Чейрек кылымдан бери күтүлүп келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна Жалал-Абад облусунун Төш-Кутчу айылында старт берилиши 2024-жылдын 27-декабрын тарыхта калтырды. Эске салсак, өткөн жылдын 6-июнунда кылым курулушу аталган бул долбоорду баштоого үч өлкөнүн президенттеринин Пекиндеги жолугушуусунун алкагында макулдашууга жетишилген. Долбоорду Жогорку Кеңеш 19-июнда ратификациялап, Президент С.Жапаров ага 27-июнда кол койгон. Ал эми 28-сентябрда темир жолду куруу боюнча Бишкекте «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» биргелешкен ишканасы түзүлгөн.
Темир жолдун курулушу СУАРдын Кашкар шаарынан башталып, Кыргызстандагы бөлүгү Торугарт, Арпа, Кош-Төбө, Макмал, Жалал-Абад шаары тарапка карай кетип, жүк жеткирүүнүн убактысын 7-8 күнгө, 900 чакырымга кыскартат. Ал эми Өзбекстан тараптагы бөлүгү Анжиян калаасынан бүтөт. Темир жолдун жалпы узундугу 522,94 километрди түзө турган болду. Анын 155 километри Кытайдын, 304, 94 километри Кыргызстандын, ал эми 63 километри Өзбекстандын аймагына тиешелүү болуп салынат.
Долбоордун жалпы наркы 4 млрд. 665 млн. долларды түзүп, мунун 2 млрд. 332 млн. долларын Кытай «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу биргелешкен ишканасына кредит түрүндө бере турганы кабарланды. Кыргызстан тарап долбоордун уставдык капиталына 11 млрд. сом бөлө турганы да анык болууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлиги 2025-жылдын бюджетинде караган.
Эл аралык алкактагы мега долбоордун жакшы шарапаты менен курула турган ири инфратүзүмдөргө токтоло кетели. Кыргызстандын аймагында тепловоз жүргүзүүчү линия тартылып, ал өз убагында электрлештирүү менен коштолот. Долбоор боюнча анын ылдамдыгы саатына 120 чакырымды түзүп, 20 станция, анын ичинде Торугарт, Жалал-Абад чек ара станциялары, ошондой эле жүк жүктөөчү Макмал станциясы курулмакчы.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери алты жылдык мезгилди алаары болжолдонуп жатат. Бул климаты өтө катаал шартта аткарыла турган тарыхый маанидеги эң ири долбоор болгондугу үчүн да кылым курулушу деп аталууга жөндүү. Темир жол бийик-бийик тоо кыркаларын, бөксө тоолорду, бирде жогортон, бирде төмөнтөн чукул түшүп аккан дарыя суулары бар аймактарды аралап өтөт. Абалкы ата-бабалар мурастаган Ала-Тоо койну 94 пайыз тоолор менен курчалып, ал жакта жылдын төрт мезгилинде суугу жандан өтүп турат. Сейсмикалык жагдайдан алганда, аяр мамилени талап кылуучу жана заманбап технологиялардын жетишкендиги менен аткарылуучу жумуш. Булардын баары долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинде эске алынып, түбөлүк тоң баскан аскалуу аймактарда чоң тобокелчиликтер менен жумуш башталат. Ал жакка курулуш ресурстарын жеткирип баруу да өзгөчө кыйынчылыкты талап кылаары турган иш.
Долбоордун алкагында 27 тоннель курулуп, алар геологиялык фактору жагымсыз келип, катмарланган муздардын жарылып, жылмышып кетүүсү менен кооптуулугу бар аска-зоолордон өтөт. Анын ичинен Казарман тоннели эң узундугу менен айырмаланып, айрыкча инженердик жумуштардын оордугу да, тобокелчилиги да көп болоору айтылууда. Андан тышкары, 15,08 чакырымга созулуп, темир жолдун жалпы 4,9 пайызын түзгөн 46 көпүрө курулушу керек. Алардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Кыргызстандын аймагына туш келет экен. Айтканга оңой көрүнгөнү менен ушунча көпүрөнү куруу көптөгөн табигый кыйынчылыктуу шартта ишке ашырылмакчы. Өзгөчө Көк-Арт дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөгө 43 кабаттуу имараттын эквивалентине барабар келген 122 метрлик тирөөч орнотулуп, ал бүтүндөй темир жол линиясынын өтө орчундуу объектилеринин бирине кирет.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ийгиликтүү ишке ашырылып калса, Кытай менен Борбор Азия регионун жакындатуучу эң кыска жол коридору болуп, Азиядан Европаны көздөй жана Перс булуңундагы өлкөлөрдү байланыштырган жаңы альтернативдүү каттамга айланат. Буюрса, өлкөбүздө жергиликтүү деңгээлде курулуш материалдары, курулуш техникалары жаатындагы индустриялдык өсүштөр болоору күтүлүүдө. Андан тышкары, миңдеген жумуш орундары пайда болуп, техникалык адистерди окутуп даярдоо иштери жүргүзүлмөкчү.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна мезгил кутучасын коюу аземинде Президент Садыр Жапаров мындай деди: «Бул темир жолдун курулушу региондун транспорттук инфратүзүмүнүн өнүгүшүндө жаңы доорду баштай турган тарыхый окуя. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – жөн гана транспорттук коридор эмес, бул Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыруучу маанилүү стратегиялык көпүрө. Тагыраак айтканда, жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин рынокторуна жол ачат. Ушул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга, андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздайт. Темир жол Кыргызстандын аймактар аралык ички байланышын чыңдайт. Эл аралык транспорттук транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин жалпы максаттарына толук жооп берет. Темир жолдун курулушу менен Чыгыш жана Батыш элдеринин ортосунда карым-катнаш түзүлүп, кадимки Улуу Жибек жолунун тарыхый деми калыбына келет. Бул жол бүтүндөй региондун өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы чыңдап миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртат. Биринчиден, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн ыкчамдатат. Долбоорду ишке ашырсак, Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары Кыргызстандын ролу бекемделет. Жүк ташуулардын көлөмү олуттуу өсөт. Экинчиден, өлкөнүн аймактарынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөт. Жаңы инфратүзүмдөр аркылуу соода, туризм жана өнөр жай тармактарынын өнүгүшү ыкчамдап, барууга кыйын болгон райондорго транспорттун жеткиликтүүлүгү артат. Мындан тышкары, темир жолду куруунун жана эксплуатациялоонун баардык этаптарында миңдеген жумуш орундары түзүлүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык жагдайына оң таасирин тийгизет. Балыкчыдан Макмалга чейинки темир жол курулуп келип, ушул темир жолго кошулат. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгү темир жол аркылуу да байланышып калат».
Аталган иш чарага катышкан Кытайдын Өнүгүү жана реформа мамлекеттик комитетинин төрагасы Жень Шанзе КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин билдирүүсүн окуп, бул долбоор Пекин үчүн маанилүү экендигине токтолду. «Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу баарыбыздын утушубуз болот. Андыктан Кытай Эл Республикасы өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликтүү иштерди мөөнөтүндө аткарууну убада кылат. Биздин өнөктөштөрүбүз — Кыргызстан менен Өзбекстан келечектүү ушул долбоордун ыкчам аяктап, ишке киришүүсүнө баардык аракетин жумшап жатышканына ыраазычылык айткыбыз келет. Буга чейинки мамлекеттик деңгээлдеги жолугушуулар бүгүн өз натыйжасын берди», — деди ал.
Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшит Ходжаев Президент Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо сөзүн окуду. «Түбөлүк достукту аркалаган үч өлкө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоого 30 жыл бою умтулган. Бул долбоор эл аралык маанидеги транспорттук артерия болуп түзүлүп, Кытай менен Борбор Азия регионунун каттамдарын жакындатат. Биздин өлкөлөрдүн ар тармактуу кызматташтыгын, стратегиялык өнөктөштүгүн бекем өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул долбоор «Бир алкак – бир жол» демилгесинин максаттарына толук дал келип, бүгүнкү шартта дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерин тынчтыкта туруктуу гүлдөп өнүгүүсүн шарттайт. Ушул иште менин урматтуу коллегаларым КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинге жана КРдин Президенти Садыр Жапаровго долбоорду жылдырууга активдүү катышкандарына чын дилимден ыраазычылык билдирем», — деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала келтирилген маалыматтарга караганда, эл аралык темир жол коридору аркылуу жылына 15 млн. тоннадан ашык жүк ташылуусу максатталып жатат.
Эксперттик көз караштан алганда дагы ушул мега долбоордун өлкө экономикасына тийгизүүчү ролу абдан зор. «Кыргызстан транзиттик өлкө болбогондуктан транспорттук туңгуюкта калып келүүдө. – дейт Кыргызстандын жүк ташуучулар жана логистика ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев. – Өлкөбүздүн эл аралык жүк ташууларынын 98 пайызы автожолдор аркылуу ишке ашырылат. Темир жол менен жүк ташуу болгону 2 пайызды түзөт. Ал эми автомобиль транспорт каражаттарынын 90 пайызы менчик компанияларга тиешелүү. Темир жол тармагы өнүкпөгөн же деңиз портуна чыгууга мүмкүндүгү жок чакан өлкө үчүн бул абдан чоң көйгөй. Өзүңүздөргө жакшы белгилүү, Кыргызстандын фуралары бир уюмга мүчө мамлекеттердин чек арасынан да жумалап өтө албай, 9 чакырым тыгында туруп азап чегип келишет… Тез бузулуучу жашылча-жемиштерди коё бергени эле болбосо, алардын чек арачылары көптөгөн товарларды жерге түшүрттүрүп, кайра салдыртып ыксыз текшерүүгө алышат. Айта берсе арман көп…
Кырк жыл бою жүк ташуу тармагында иштеген адам катары байкаганым, айрым постсоветтик республикалардын орто чарба үй-бүлөлөрүнө салыштырмалуу калкыбыз 30 жылдан ашуун мезгилден бери Кытайдын товар өндүрүү потенциалын пайдаланып, реэкспортту жолго коюп, жашоо-шартын кыйла оңдоп алды. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп калса, өлкөбүз алгачкы жолу толук кандуу транзиттик өлкөгө айланганы турат. Анткени, жүк жеткирүү, жүргүнчүлөрдү ташуу ушул эл аралык коридорго көбүрөөк ыктап, Кыргызстандын тышкы дүйнө менен соода-экономикалык байланышын кадырэсе күчтөндүрөт. Ушул темир жол аркылуу транзиттик төлөмдөн жылына 200 млн. доллардан башталып, бара-бара көбөйүп 1 млрд. долларга жакын бюджетке каражат түшө тургандыгы боюнча эсептөөлөргө ишенүүгө болот».
Элибизде «жакшы тилек – жарым ырыс» деп айтылат. Буюрса, кылым курулушуна тең болгон темир жол салынып бүткөн күн да келип жетет. Эл аралык ири маршрутту жээктей конгон айылдардын жергиликтүү эли соода-сатыгын өткөрүп, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө чоң түрткү болот. Логистикалык инфраструктура жолго коюлуп, кампалар, тамактануучу жайлар, базарлар, дарыканалар ж.б. ондогон тейлөө жайларынын түрлөрү түптөлөт.
Долбоордун курулушу үч өлкөдө бир убакта башталып, ал үстүбүздөгү жылдын май айында старт алмакчы.