-11.9 C
Бишкек
Пятница, 24 января, 2025
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКлара Ажибекова, Кыргызстан коммунисттик партиясынын 1-катчысы: “Ынтымагыңар эселеп артыла берсин!”

Клара Ажибекова, Кыргызстан коммунисттик партиясынын 1-катчысы: “Ынтымагыңар эселеп артыла берсин!”

— Өтүп жаткан жылы мамлекетибизде жакшы жаңылыктар абдан көп болду. Президентибиз Садыр Жапаров калкты социалдык колдоого алып, аны ар тараптуу ишке ашырууну туруктуу жолго салууда. Айта кетсем, Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери алгачкы жолу үйү жок элге мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүнүн ачкычын салтанаттуу тапшырды. Калкка массалык түрдө үй берүү мурда болгон эмес. Менин бул пикириме сиздер да кошуласыздар деп ойлойм. Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн миңдеген мигранттарды мекенге кайтаруунун аракетинде жаңы ишканаларды куруп, жумуш менен камсыздоого өтүүдө. Декабрдын аягында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери башталаарын Курултайда мамлекет башчысы жар салды.

     Жеке турмушум да жакшылыктар менен коштолду. Менин 8 неберем, 13 чөбөрөм бар. Ноябрь айында дагы бир чөбөрөм төрөлүп, бешик той бердик. Президент Садыр Жапаров жаштарды көп балалуу болууга үндөп, демографиялык маселени колдоого алып, материалдык жардам берилерин баса белгилеп кетпедиби.

       Алдыда келе жаткан 2025-жылда кошуна мамлекеттер менен интеграциялашууну күчөтүү керек. Өлкөгө жаңы технологияларды тартып, алардын алдыңкы тажрыйбасын жаштарыбыз үйрөнсө дейм. Эң башкысы, дүйнөдө тынчтык орноп, көп улуттуу Кыргызстан өлкөсү байгерчиликте жашаарынан үмүтүм чоң. Жакырчылыкты кыскартуу боюнча социалдык контракт программасы жаңы жылда да улантыла турганы жакшы көрүнүш.

    Ал эми сиздер — «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезитинин эмгек жамааты чың ден соолукта болгула. Үй-бүлөлүк алкакта мерчемделген планыңар ишке ашуусуна чын дилимден тилектештигимди билдиргим келет. Мындан ары да ынтымагыңар эселеп артыла беришин каалайм.

  КР ЖК депутаты Карим Ханджеза:Гезитиңердин алгачкы саны көз алдымда турат”

— Мен Кыргызстандагы жакшы өзгөрүүлөрдү өзүмдүн жеке турмушумдан бөлүп карабайм. Ошондуктан айтарым, 2024-жыл абдан жемиштүү жыл болду. Шүгүрчүлүк, быйыл кыргыз-кытай өз ара алака-катышы бекемделүүнүн үсүндө болуп, эки элдин кызматташтыгы жаңыча старт алды деп эсептейм. Анткени, Президентибиз Садыр Жапаровдун КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен Кытайдагы жолугушуусу буга чоң түрткү берип, ошондон тарта инвестиция тартууга кадимкидей жол ачылып калды.

   2025-жыл мындан да ийгиликтүү болоруна күмөнүм жок. Менин округумда да, башка депутаттардын округдарында да бир топ курулуштар жүрүп, ийгиликтер менен коштолору күтүлүп жатат. Келерки жыл жалпы элибиз үчүн ийгиликтердин жылына айланат деген ишеним чоң. Бул үчүн Президент Садыр Жапаров да, өкмөттүн жаңы курамы да парламент менен бирдикте бардык аракеттерди көрүүсү керек.

        Мен «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезитин жакшы көрүп окуйм. Себеби, ушул басылманын алгачкы  санынан  бери такай окуйм, ошондуктан анын тарыхый жолу  көз алдымда. Келээрки 2025-жылы  сиздердин гезиттин Кыргызстанда чыгып жатканына 10 жыл толот. Гезитиңерге инвестиция тартылып, колдоо көп болсун. Силердеги маалыматтар социалдык тармактарга да байма-бай таратылып келе жатканы кубандырат. Редакциянын тажрыйбалуу, изденгич журналисттерине албан чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетким келет.

Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии