3.1 C
Бишкек
Воскресенье, 15 декабря, 2024
ДомойАналитикаКүз – Кытай жергесине саякаттоо үчүн эң мыкты мезгил

Күз – Кытай жергесине саякаттоо үчүн эң мыкты мезгил

Күз мезгили  – Кытай жергесине саякаттоо  үчүн эң  ыңгайлуу убакыт. Дал ушул кезде жайдын аптабы уктап, жаз же жай мезгилине караганда жаан-чачын аз болот. Бул учурда Кытайдагы жаратылыш өзгөрүлүп, көптөгөн кооз жерлерге өзгөчө, теңдешсиз сулуулук берет. Эгерде сизди күзгү пейзаждар кызыктырса, анда албетте, ушул  кезде кошуна өлкөгө саякатка чыгууга  чакырмакчыбыз.

Кытай байыркы маданият менен заманбап технологияны айкалыштырган өлкө. Ошондуктан анын маданиятын, тарыхый жайларын жана жетишкендиктерин бардык аймактарынан көрүүгө болот. Биз алдыда саякаттоо үчүн Кытай жергесинин бир нече мыкты жайларын сиздерге сунуштамакчыбыз.

Хуаншань – асман менен жердин бириккен сулуулугу

Шанхайдан 300 км түштүк-батышында Кытайдын эң кооз аймактарынын бири жайгашкан. Ал жер Хуаншань – Сары тоолор деп аталат. Булуттар, карагайлар, аскалар жана ысык булактар жаратылыштан ырахат алып, табият менен сырдашууну каалагандар үчүн жасалгандай сезим калтырат. Хуаншань аймагындагы эң популярдуу иш-бул сейилдөө. Ошондой эле, жаратылыштын кооздугуна суктанып, күндүн чыгышын жана батышын көрө аласыз. Көптөгөн туристтер ысык булактарга жуунушат.

Сары тоолор-кытайча “Хуаншань” аталышынын түзмө-түз котормосу. Бирок бул тоолорго мындай ат тоолор сары болгондуктан берилген эмес. Ал 747-жылы жашаган легендарлуу император Хуанг Динин аты менен аталган.Ошол учурда Хуаншань району атак-даңкка ээ боло баштаган. Бул жерде көптөгөн буддист храмдары курулган. Өткөн кылымдын 80-жылдарынан баштап, Сары Тоо аймагы Кытайдын негизги туристтик багыттарынын бири болуп калды.

Пекин – эски менен жаңынын айкалышкан аймагы

Пекин кошуна мамлекеттин борбору экендиги бардыгыбызга маалым. Ири мегаполис байыркы эстеликтер менен тыгыз айкалышкан заманбап кооздукка толгон. Пекинде күз салкын, температура сейилдөө үчүн эң ыңгайлуу. Чындыгында, бул жердин ажайып жайларын кыдырып чыгуу үчүн бир жума да аздык кылат.

Кытайдын борборунан дүйнөгө атагы чыккан Улуу дубалды, Тыюу салынган шаарды, жайкы хансарайды, олимпиада паркын көрө аласыз. Борбордо салттуу пагодаларды жана буддист храмдарын дагы кыдырып, таанышууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Пекинге болгон саякат көпкө чейин эсте калат: бул жерде дүйнөдөгү эң чоң сарай комплекси жана эң чоң шаар аянттарынын бири, храмдардын уникалдуу архитектурасы жана тажрыйбалуу саякатчыларды дагы таң калтыра турган көптөгөн башка аттракциондор бар.

Чэнду — байыркы Кытайдын рухун толук сезе ала турган жер

Кытайдын Сычуань провинциясынын борбору Чэнду-заманбаптык бай маданий мурастар менен айкалышкан шаар. Ал өзүнүн люкс чайканалары, жайлуу көчөлөрү, даамдуу ашканасы жана, албетте, коруктун сүйкүмдүү пандалары менен белгилүү. Чэнду-бул заманбап мегаполистин ыңгайлуулугунан ырахат алып, династиялардан бери сакталып калган салттуу бакчаларга жана храмдарга баруу менен байыркы Кытайдын рухун толук сезе ала турган жер.

Акыркы 40 жылдын ичинде Чэнду олуттуу экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө дуушар болду. Шаар дүйнөлүк экономикага активдүү интеграцияланып, жогорку технологиялар, соода жана каржы жаатындагы алдыңкы борборго айланды. 2023-жылы Чэнду КЭРдин 1-деңгээлиндеги шаарлардын катарына кирген, бүгүнкү күндө туризмди жигердүү өнүктүрүп, сычуандын уникалдуу маданиятын жана жаныбарлар дүйнөсүн, атап айтканда, шаардын символу болгон пандаларды сактоо боюнча аракеттерди көрүүдө.

Негизинен пандалардын балдары август айында төрөлөт, ошондуктан күзүндө туристтер Чэнду шаарындагы гигант панда асыл тукум борборунда ымыркайларды көрө алышат.

Чэндунун негизги кызыктуу жерлери: Ухоу храмы, байыркы Цзиньли көчөсү, Куаньчжай аллеялары, Чуанси көчөсү, Тяньфу аянты, Цинъян сарайы, Цзюян көпүрөсү (Аньшун), Алп пандаларды изилдөө жана өстүрүү борбору.

Шанхай — мода сүйүүчүлөрү үчүн чыныгы бейиш

Шанхай 751-жылы негизделген. Ал кылым карыткан деңиз жээгиндеги жөнөкөй гана кыштактан, учурда дүйнөнүн маанилүү соода борборуна айланды. Азыр ал Кытайдын ири шаарларынын бири, дээрлик 30 миллион адам жашайт (2023-жылга ылайык).

Шаар Кытайдын өнөр жай борбору деп аталат. Бул заманбап асман тиреген имараттар менен тарыхый имараттардын укмуштуудай айкалышы. Туристтер Хуанпу дарыясынын жээгинде сейилдей алышат же Шанхай мунарасына көз чаптырышат. Бул провинция күрүч талааларынын көптүгү менен белгилүү. Жергиликтүү түшүм күзүндө жыйналат, ошондуктан саякатчылар күн тийген террасаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Күрүч талаалары ар кандай бийиктикте жайгашып, алыстан эле көзгө өзгөчө көрүнөт.

Шанхай шаары мода сүйүүчүлөрү үчүн чыныгы бейиш. Бардык мода дизайнерлеринин жаңылыктарын бул жерден көрүүгө болот, кызыктуу сапардын эстелигине сувенирлерди сатып алууну каалаган туристтер үчүн салттуу соода аймактары да бар.

Фэнхуан-Хунань провинциясынын жомоктогудай шаары

Фэнхуан Кытайдын эң кооз жерлеринин бири деп эсептелет. Эски шаардын аймагы абдан кенен: бул жерде 20га жакын чоң көчөлөр бар, алар өтмөктөр менен байланышкан. Аллеяларда дагы эле суу алынган таш кудуктарын, дарыялар аркылуу өткөн байыркы көпүрөлөрдү жана көптөгөн байыркы храмдарды дагы көрүүгө болот.

Фэнхуан орто кылымдагы көрүнүшү менен таң калтырат. Эски шаар жакшы сакталып калган, модернизацияга тийген эмес, бул жерде көптөгөн этникалык тилдер, үрп-адаттар, искусство түрлөрү кездешет. Аймакта туристтербайыркы этникалык имараттарды жана улуттук кытай каада-салттарын көрө алышат.Шаар байыркы кытай маданиятын сезүү үчүн идеалдуу жер.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии