-3.9 C
Бишкек
Вторник, 18 февраля, 2025
ДомойАналитикаАйланма жолдор арбын курулат

Айланма жолдор арбын курулат

Өткөн жылдын декабрь айында өлкөнүн жол инфратүзүмү тармагындагы эки чоң тарыхый окуяны айтып коюубуз милдет. Биринчиси, Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) программасы аркылуу Өзгөн шаарын айланып өтө турган жол курулуп ишке берилди. Мунун дагы бир өзгөчөлүгү – өлкөдө биринчи жолу акы төлөнүүчү жол болуп салынды. Экинчиси, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу старт алды.

Ички инвесторлорго артыкчылык берилет

     Өнүккөн мамлекеттерде МЖӨ ыкмасы натыйжалуу программа катары турмушка кеңири ашырылып келе жатат. Бирок, Кыргызстанда бул боюнча кабыл алынган мыйзам медицинада, тактап айтсак, эки аймакта гемодиализ борбору курулуп, башка тармактарда бир топ жылдардан бери дээрлик ордунан жылбай келе жаткан. Ал эми өткөн жылы Президент Садыр Жапаров МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койгон соң, муз ордунан жыла баштады.

      Совет доорунда автотрассалардын көпчүлүк бөлүгү шаарларды аралап өтүп курулуп калган. Ал түгүл эгемендүүлүк жылдарынан бери деле эл аралык чоң жолдор калктуу пункттардын ичинен алынып, сыртка чыгарылбай келди. 1995-жылы өлкөдө 130 000 даана автоунаа катталган болсо, бүгүнкү күндө ал 1,2 млн. ашкан. Кыргызстанда жүргүнчү ташуунун, жүк жеткирүүнүн 85 пайызы автожолдор аркылуу өтүп, өлкө экономикасынын башкы локомотивине айланганын эч ким тана албайт. Ал эми азыркы учурда болгону 511 чакырымдан ашыгыраак темир жолубуз бар.             

      Өзгөн шаарын тең жарып өткөн жол өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Бишкек-Ош жолунун маанилүү тилкеси, байланышуунун негизги артериясы болуп эсептелинет. Шаардын чок ортосундагы узун тыгындан автоунаалар 1,5 саат бою чыга албай калган окуялар көп болуп келген. Айдоочулардын убактысын, нервин жеген бул көйгөйдү борбордук бийликке айтпаган киши калган эмес. Мындан мурдагы элдик Курултайдын эки жолкусунда көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөндүк элдин арманын жеткирип турушкан. Анткени, чоң тыгындын кесепети тийип, ал жол кырсыктары менен коштолуп турчу.

      Өзгөндүн айланма жолунун курулушу 2024-жылдын январь айында башталып, жыл аягында ишке берилгени чоң олжо болду. Жолу оңолгондун иши оңолот демекчи, бул долбоордун алкагында жаңы жол гана салынбастан, Кара-Дарыяга 190 метр, Жазы дарыясына 77 метрлик эки чоң көпүрө салынды. Жергиликтүү калктын мал айдап өтүүсү, ички айылдардын өз ара каттамы үчүн жол асты менен өтүүчү өтмөктөр да курулду. Тактап айтсак, айланма жолдун ачылышы Ош облусунун логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, соода, туризм тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө боло турганы шексиз.

      Түндүк-түштүк альтернативдик жолу дээрлик бүтүп баратат. Андан тышкары, Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука-Жаңы-Базар- Кировка, Түп-Кеген жана Корумду-Балбай баатыр автожолдорунун курулушу 2025-жылы толук бүткөрүлүшү керек деген Министрлер Кабинетинин планы бар. Жалпысынан алганда, 2024-жылы жолдорду курууга республикалык бюджеттен 4,45 млрд. сом бөлүнгөн.

      Быйылкы жылы шаарларды айланып өтүүчү жолдорду куруу улантыла турган болду. Мисалы, Ош шаарынын 35, Ноокаттын 12 чакырым айланма жолдору курулат. Өзгөндүн айланма жолунун ачылышына катышкан Президент С.Жапаров МЖӨ ыкмасы менен акы төлөп жүрүүчү альтернативдүү жолдорду курууга инвесторлорду чакырды. Айталы, Суусамыр-Арал, Алматы-Кемин- Ысык-Көл, Бишкек-Кемин ж.б. бир нече альтернативдүү жолдордун долбоорлору даярдалып бүтүп, аларга инвесторлор изделип жаткан чагы.

      «Биз адегенде өзүбүздүн ички инвесторлорго артыкчылык беребиз, — деди С.Жапаров. Керек болсо, долбоорлорду конкурсу жок түз берүүгө даярбыз. Акчаңыздар жетпей жаткан болсо мамлекет жардамга келет. Мен билгенден, Өзгөн айланма жолун салууга жумшалган каражаттын 10 млн. долларга жакын бөлүгүн ички инвесторлор банктан кредит катары алышты. Биз мындан ары ички инвестор келбесе гана ушул сыяктуу долбоорлорду сырткы инвесторлорго берүүгө өтөбүз. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө завод-фабрикаларды салып, бизнести катуу өнүктүрүп жатышкан мекендештерибиз да көбөйүп калды. Азыр биз аларды мамлекеттин кепилдиги менен чакырып, инвестиция салдырууга өттүк. Мисалы, саясатчы, ишкер Өмүрбек Бабанов «Азия Мол» бизнес борборунун аянтын кеңейтип, сырткы келбетин жакшыртуу үчүн 18-20 млн. долларга жакын инвестиция салып жатат. Андан тышкары, 50 млн. долларга технопарк курат. Буюрса бул 2025-жылдын январь айынын аягында бүткөрүлөт. Башка ички инвесторлорго Ысык-Көлдүн жээгинен 15 га жана 20 га жерлерди бердик. Алардын бири 100 млн. доллар, экинчиси 150 млн. долларга 5 жылдыздуу мейманканаларды, пансионанаттарды салып башташты. Алдыдагы 2 жылдын ичинде буларды да ишке киргизебиз. 2024-жылы биз мурдагы чиновниктерге, бизнесмендерге кирешесин адалдоого мыйзам кабыл алып бердик. Алар эми инвестициясын коркпой-үркпөй өлкө экономикасына салып башташты».

      Акыркы үч жылдан бери өлкөдө саясий туруктуулук орноп, калктын социалдык, экономикалык жагдайы бир кылка жолго түшө баштаган соң, кыргыз бийлигине инвесторлор кезекке тура баштады. Бул жагдайды мамлекет башчы мындай салыштырды: «Мурда бизди инвесторлор тандаса, азыркы учурда биз инвесторлорду тандап калдык. 2021-жылдан бери Кыргызстанга түз жана кыйыр түрдө жалпы суммасы 5 млрд. доллардан ашык тыштан инвестиция келди».

        Быйылкы жылы мамлекет ички жана тышкы эл аралык жолдорду курууну эселеп колго ала тургандай болуп калды. Мисалы, Токтогул суу сактагычынын ортосун жарып өткөн көпүрө салына турган болууда. Эгерде ушул долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, азыркы жол 80 чакырымга кыскарат. Ошондой эле Төө-Ашуудагы туннелден 1000 метрге чейинки төмөнкү альтернативдүү туннелди куруу аркылуу жолдо жүрүүнү кыйла кыскарта турган дагы бир долбоор бар экени кабарланууда. Андан тышкары, Бишкектен «Манас» аэропорту тарапка кетүүчү Маевка, Озерная айылдары аркылуу өтө турган 27 чакырым альтернативдүү жолду куруунун зарылдыгы келип чыккан. Ушул долбоор эң жогорку сапатка ылайыкталып курулушу керек. Бул да акы төлөнүүчү жол болуп салынуусу шарт.

Даңгыр жолго түш же тыгынды танда

       Кыргызстанда акы төлөнүүчү жол алгачкы ирет ишке берилгендиктен айрым жарандар ага көнө алышпай, оң-терс пикирлерин айтып жатышкандары бар. Мисалы, оор жүк ташыган айдоочулар 700 сом капчыкка күч келтире турганын айтып жатышат. «Өзгөндүн ичинен өтүүдөн жүдөп, чарчаганыбыз чындык», — дейт, — бир топ жылдан бери айдоочулук кесипти аркалаган Турдуманбет Алимбаев. — Бирок, оор жүк ташуучу машиналар өлкөгө кирип-чыккан товарлардын негизги бөлүгүн жеткиришет. Башкача айтсам, ички жана тышкы сооданын, экономиканын кыр аркасын түзүп турат. Айланма жолдун төлөмүн жеңил унааларга, мотоциклдерге 200 сом, аз жүктүү унааларга жана жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарга 350 сом кылып коюушту. Салыштырсаңар 700 сом менен булардын айырмасы абдан чоң болуп жатат. Бери дегенде 500 сомго төмөндөтүшсө болмок.

      Ал эми жол коммуникациясы тармагынын адистеринин айтымында, Өзгөн шаарынын көйгөйүнө окшош жерлер өлкөдө али арбын. Ош, Чолпон-Ата, Балыкчы, Сокулук, Кант ж.б.чоң-кичине шаарлардын тыгын маселеси бүгүнкүгө чейин ордунан козголо элек. Айрыкча, Бишкектин ички тыгыны эртең мененки жана кечкисин өз апогейине жетип, шаардын борбордук бөлүгүнөн кичи райондоруна чейин бир же бир жарым сааттык убакытты алып жаткан кези. Ушул көйгөйдү четтетүү үчүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев быйыл шаардын айланма жолунун курулушу башталаарын айтып жатат.

         Мурдагы Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов мындай дейт: «Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери тыгындарды азайтып, чиймеленген транзиттик түйүндөрдү чечүү үчүн айланма жолдорду салып келишет. Айрыкча Кытай, Европа өлкөлөрү, Түркия ж.б. мамлекеттерде акы төлөнүүчү жолдорду колдонуу небактан бери практикаланган кадыресе көрүнүш. Эми Өзгөндүн айланма жолуна келсек, ошол эле фуралардын айдоочулары ал жердеги тыгын жолдо улам жылып, улам токтоп отуруп 15 литрден ашык күйүүчү май коротушат.  1 литр солярканын баасы 75 сомдон болуп жаткан учурда ошол эле 700 сом чөнтөктөн чыгып кетет. Анын үстүнө, сөзсүз айланма жолдон өткүн деп, айдоочуларды эч ким мажбурлабайт. Кааласаң жаңы жол менен бар, каалабасаң тыгын жолго сал, ал өз ишиң. Айланма жолдун шарапаты менен бир катар инфратүзүмдөр жакшырды. Мисалы, Ноокаттагы 3 жылдан бери курулбай турган көпүрө 3 айда курулду. Буга чейин эл аралык башка подрядчиктер ушундай эле узундуктагы жолду 2-3 жылда куруп бүтүрүшчү»

Зардалынын жолуна 390 млн. сом бөлүнөт

«Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмнең бар?», — деген кеп бекер жеринен айтылып калбаса керек. Зардалы – асман тиреген бийик тоолору, бозоргон жалама чоку зоолору бар Баткендин эң алыскы айылы. Чынында Зардалы цивилизациядан биротоло бөлүнүп калган Кыргызстандагы эң четки кыштак. Буга чейин ал жакка бир да Президент барган эмес экен. Өткөн жылдын сентябрында Президент С.Жапаров өзү барып, ал жердеги элдин турмушунан кабар алган болчу. Атүгүл шайлоолордо деле анчалык эске алына бербеген бир нече түтүндүү калк жашайт. Ушул элге жаңы жылдын алдында алгачкы жолу электр энергиясы тартылып барды. Андан мурдараак уюлдук компаниялардын бирөөсү станциясын орнотуп кеткен. Президент С.Жапаров: «Зардалыга кетүүчү жолдун долбоору 2025-жылдын бюджетине кирди. Жаз алды менен бир тилкелүү жол салууну баштайбыз. Аска-зоолуу келип, өтө кооптуу аймак болгондуктан эки тилкелүү жол курууга мүмкүн эмес. Ар дайыма таш кулап кетүү коркунучу сакталып турат. Бирок, бир тилкелүү болуп, каршысында келе жаткан машинаны коё берүү үчүн, жолдун ылайыктуу жерлерине «чөнтөкчөлөрдү» кошо курабыз», — деп билдирген.

     Быйыл салына турган жолго өткөн күздүн жылуу күндөрүндө эле алгачкы техникалар жеткирилип, жолду сүрдүрүү иштери колго алыныптыр. Кыштакка чейинки 4,2 чакырым жолду курууга октябрда тендер жарыяланган. Жолдун бир учу Зардалы, экинчи учу район тараптан болуп кеңейтилүүгө өткөн. Аска-зоону бойлоп, бийик коктуну кыялай баскан бир аяк жолдо машина жай мезгилинде эле каттайт. Кыш күндөрү Зардалыда дээрлик сырт дүйнө менен байланыш токтойт.

Автор: Нарынкүл Назаралиева

Сүрөт WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии