Министрлер Кабинетинин расмий органы, элибиздин алгачкы төл гезити «Кыргыз Туусу» менен «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезитинин туруктуу негизде жемиштүү кызматташып келе жатканына сегиз жылга карады. Жакында эки басылманын жетекчилери Алмаз Кулматов менен Ван Бо мырзанын жолугушуусунда кызматташуунун жаңы багыттары, мерчемдүү чыгармачылык долбоор тууралуу сүйлөшүлдү.
«Кыргыз Туусу» гезити 2024-жылы 100 жашка чыгып, бир кылымдык мааракесин белгиледи. Ал эми «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезити Кыргызстанда алгачкы жолу жарык көргөнүнө жаңырган жылда 10 жыл толот. Эки редакция такай кызматташкан мезгилден бери «Кыргыз Туусуна» жарнамалык материалдар үзгүлтүксүз берилип, окурмандарды кызыктырган ар кыл темалар басылып келүүдө. Андан тышкары, бир катар кыргыз медиа өнөктөштөрүнүн Кытай жергесине болгон иш сапарлары «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» басылмасынын жетекчилигинин демилгеси менен ишке ашырылып келе жатат. 2024-жылы да мындай алгылыктуу иштер аз болгон жок. Ушуга байланыштуу анын башкы директору Ван Бого «Кыргыз Туусу» гезити «Жылдын мыкты жетекчиси» деген дипломун ыйгарып, төш белгисин такканы сыйлык өз ээсин тапты деп айтууга негиз бар.
Ал эми 2023-жылдын июнь айында Кытайдын Шаньдун провинциясынын Циндао шаарында өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аналитикалык борборлорунун жана маалымат каражаттарынын ири форумунда «Кыргыз Туусу» менен «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» басылмаларынын кызматташтыгынын үлгүсүндөгү артыкчылыктуу иштери тууралуу видео ролик көрсөтүлүп, форумга кыргыздын төл гезити онлайн катышканын өзүнчө белгилеп кетүүгө арзыйт.
Бирок, убакыт өткөн сайын алака катыштын жаңы багыттарын, формаларын издөө мезгил талабындагы иш экен. Ошондуктан жаңы жылдан баштап, өз ара кызматташууну бийик деңгээлге көтөрүү, макалаларды мурдагыдан да байытып, кеңири жыйылтуу боюнча эки редактор бир катар макулдашууларды жүргүздү.
«Нечен кылымдар мурда Улуу Жибек жолунун кербендери кыргыз жергеси аркылуу өтүп, чыгыш менен батышты бириктирген соода жолун түзүшкөн, — дейт Алмаз Кулматов. — КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин 2023-жылдын сентябрь айындагы «Бир алкак-Бир жол» демилгеси менен өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардын башында Кыргызстандын «Улуу Жибек жолундагы дипломатия» тууралуу демилгеси бар. Ушул эки демилге бири-бири менен максатташ болуп үндөшүп турат. Ал эми 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандагы бөлүгүнүн курулушун баштоо иш чарасы өткөрүлдү. Мында эки гезиттин өз ара кызматташтыгынын символикалык мааниси бар. Ушул тарыхый мега долбоордун ар бир этабында эки гезит чогуу пресс-турларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Анткени, темир жол климат шарты катаал болгон бийик тоо кыркаларын, өзөн сууларды, сейсмикалык активдүү жерлерди аралап өтөт. Көптөгөн тоннелдер, көпүрөлөр, инфраструктуралык объектилер курулат. Ошондой кыйын кырдаалда аткарылган жумуш процессин тарых барагында калтыруу, аларды үч өлкөнүн калкына жеткирип туруу биздин милдет. Буюрса, рельсалар төшөлүп бүтүп, поезд алгачкы сапарга чыккан жылдарга чейинки жумуштарды чагылдырып турууну эки гезит макулдаштык».
Алмаз Кулматов «Кыргыз Туусу» гезитинин чыгармачылык жаңы долбоорлору тууралуу айтып берди. Мисалы, алдыдагы жылдары өлкөдө турак жай, энергетика, социалдык объектилер ж.б. тармактарда күрдөөлдүү курулуштар көп болоору күтүлүп жатат. Анда кыш кыноочу, ширетүүчү, монтаждоочу, инженердик иштер ж.б. түрдүү адистиктердин — эмгек адамынын ролу баа жеткис. Кытай илимий технологиясы токтоосуз өнүгүп жаткан ири индустриялдуу бай мамлекет. Ал жактан дагы эмгек адамын даңазалап, кадырын көтөрүүнүн мыкты тажрыйбасын алуу керек.
Ван Бо акыркы жылдары Борбор Азия республикалары менен Кытайдын журналисттеринин кызматташтыгы кыйла жогорулап калганын белгиледи. Ага быйыл Түркиянын медиа өкүлдөрү да кошулду. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча «Кыргыз Туусунун» пресс-турларды өткөрүү боюнча артыкчылыктуу сунушун чын дилден колдоорун билдирди. Андан тышкары, тажрыйба алмашуу иретинде Кытайга иш сапарларды уюштурууда кылым карыткан гезиттеги кесиптештерге шарт түзүлө турган болууда.
Автор: Нарынкүл Назаралиева
Сүрөттөр редакцияга таандык