Түштүк Кытай авиакомпаниясы (China Southern Airlines)Кытай менен Азиядагы эң ири авиакомпаниялардын бири болуп саналып, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча дүйнөдө алтынчы орунда келе жатат. Азыркы учурда Европа өлкөлөрүнө, Америкага ж.б. багыттар боюнча каттамдарды аткарууда. Өткөн аптада аталган авиакомпаниянын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн иш чарасына катышып, анын ишмердүүлүгү боюнча жакындан кабар алдык.
Түштүк Кытай авиакомпаниясы КЭРдеги эң алгачкы жеке ишкерликтин башатында турган бизнестин бири болуп, 1988-жылы түзүлгөн. Ал кезде аталган авиакомпаниянын курамына КЭРдин мурдагы «Аэрофлотунун» аналогу (СААС) болгон бирдиктүү активдери кошулган. Бирок, КЭРдин дал ушул түштүк аймагынын экономикасы тез өнүгүп бара жатканы дароо белгилүү болгон. 1990-жылдын ортосунда авиакомпания кытайлык жана советтик эски самолётторунан арылып, анын ордун жаңыга ыкчам алмаштырып, ошол эле учурда Азия багытынан тышкаркы учууларды аткара баштаган. Ал эми 1995-жылы В777 үлгүдөгү заманбап самолётторду сатып алууну ишке ашырууга өткөн болчу. Муну менен авиакомпания транс океандык каттамдарды аткарууга чоң мүмкүнчүлүк алууга жетишкен. Ошондой эле, 2005-жылы Кытайдын аймагынан алгачкы жарандык авиакомпания катары Тайвань аралына түз каттам жүргүзө баштаган. Андан тышкары, 2008-жылдагы Пекин олимпиадасына башкы өнөктөштөрдүн бири болуп каттамдарды аткарган.
2018-жылдан кийин бул авиакомпания эскирип бараткан эң ири эл аралык авиациялык альянстын катарынан чыгып, Американын авиалиниялары менен түз кызматташууга өткөн. Түштүк Кытай авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүнө 2020-2022-жылдардагы кризис катуу таасирин тийгизди. Тилекке жараша, ал Кытай өкмөтүнүн колдоосу менен мурдагы авиапаркын, каттамдардын багытын сактап калууга мүмкүнчүлүк алган.
Азыркы күндө авиакомпания самолёттордун эң көптүгү менен Азия аймагында өзгөчө орунду ээлеп калды. Учурда анын курамында түрдүү модификациядагы 400дөн ашык самолёт бар.
Түштүк Кытай авиакомпаниясынын Бишкек-Үрүмчү каттамы алгачкы жолу 1998-жылы ачылган. Ал эми 2024-жылдын январь айынан тартып, Бишкек-Пекин, Пекин-Бишкек жаңы каттамы ишке кирген. Азыркы учурда Бишкек-Пекин багытындагы учуулар шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылып жатат. Андан тышкары, Пекин транзиттик аймак катары колдонулуп, 24 саат бою визасыз режим киргизилген. Учурда Пекин аркылуу Түштүк Корея, Япония, Америка, Европа өлкөлөрү болуп ж.б. бир катар мамлекеттерге учууга шарт түзүлдү. Ошондой эле аптасына 4 ирет Бишкек-Үрүмчү, Үрүмчү-Бишкек каттамы бар.
Түштүк Кытай авиакомпаниясынын каттамдары дүйнөнүн 62ден ашык мамлекетине учууларды камсыз кылып, алардын бардыгында өкүлчүлүктөрү ачылган. Авиакомпания ушул жетишкендиктер менен эле токтоп калбай, башка мамлекеттерге каттамдарды ачууну пландап жатыптыр.
Жыл өткөн сайын өлкөдө кышкы туризм токтоосуз өсүп, жаңы лыжа базалары курулууда. Мисалы, азыркы күндө Караколдогу лыжа базасындагы мейманкалар эс алуучуларга жык толуп турган чагы. Кыргызстандын «Жеңиш», «Ленин», «Семенов» ж.б. жети чокусуна бир жолу чыгууну эңсеген альпинисттердин катары арбып баратат. Мындан тышкары, Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челек сыяктуу ондогон чоң-кичине көлдөрдү, карагай черлүү тоолор менен кооз капчыгайларды көргөнү келгендер быйылкы жайда эселеп өскөнүн блогерлер, туристтер жакшы жарнамалашты. Андыктан, туруктуу стратегиялык өнөктөш, башкы инвестор болуп ишеним артылган жакынкы кошунанын 1,5 млрд. калктуу туристтик рыногун туура пайдаланып, кирешеге чыгууга эмнеге болбосун?
Түштүк Кытай авиакомпаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору Му Сюхун айымдын кызматтык аккредитациясы аяктап мекенине кайтып жаткан кези экен. Ага азын-оолак суроо менен кайрылдык.
— Айтсаңыз, авиакомпаниянын кызматынан кимдер көбүрөөк колдонуп жатышат?
— Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосунда 400дөн ашык каттам аткарылган. Биздин авиакомпаниянын кызматынан Пекин жана Үрүмчү шаарлары аркылуу Гуанчжоу калаасына товар ташууга барган «Дордой» базарынын бизнес чөйрөсү көп колдонот. Андан тышкары, Кытайда окуган студенттер, туристтер да каттап турушат. Биздин авиакомпания биринчи кезекте жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун кепилдеши керек деген принципти катуу карманат. Билеттин баасы да анчалык кымбат эмес. Азыркы учурда Бишкек-Үрүмчү каттамы 250 доллардан, ал эми Бишкек-Пекин багытына билет баасы 350 доллардан өйдө.
— Кыргыз жергеси сизге эмнеси менен эсте калат деп ойлосуз?
-Мен Кыргызстанда алты жылдан бир аз ашыгыраак иштедим. Ушул мезгил ичинде Ысык-Көлгө эс алганы барып жүрдүм. Чыгыш элдеринин абалкы маданияты жана салтынын элесин берген Ош шаары да мага абдан жагып калды. Кыргыздын экологиялык жактан таза, даамдуу тамак-ашын абдан жакшы көрөм. Жергиликтүү эл мейманга боорсок, колдун таза каймагы менен ысык токочун, жылкынын этинен жасалган тамактарды алдыга коёт экен.
— Бул жактан досторду күттүңүзбү?
— Менин түпкү жердигим Синьцзяндан болот. Ал жакта кыргыздардан курбуларым бар. Ооба, Бишкекте иштеген мезгилде жакшы кызматташ досторду күттүм. Меймандос кыргыз элинин асыл сапаттуу каада-салтын эч качан унутпайт болушум керек, — дейт.
Аталган авиакомпания кардарлары көп болуп, талап канчалык арбыган сайын түрдүү багыттарга каттамдардын географиясын кеңейте беришээрин айтышты. Такай учуп жүргөн жүргүнчүлөргө айрым жеңилдиктер каралып, кошумча багаж алып өтүүгө уруксат берилип турат. Ар түркүн бонустар да каралыптыр. Ага жараша тейлөөнүн сапатын улам жогорулатуучу аракеттер тынбай көрүлүп жатканы белгилүү болду. Онлайн байланыштары дагы абдан жеткиликтүү болуп коюлган. Корпоративдүү кардарларга өзгөчө көңүл бурулуп, багаж жеткирүү жаатында жеңилдетилген тарифтер берилет.