдым. Кесиптешим Шавкат Мирзиёев бийик деӊгээлдеги бул базаны нөлдөн баштап курган экен. Мында жылына миллиондогон туристтер эс алууга келип жатыптыр. Тейлөө тармагы Европанын курортторунан эч кем калышпайт», — деп жазды.

       Эксперттердин пикиринде, лыжа кластери тоо туризминин элитардык кымбат түрүнө кирет. Айталы, Ысык-Көлгө келген эс алуучуларга боз үйлөрдү тигип берип, конок үйлөрдү даярдап, жайкысын тапкан эки айлык киреше менен чектелүүгө көнүп калганбыз. Тоо туризмине салыштырмалуу, мындан болбогон эле акча түшөт. Бирок, аларды тейлөөнүн экологиялык кесепеттери, каржылык чыгымдары өтө чоӊ. Ушундан улам, Европанын, Азиянын өнүккөн өлкөлөрүндөгүдөй тоо кластерине көбүрөөк ыктаганыбыз оӊ. Туризм эксперти Максат Чакиев мындай дейт: «Дүйнөдө кышкы тоо туризмине кызыккандардын катары жыл сайын өсүп жатат. Лыжа мелдештерине келген чет элик жаран кеминде беш-алты күн түнөйт. Адатта муну менен орто жана бай адамдар алектенет. Ал суткесине 100-200 доллар төлөп отелде жашайт. Ижарага лыжа жана лыжа тебүүгө керектүү каражаттарды алат. Кофейня, кафе-ресторанда тамактанып, орто эсеп менен 3000 доллар акча калтырып кетет. «Үч чоку» долбоору курулуп ишке берилсе, «Кумтөрдөн» кем калбаган каражат агып келишине ишеним чоӊ».

       Президенттин делегациясы менен Алтайга барган бизнесмен Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасына өз ою менен бөлүштү. «Мамлекет башчысы тоолуу Алтай жергесиндеги «Манжерок» лыжа курортунун баардык аспектилерин кылдат иликтеп, дизайнынан баштап, асма көпүрөсүнүн курулушун, мейманкана, ресторан, алтүгүл балдар ойноочу жайларга чейин көрүп чыкты. Өзү байкаган деталдарды сүрөткө тарттырып, видеого түшүртүп, курулушту долбоорлоодон туристтерди тейлөөгө чейинки процесстердин майда-чүйдөсүнөн бери сурады. Ал жактан алып келген тажрыйбаларыбыз кыргыз «Куршавелинин» мындан да ийгиликтүү болуп куруларына ишеним артсак болот. Бул долбоор жөн эле эс алуучу жай эмес, калкты ден соолуктуу жашоо образына өтүүгө, өлкө экономикасына капитал тартууга чоӊ өбөлгө түзөт».

       Өзбекстандын «Амирсой» лыжа комплекси жергиликтүү элдин болгону 2 пайызы үчүн эле иштеп, калганы чет элдик туристтерге жык толуп турат. Өзбектер «Амирсойду» курууга 152 млн. доллар көлөмүндө инвестиция салып, швейцариялык моделдеги дүйнөлүк эс алуу комплексине айланткан. Ага Италия, Германия, Австрия ж.б. алты мамлекеттен инвестиция тартылыптыр. Жайкысын бул аймакта күндүн ысыгы 40-50 градуска чейин жетет. Крандагы суусу саз жыттанып тургандыктан 30 мүнөт агызган соӊ чай кайнатууга жарайт. Ошого карабай, жылдын төрт мезгилинде бирдей иштеген бул ири комплекс чет элдиктердин сүйүктүү жайы болуп калды. Жайкысын курорт ачык асмандын алдында бассейиндерге чөмүлүп, күнгө кактанууну каалагандар үчүн иштеп турат. Ден соолукту калыбына келтирүүчү суулар, мончолордун, саунанын түрлөрү сунушталат. Табият менен гармонияда эс алууну жактыргандар үчүн пикниктер уюштурулуп, улуттук ашканадан даам татууну каалгандар андан көп. Бийик тоолорго чыгып, аскалуу тоскоолуктарды багындырууну көксөгөндөрдү тажрыйбалуу гид-инструкторлор коштоп жүрөт. Айтор, туристтердин акчасын алып калуунун жагдайларын кошуналардан үйрөнүүнүн доору келип турган кез.

Эми салыштыралы, Кыргызстандын аймактарында жайкысын 18-22 градус ысык болуп, жер алдынан чыккан көк кашка тунук суулары баа жеткис байлык. Мындан тышкары, бүтүндөй тоолор менен курчалган кыргыз жери эл аралык деӊгээлдеги бир дагы заманбап асма жол кура албаганыбыз өкүндүрүп келет. Мунун бир себеби, жердин баардыгы жеке менчикке өтүп кеткендиктен бир нерсени куруу үчүн менчик ээлерин ич ара компромиске келтирүү кыйын болууда.

                Коопсуздукту камсыздоо башкы милдет

     Караколдун лыжа базасында декабрдан февралдын аягына чейин эс алуучулардын көптүгүнөн бут коёрго жер жок болуп турат. Өткөн аптада мындагы асма жолдун темир тирөөчү кулап кетип, жогортодо «асылып» калган адамдар куткарылып алынды. Тилекке жараша, жабырлангандар болгон жок. Бирок, бул окуя өлкөнүн тоо туризминин аброюн көтөрбөй турган иш…

      Аймактардагы 23 лыжа базанын 17си такай иштейт. Алардын дээрлик бардыгы ички туристтерге толуп турат. Алыс-жакындан келген меймандар да жыл сайын арбууда. Бул абдан жакшы тенденция. Бирок, эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо башкы милдет болушу керек эле. Туроператорлордун айткандарына караганда, өлкөдөгү лыжа базаларынын кожоюндарына коопсуздукту камсыздоочу стандарттар милдеттендирилбей калган. Эсиӊиздерде болсо керек, үч жыл мурда казакстандык үй-бүлөнүн өспүрүм уулу Караколдогу лыжа базасында тик эӊкейиштен лыжа тээп баратып арчага урунуп мерт кеткен. Кыргызстандын лыжа спортунун коопсуздуктуу коргоо эрежелери милдеттендирилген тартипте эмес, сунуштама мүнөздө кабыл  алынып калган. Тоодон ылдый кеткен лыжа трассанын эки тарабына торчолор орнотулушу керек болчу. Өспүрүм торчого урунуп, жеӊил жаракат алган болсо өзү аман калмак. Ошондой эле Ысык-Ата районундагы «Зил» лыжа базасынан турист аял асма жол менен келе жатып, жерге түшөөрдө бутун сындырып алган. Себеби, ал жердеги платформанын жерге түшүрүү деӊгээли талапка ылайык болгон эмес. Дүйнө өлкөлөрүндө экстремалдык спорттун түрлөрүнүн коопсуздугу боюнча кабыл алынган эрежелердин, нормалардын стандарттары катуу сакталат. Туристтин ден соолугуна, өмүрүнө кайдыгер караган өлкөгө эч ким кайра барбайт. Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга карата программасы кабыл алынып, ага коопсуздук маселеси кечигип болсо да алгачкы жолу киргизилген. Бирок, кырсыктардын алдын алуучу талаптар аликүнчө колго алына элек. 28 өлкө мүчө болгон альпинисттер федерациясынын эл аралык ассоциациясы бар. Ага Кыргызстан да мүчө. Бул уюмдун рейтинги боюнча биздин өлкө 30 балл алып, тизменин акыркы катарынан экинчи орунга түшкөн.Тактап айтсак, коопсуздугу боюнча эӊ начар өлкө болуп эсептелген Непалдан эле алдыга чыкканбыз. Бир нече жыл мурда ӨКМдин куткаруучу тик учагы да болгон эмес. Азыркы күндө ушул максатта 2 тик учак, дрондор сатылып алынган.

            Жыргалаӊдын бактысы тоодой болот

      Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаӊ айылы совет доорунда дары сууларга бай курорту менен даӊазалуу болчу. Эгемендүүлүк жылдарынан бери курорттун эскилиги жетип, каралбай калгандыктан мында иштеген жергиликтүү эл азыноолак ички туристтерди тейлөө менен чектелчү. Жаштар миграцияга кетип, айыл ээнсиреген. Жыргалаӊдын тоолору лыжа спортуна ылайыктуу болгондуктан, он-чакты жылдан бери кышкысын чет элдик туристтерден бери каттаган сүймөнчүктүү жерге айланган. Инфраструктурасы начардыгына карабай, жергиликтүү эл кышкы туристтерди тосууга өтүп, Бишкектегиден да кымбат эс алуу жайларды куруп алышууда.

        Жыргалаӊ курорту эки жыл мурда кайра курулуп, заманбап тейлөөгө келтирилген. Ал жакта кыш күндөрү да элдин көптүгүнөн орун жок болуп, жолдомолор алдын-ала сатылып жаткан кези. Азыркы учурда айылда 1000ден ашык калк жашайт. Эми «Үч чоку» долбооруна кирген Жыргалаӊдын багы ачылып, кел-кели келе жатат десек болот. Мында быйыл Президенттин иш башкармалыгы сегиз корпустан турган үч жылдыздуу отелдерди курууну баштайт. Андан тышкары, инвесторлорду тартып төрт, беш жылдыздуу мейманканаларды куруу колго алына турган болду. Курулуштун биринчи этабында Жыргалаӊдан 1624 гектар жер бөлүнүп, этно-шаарча орун алат. Ар бир туристтин капчыгына жараша түрдүү шарттагы, бийиктиги алты кабаттан ашпаган 49 отель салынат. Бейтапкана, дүкөндөр, кафе-ресторандар, алтүгүл улуттук колориттеги мечит дагы курула турган болду.

       «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жаркынбек Максүтовдун айтымына караганда, француз инвесторлору долбоордун өнүктүрүү планын сунушташкан. «Бүгүнкү күндө биз долбоорду иштеп чыгуу процессиндебиз, — дейт ал. —  Асма жолду курууга тендер жарыялайбыз. Тендерди кайсы фирма утуп алса ошол курат. «Үч чоку» долбоорунун инфраструктурасын тиешелүү министрликтер колго ала турган болушту. Мисалы, электр энергиясын тартып келүү Энергетика министрлигине, жолдорду курууну Транспорт жана коммуникация министрлигине, суу каналдарын тазалап тартипке келтирүү Айыл чарба министрлигине жүктөлөт. Биз Австрия жана Францияныкына шайкеш келтирип, аларга теӊтайлашкан кластердик курортту курабыз. Жакында эле италиялык, австриялык инвесторлор келди. Биз аларга мейманканалардын сырткы келбетин улуттук колоритте куруу талабын койдук. Ал эми ички жасалгасын өз табитине жараша өзгөртүп алууга макул экенибизди айттык».

      Алыс-жакындан келген лыжачылар жергиликтүү эл азыртадан эле мейман тосууга дасыга баштаганын айтып жатышат. Улуттук түркүн тамак-ашты сунуштап, лыжа спортуна керектүү шаймандарды шаардан ташып, ижарага берип, акча таап жаткан кези. Бул айылда жедеп эскилиги жеткен үйлөр көзгө урунганы болбосо, кыймылсыз мүлктүн кымбаттаганы эмитен эле байкала баштаптыр. Өткөн аптада Европадан, КМШ өлкөлөрүнөн келген лыжачылардын эл аралык мелдеши өткөрүлдү. Мелдеш деӊиз деӊгээлинен 3000 метр бийиктеги лыжа лагеринде болду. Эӊ башкысы, кар ойдогудай жаап берди. Жайкысын катарлап боз үйлөр тигилип, кымыздын убагы башталат. «Жапайы» туристтер кокту-дөӊдү тандап барып чатырларын тигет. Туристтерге атты ижарага берип, тоого кетүүчү жолду көрсөткөн «гид» окуучулар да акчасыз калбайт. Анын үстүнө, Караколдо жаӊы аэропорт ачылгандан бери Жыргалаӊга чейинки жолдун убактысы кыскарып, машина менен 1,5 саатта жетип барып жатышкан чагы.

      «Үч чоку» лыжа кластери ийгиликтүү ишке ашырылса жылына 850 000ге жакын туристти кабыл алууга ылайыкталып, 4600дөн ашык жумуш орду камсыздалат.           

           Кадрдык тартыштык – чоӊ көйгөй

     Билим берүү, илим министрлигинин маалыматына таянсак, туризм тармагы боюнча адистерди 13 университет даярдайт. Буларда жалпысынан 1600 студент окуйт. Бирок, бардыгы эле адистиги боюнча иштебейт. «Жибек жолу» туристтик ассоциациясынын жетекчиси Владимир Комиссаровдун айтуусу боюнча, буга бир нече себеп бар. «Туроператорлор кадрларды чет тилди жетик билүүсүнө, компьютерде мыкты иштөөсүнө, коммуникативдик жөндөмдүүлүгүнө карап тандашат, — дейт ал. — Анын үстүнө университеттердин бардыгы эле жакшы кадрларды даярдап жаткан жок. Программалардын көбү онлайн окутулат. Экзаменге келгенде студенттер мугалимдерге акча чогултуп берип, баа койдурган негитивдүү жоруктар кала элек. Мен бир нече жыл бүтүрүүчүлөрдүн экзамендерине төрагалык кылууга чакыртылып жүрүп, андагы көмүскө иштерден кабарым бар. Ушул күндөрү тоо гиддери абдан тартыш. Мисалы мен 1 күндүк маянасына 100 же 200 доллар берейин десем да, гид таба албай жатам. Айталы, альпинисттер менен иштеген гиддин адисттик квалификациясы 2-даражадагы альпинистке теӊ болуусу кажет. Тоо лыжасы боюнча инструктордун 1 сааттык эмгек акысы болгону 500 сомдун тегерегинде. Инструктор өзү лыжаны жакшы спортсмендей тебе билбесе берген акчаны алат да».

     Совет жылдары ар бир заводдо альпинизм секциясы болор эле. Жыл сайын май айында альпинияда боюнча чоӊ иш-чаралар өткөрүлүп, болжол менен 1000дей адам чокуларга чыгышчу. Азыркы учурда Бишкектеги И.Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетинде болгону 18 студент альпинизм тармагында окуйт.

      Кыргызстанда тоо туризминин эл аралык стандартына туура келген 28 гид бар. Бул абдан аз. Бирок, өздөрүн «гид» деп атагандар көп. Мындай «гиддерди» турфирмалар эмгек акыны аз сурагандыгы үчүн жалдашат. Мисалы, врач болуп иштөө үчүн университеттин диплому, ординатураны аяктаганы боюнча документи болушу керек. Айдоочуда автомектептин күбөлүгү болмоюнча машина башкарууга уруксат берилбейт. Ушул сыяктуу эле гид кесибин мамлекеттик жөнгө салуучу стандарттар жок. Кесипкөй гиддерде тоолуу өлкөлөрдүн туризм тармагындагы коопсуздукту камсыздоону жөнгө салуу боюнча эл аралык федерациянын берген лицензиясы болушу керек. Лицензиясы жок туруп, гид болуп иштесе Канада, Италия, Франция ж.б. бир нече өлкөлөр айып пул төлөтүү менен чектелбейт, абакка түшүрөт. Ошондуктан көп жылдан бери туризм тууралуу мыйзамга экстремалдык туризмдин гиддери менен инструкторлорунун ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуучу жоболорду кабыл алуу жагы мамлекетке сунушталып келе жатат.

Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

Cүрөттөр WWW

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии