-3.9 C
Бишкек
Вторник, 18 февраля, 2025
ДомойВ КИТАЕ“Чыгыш Венециясы” – Сучжоу шаарына саякат

“Чыгыш Венециясы” – Сучжоу шаарына саякат

Кытай элинде  “天上天堂,地下苏杭” деген накыл кеп бар. Анын мааниси “Асманда бейиш болсо, жерде Сучжоу менен Ханчжоу бар” дегенди түшүндүрөт. Чындыгында эле Сучжоу шаарынын кооздугунун атагы алыска, даңкы далайга кеткен. Бул жерде дүйнөнүн ар тарабынан келген туристтерди жолуктурууга болот.  Менин жеке пикиримде шаар кечинде өзгөчө көркүнө чыгат.

Сучжоу Кытайдын өзгөчө көркөм аймактарынын бири болуп саналат. Ал Янцзы дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан чоң шаар. Ал өзүнүн каналдары, көпүрөлөрү, пагодалары жана кооз бакчалары менен белгилүү. Жүздөгөн жылдар мурун бул бакчаларды бай үй-бүлөлөр тургузушкан. Азыркы кезде деле бул бакчалар жакшы аба ырайында сейилдөө үчүн эң жагымдуу жер болуп саналат. Сучжоу ошондой эле жибек өндүрүшүнүн негизги борбору катары дагы белгилүү. Бул жерде жайгашкан жибек фабрикасына болгон экскурсия сизге Кытайдын текстиль өнөр жайы багытында толугу менен маалымат бере алат.

Сучжоу шаары аймактын ар тараптуу мыкты жактарын чагылдырган көптөгөн ысымдарга ээ. Мисалы: “Ву падышалыгынын бешиги”, “Жибек борбору”, “Молчулуктун жери”, “Бакчалар дүйнөсү”, “Чыгыштын Венециясы”ж.б.. Сучжоу чынында Кытайдагы байыркы тарыхый борборлордун бири. Бул жерде тарыхтын жана маданияттын көп кылымдык салттары кылдаттык менен сакталган. Анда уникалдуу архитектурадан тартып,байыркы кулинардык рецепттерге чейин жолуктурууга болот. Сучжоунун жомоктогудай кооз бакчалары жана сейил бактары ЮНЕСКОнун эстеликтерине кирет, ал эми байыркы шаардын кооз дарыя каналдары жана көпүрөлөрү өз мезгилинде белгилүү саякатчы Марко Полону дагы таң калтырып: “Чоң жана улуу шаар” деген аталышка ээ болгон.

Сучжоу тарыхы 2500 жылдан ашуун убакытка созулат: 514-ж. ал Ву мамлекетинин борбору болгон. Дал ушул жерде Цин династиясы кулатылган. Аймак азыркы “Сучжоу” аталышын 589-жылы алган. Сун династиясынан бери шаар жибек өндүрүү боюнча дүйнөгө белгилүү борборго айланган. Чындыгында ал бүгүнкү күнгө чейин сакталып, өз актуалдуулугун жоготпой келет. Дал ушул жерден жибектен жасалган уникалдуу буюмдарды, анын ичинде жибектен жасалган чоң сүрөттөрдү алсаңыз болот. Бул эмгектерди атактуу Жибек сайма институтунун колунан көөрү төгүлгөн уз айымдары жаратышат. Шаарда Жибек музейи да бар.

Мин жана Цин династияларынын тушунда эл башында турган чиновниктер тарабынан Сучжоуда көптөгөн үйлөр, кооз бакчалар жана парктар курулган, алардын саны 18-кылымда 200дөн ашкан. Бүгүнкү күндө Сучжоу өзүнүн кереметтүү байыркы бакчалары, улуу пагодалары жана көп сандаган каналдары менен белгилүү. Ошондой эле байыркы таш көпүрөлөр дагы эч кимди кайдыгер калтырбайт.

Муну менен эле катар шаар замандан артта калбай динамикалуу өнүгүп жатат. Заманбап,  асман тиреген имараттар, бүгүнкү күндүн талабына жооп берген аймактар менен тарыхый курулуштар айкалышып, шаар өткөн кез менен учурдун эриш-аркагында жайгашкандай сезим калтырат.

“Аска бакчалардын падышалыгы” – Сучжоу шаарынын ажайып жайлары

Дүйнөгө белгилүү Сучжоу музейи 2200 чарчы метрди ээлеп, 15 000ден ашуун байыркы кытай искусствосуна эгедер. Ал эми Сучжоу шаарындагы Гуаньцян көчөсүнө 150 жылдан ашты. Ал 760 мге созулуп, даосист Сюан Миао храмынын алдында жайгашкандыктан, «ибадаткананын алдында» деген аталышты алган. Көчө өзүнүн винтаждык дүкөндөрү, тарыхый имараттары, нукура Сучжоу ашканасын тейлеген ресторандары жана мода бутиктери менен белгилүү.

Шаардын четинде жайгашкан Сучжоу шаарындагы Чжоужуан Кытайдын биринчи суу шаары. Чжоучжуандын тарыхы 900 жылдан ашуун убакытка созулуп, 100гө жакын байыркы короо үйү, 60тан ашык оюп жасалган таш арка жана 14 байыркы көпүрө бар. Шаарда кызыктуу кайык жарыштары жана укмуштуудай кооз чырак фестивалы өтөт.

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сучжоу шаарындагы “Момун чиновниктин бакчасы” 5 гектар аянтты ээлейт, анын жарымынан көбү суу. 16-кылымдын башында курулган чоң парк Мин династиясынын чиновнигинин резиденциясы болгон. Парктын кооз жасалма көлдөрүндө көпүрөлөр менен байланышкан жарашыктуу павильондор бар. Эң атактуусу — жергиликтүү суу сактагычтарда өсүп, үй-бүлө ишениминин символу катары эсептелген “мандарин” өрдөктөрүнүн павильону.

Сучжоудагы Жай бакчасы 1593-жылы курулган, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Укмуштуудай кооз бакча түрдүү стилдеги төрт бөлүктөн турат жана өзүнүн миниатюралык архитектуралык композициялары менен белгилүү.

Сучжоу шаарындагы Арстан үңкүр бакчасы үңкүрлөрү арстандарды элестеткен кызыктай аска түзүлүштөрү менен белгилүү. Ал монах Тянь Ру тарабынан устатынын элесине арналып курулган. Бул бакча көбүнчө “Аска бакчалардын падышалыгы” деп аталат жана анын имараттары Юань династиясынын (1279-1368) архитектурасынын сонун үлгүсү болуп саналат.

Нукура Сучжоу даамдары

Сучжоу ашканасы Кытайдын бардык аймактарынын кулинардык салттарын жана өзгөчө Шанхай ашканасынын өзгөчөлүктөрүн айкалыштырат. Ошентип, бардык жергиликтүү ресторандардын өзгөчө тамагы болуп, таттуу ачуу татымалдар менен кошо куурулган чаяндардан “билуо” жана бышырылган жашылчалар “джиоу” менен берилген “мандарин балыгы” болуп саналат.  Бул тамак өзгөчө жыпар жыт берген көк чай менен бирге даярдалат.

Дагы бир экзотикалык жергиликтүү тамак – “Дарбыз тоок” — дарбыздын кабыгынан жасалган идиште бууланган тоок эти. Таттуу тамактар ​​үчүн күрөң жана ак канттан жасалган таттуу сироп кошулган күрүч салмасы бар лотос сабагынан жасалган тамакты татып көрүү керек. Сучжоунун эң эски жана эң атактуу ресторандарынын көбү Гуаньцян жолунда жайгашкан, ал эми салттуу жергиликтүү ресторандарды Фэнхуан районунда тапса болот.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

Сүрөттөр редакцияга таандык

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии