-11.9 C
Бишкек
Пятница, 24 января, 2025
ДомойВ КИТАЕЯн Сюэ: Мен кытай медицинасынын жана улуттук дарылоо ыкмаларынын өнүгүшүнө салым кошкум...

Ян Сюэ: Мен кытай медицинасынын жана улуттук дарылоо ыкмаларынын өнүгүшүнө салым кошкум келет

Менин атым Ян Сюэ. Мен кытай тили жана адабияты факультетин аяктагам. Университетте окуп жүргөндө үйүмдө жана жатаканамда ар дайым «Фуфан Ичжи Хао» деген дары болор эле. Өзүмдү жаман сезгенде дароо ичип, ал өзүнүн оӊ таасирин ыкчам берчү. Ошол учурда дарынын сыртындагы «Юндуолан» деген жазуу мага терең таасир калтырган. Окууну бүткөн соӊ, резюмемди жиберип, «Юндуоланга» кошулуп, улуттук кытай медицинасы жана элдик дары-дармек тармагында эмгектене баштадым.

Шинжаңдагы улуттук кытай дары-дармеги – бул кытай улуттук медицинасынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет, ал Кытайдын байыркы Жибек жолундагы улуттук медициналык байлыгы жана анын тарыхы миңдеген жылдарга барабар. Убакыттын өтүшү менен Шинжаңдын улуттук кытай дары-дармеги өзүнүн уникалдуу теориялык тутумун жана дарылоо ыкмаларын калыптандырды.

Уйгур медицинасынын теориялык негиздери «Медицина канону» жана «Дары-дармек заттарынын компендиуму» эмгектерине таянат. Бул эки эмгек кийинки муундардын медицинасынын өнүгүшүнө терең таасир эткен. Ооруларды дарылоодо уйгур дарыгерлери бейтаптын жеке абалына ылайык, дары-дармек, тамак-аш, жашоо түрү жана башка ар кандай ыкмаларды колдонуп дарылоону жүргүзүп келишет.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии