Нурланбек Нышанов – Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор, дрижер, кыргыздын элдик музыкалык аспаптарын калыбына келтирүү боюнча өтө сейрек адис. Гезитибизге качанкы бир кылымдардагы аспаптарды жаңыртып жасоонун маселелери тууралуу маек курдук.
— Нурланбек мырза, элдик музыкалык аспаптарды жасап жайылтууга болгон дилгирленүүңүз кандайча башталды эле?
— Өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто чени болчу. Ошол учурда совет мейкиндигинде кайра куруу саясаты жүрүп, жалпы калктын аң-сезиминде бир кыйла өзгөрүүлөр болуп жаткан. Союздук республикалар өзүнүн түпкү тарыхына, салттуу маданиятына кайрылып, жок болуп бара жаткан улуттук баалуулуктарын калыбына келтирүү процесстери жүрүп турду. Менин жаштыгым ушундай оош-кыйыш мезгилге туш келди.
1987-жылы Фрунзеге окууга келген кезим эле. Филармониянын алдында улуттук музыкалык аспаптарды калыбына келтирүүчү эксперименталдык усткана ачылып иштеп жатыптыр. Ал жерден фольклордук музыкалык аспаптарды жаңыртууга катуу далалат кыла баштаган устат Сураган Айдаралиевдин шакирти болуп калдым. Биз адегенде үйлөмө аспаптарды жасоого кириштик. Сураган байкенин жардамы менен кадимки кыргыздын чоорун калыбына келтиргем. Андан соң чопо чоорду жасадык. Мен чопо чоорду айылдан жасап келгенимди учкай айтып берейин.
Чопо чоорду алгачкы жолу Токмоктон көрдүм. Ал жерде 1987-жылдын жаз айларында эл чыгармачылыгынын республикалык фестивалы өтүп жаткан. Фестивалга Баткен жергесинен Салам Кахраманов деген аксакал келиптир. Анын чопо чоору кичинекей келип, төрт көзөнөктүү болуп кыска кайрыктар ойнолот экен. Ал киши сахнанын артына чыккандан кийин жанына барып, чопо чоор кандай материалдан жасалганын сурап: «Мен да үйрөнсөм болобу?», — деп сурадым. Ал үйрөтүүгө дароо макул болуп, кечкисин мейманканага чакырды. Экөөбүздүн жолугушуубуз мен үчүн абдан олжолуу болду. Ал мага ушул аспаптын жасалышы тууралуу чыпчыргасын коротпой айтып берди. Чопо чоор керамикага керектүү болгон кызыл чопо топурактан жасалат же болбосо, бышкан кирпич чыгарылган ак чопо деле жарай берет экен. Салам аксакал мага өзүнүн бир чопо чоорун, аны жасай турган курал-шайманын кошуп берди. Ошондон көп өтпөй туулуп өскөн айылыма сапар тарттым. Ал жактан алгачкы жолу чопо чоорду жасоого кириштим. Айылдан Салам уста сүрөттөгөндөй ак чаптын топурагын таап, чопо чоорду жети көзөнөккө жеткирип жасап борбор калаага алып келгем. Андан кийин Сураган Айдаралиевдин устаканасында ага көп мезгил шакирт болуп иштеп, элдик музыкалык аспаптардын түрлөрүн жасоону өздөштүрдүм. Ал жерде чоор, чопо чоор, сыбызгы, нотанын «ре» түрүнө күүлөнгөн кичине чоорду жасадык. Анткени, устаканада аспаптарды жасоого керектүү болгон куралдар да, шарттар да бар эле.
Ошентип агачкы жолу филармониядагы Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук ансамблинин үйлөмө аспаптарын жасап бердик. Бара-бара элдик музыкалык аспаптардын түрлөрүн көбөйтүп, өркүндөтүп жүрүп отурдук. Кыргызда таптакыр унутта калган «кабар берүүчү» элдик аспаптар бар эле. Алар «Манас» эпосунда көп айтылган керней, сурнай, чыңыроон, жезнай деген үйлөмө аспаптар. Андан тышкары, урма аспаптар бар. Илгерки замандарда добулбас, доол, камыш сурнай, баңдулу сыяктуу аспаптардан турган ансабль болгон. Мен көп мезгил бою ушуларды кайра калыбына келтирүү керек деген максатта иштеп келе жатам.
— Мындан бир нече жыл мурда сиз «Манас» эпосунда элдик музыкалык аспаптар боюнча маалыматтар абдан көп экенин айттыңыз эле.
— Ооба, мен манасчылардан «Манас» эпосундагы музыкалык аспаптарга тиешелүү баардык маалыматтарды чогултуп берүүнү өтүндүм. Алар мунун үстүндө төрт ай бою тынбай иштешти. Мисалы, улуу манасчылар Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков жана кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын айткан варианттарынан кыргыздын музыкалык аспаптары боюнча маалыматтарды чогултуу иштери жүрдү. «Манаста» аспаптар эмнеден жасалганына чейинки маалыматтар бар экен. Мисалы, баңдулу тууралуу:
«Жезден кылган баңдулу,
Баңдулуну урганда,
Каңгыраган добушу
Бир күндүк жерге угулду» деген саптар бар.
Бул кытайдын: «Каа — аа- аң! деп созулуп барып, добушу чыккан гонг деген музыкалык аспабына окшошуураак болот экен. Баңдулунун формасы тегерек келип, түркүккө илинет. Бул аспап аскер кошуундарында, хан ордосунда колдонулган. Сураган байкеге менден башка Мирбек Маратбаев, Марат Берикбаев деген жигиттер шакирт болуп барган. Мындан Мирбектин жасаган баңдулусу барган сайын түп нускага жакындашып, абдан жакшы ийгиликке жетти. Дегеле, элдик музыкалык аспаптарды иликтеп жасаган усталар өтө сейрек. Биринчиден, бул чыгармачылык эргүү, экинчиден, кара жумуш, үчүнчүдөн, акыл эмгегин талап кылчу иш. Буга чыдамы жетип, туруктуу иштөө кыйын. Тапкан каражатың үй-бүлөнү бакубат кылып багууга жете бербейт. Ошондуктан фольклордук музыкалык аспаптарды жасоочу усталарды даярдоо өтө чоң көйгөй. Анткени, бул кесипке бир дагы окуу жайы адис даярдабайт.
Бүгүнкү күндө элдик музыкалык аспаптарыбыздын жалпы саны 24кө жетти. Айрым адамдар аларды апыртып айтып, 30-40ка жеткирип жиберип жатышат. Чындыгында 24 аспап деле аз эмес. Мунун көбүн бир замандарда жоготуп койгон болсок, азыр 80 пайызы кайра калыбына келтирилди. Акыркы 30 жылдан бери алар элге акырындап тарап жатат. «Манастан» алынган аспаптар тууралуу эмгек өзүнчө китеп болуп жарыкка чыкты. Айталы, чопо чоор, сыбызгы бир замандарда жок болуп кеткен. Тилекке жараша, азыр бул аспаптар кеңири белгилүү болуп калды. Андан тышкары, үйлөмө аспаптардын түрлөрү көбөйдү. Жоокерчилик замандарда казандай болуп килейген, үнү катуу чыгып кагылган чоң добулбас деген аспап да бар. Ал эми эң байыркы музыкалык аспаптын түрү – жыгач ооз комуз. Бул бизге Түштүк Сибирден келген. Жыгач ооз комуз Кыргызстандын Аксы, Ала-Бука өрөөндөрүндө кеңири таралган аспап болгон. Эгемендүүлүк жылдарынан кийин мунун кыргыз элине таралышына алабукалык Шакен Жоробекова деген эжебиз чоң салым кошкон. Бул бизде бадал өсүмдүктөрдүн катуу түрлөрү болгон шилби, асамуса жана бөрү карагаттын жыгачтарынан жасалат. Жыгач ооз комуз жалаң эле кыргызда жана Сибирде жашаган хакас, алтай, туваларда гана эмес, Кытай, Япония, Түштүк Чыгыш Азия, Түштүк Индияда таралган. Бирок, кээ бир өлкөдө бул аспапты бамбуктан жасашат. Окумуштуулардын иликтөөлөрүнө караганда, мунун пайда болушу 5000 жылдык доорду камтыйт. Байыркы замандарда жыгач ооз комузду бодо малдын кабыргасынан да жасалганын археологиялык табылгалар аныктаган.
— Кыргызстанда кеңири тарап калган темир ооз комуздун жагдайы кандай?
— Темир ооз комуз байыркы доордон бери эң кеңири тараган аспап. Дүйнөнүн 800 этникалык тайпасы бул аспапты өзүнүн аспабы деп эсептешип, ар кимиси ар башка атап алышкан. Канча эл ойносо ошончолук конструкциялык өзгөчөлүктөрү бар. Кыргызда бул аспап менен күү ойноо чеберчилиги жогорку деңгээлге өсүп жеткен. Бул аспаптын чыкканына эң кеминде 2000 жыл болгону тууралуу маалыматтар бар. Анткени, темир ооз комуз байыркы элдер металл иштетип, болотту ширетип чыгара баштаганда пайда болгон. Кыргызда темир ооз комуздун тили болоттон, эки жаагы күмүштөн же жезден жасалып келген.
Азыркы учурда кыргыз радиосунун алтын фондунда темир ооз комуз менен аткарылган 100дөн ашык элдик күүлөр сакталып турат. Байыркы доордо адегенде күүлөрдүн келип чыгуу тарыхын айтып, көрүүчүлөрдү өзүнө тартып, кызыктырып алган соң чертип ойношкон.
Мындан бир нече жыл мурда эл аралык уюмдардын бирине долбоор жазып, «Манас» эпосундагы аспаптарды жасап чыгарууга каржылык жардам алдык. Бир жыл бою Сураган байке, токтогулдук мыкты устат агайым Болот Батырканов, Мирбек, Марат жана мен болуп, беш уста «кабар берүүчү» аспаптарды калыбына келтирүүнүн үстүндө иштедик. Биз кернейди кыргыздын тембрине ылайыктап кайра жасап чыктык. Болот Батырканов экөөбүз кернейдин чоңун жана кичинесин жасадык. Сураган байке доолду кайра калыбына келтирди. Мирбек болсо «Манаста» сүрөттөлгөн илгерки тай казандай болгон чоң добулбасты жасады. Бир жылдан кийин элдик музыкалык аспаптардын бет ачарын өткөрдүк.
— Калыбына келтирилген аспаптар менен кандай чыгармалар аткарылып жатат?
— Туура айтасыз, жасалган аспаптарга ылайыктуу чыгарма жазууга туура келди. Менин окуучум Камбар Календаров абдан таланттуу композитор жигит. Ал «кабар берүүчү» аспаптар үчүн атайын чоң чыгарма жазды. Керней менен сурнай — добушу алыскы аралыкка угулган аспаптар. Жезден жасалган чыңыроондун үнү да узакка тарайт. «Манас» эпосунда:
«Чыңыроон тартып жезнайдан,
Чымчык учпас Кең-Сайдан», — деп айтылат. Илгерки замандарда аскерлерди бир жерге топтоо максатында ушул аспаптар чыгарылган.
2018-жылы Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери менен бирге «кабар берүүчү» аспаптардын ансамблин түздүк. Мунун таасири абдан күчтүү. Кайсы бир замандарда ата-бабаларыбыз ак кар баскан аскалуу тоолорду, каухардай мелмилдеген көлдөрдү, мөңгүлөрдөн аккан өзөн суулар менен дарыяларды, айтор, кыргыз жергесиндеги баардык байлыктарды душмандардан коргоп келишкен. Ошондогу жоокерлерди сапка тизүү үчүн колдонулган музыкалык аспаптардын азыркы күндө асман-жердей чоң руханий баалуулугу бар. Менин бир таанышым ушул аспаптардын катышуусундагы концернттен чыгып: «Мага силердин концертиңер абдан чоң таасир калтырды. Концертти көрүп отуруп, абалкы дүйнөгө барып келгендей болдум. Ошол учурда менин алдыман бирөө чыгып тийишсе, анын ким экенине карабай көтөрүп чаап, токмоктоп коймокмун. Манас бабабыздын доорундагы намыстуу кыргыздын күчүн алгандай таасирленип чыктым», — деди.
Эми бул ансамблди үзгүлтүксүз иштетүү үчүн шарт керек. «Жаңы репертуарды түзүү зарыл. Керней, сурнай, чыңыроон үчүн чыгармаларды кайдан алабыз?», — деген маселе турду. Мына ошондо бизге башка аспаптар жардамга келди. Кыргызда бир аспаптын күүсү экинчи аспапка салынып ойноло берет. Өзгөчө сурнайдын, чыңыроондун күүсү кылкыякка салынып аткарылат. Мен үч жыл бою кыргыз радиосунун алтын фондусунан салт күүлөрдү чогултуп нотага түшүрдүм.
— Маегиңизге рахмат
Автор: Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт WWW