«Ысык-Көлдүн жээги жыл өткөн сайын токтоосуз тартылып, тайыздап баратканына жүрөгүм канап жатат. Мөңгүлөрдөн аккан өзөн суулар көлгө түз куюлушу керек эле. Бирок, сугат үчүн чоң-кичине резервуарларга сууну топтоп алгандыктан көлгө суулар жетиштүү барбай калды. Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл облусунун дыйкандарына сууну аз талап кылган жаңы сорттогу өсүмдүктөрдү өстүрүүнү сунуштап, тамчылатып сугарууну жайылтууга шарт түзүүсү керек. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен Түркмөнстан тамчылатып сугаруу системасына миллиарддаган доллар инвестиция салып, бизге караганда, ондогон жылдарга алдыга кетти. Айыл чарба өсүмдүктөрүнө сууну үнөмдүү колдонуучу жаңы технологияларды мамлекет субсиядалашы абзел. Ысык-Көл Аралдай соолуп кетчү болсо табияттын экосистемасы толук куруйт»
Парламент депутаты Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин өткөн аптадагы жыйынында ушинтип айтты.
Ысык-Көлдүн суусунун тартылып, азайып, булганып жатканын жергиликтүү эл соцтармактарга чыгарып, тынчсызданып жатканы чындык. Эл өкүлүнүн айтымында, жалпы калк бала бакча, мектеп курууну азыраак сурап, ал эми каналдарды курууну, сууну натыйжалуу пайдалануучу технологияны каржылоону бийликтен көбүрөөк сурай баштады. Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба, жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Алмазбек Сокеевдин айтымында, биосфералык аймак болуп саналган көл өрөөнүнө тамчылатып, жамгырлатып сугаруу технологиясын ыкчам жайылтуу эң зарыл болуп калды. Чолпон-Атада 29-ноябрда ушул маселеге арналган чоң форум өтөт.
Чычырканагы кыйылып, балыр баскан кайран көл
«Ысык-Көлдүн экосистемасы кооптуу кырдаалга келип такалды», — дейт, экологиялык эксперт Нурзат Тотубаева. — Ушул жылдын май айында экспедицияга барганда, Ысык-Көлдүн бир нече аймагын балыр басып, сазга айланып баратканына күбө болдук. Балыр көбөйүп кеткенде көлдүн үстүн жаап, күндүн нурун пайдаланып, кычкылтекти өткөрбөй, токсиндерди бөлүп чыгарып сууну сазга айлантып жиберет. Балыр азот, фосфор менен азыктанат. Тилекке каршы, буга эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн көл өзүнүн табигый туруктуулугунан чыгып кетүү коркунучу бар. Көл суусу балырлап бара жатканын 2022-жылы телефонума тартып келип, социалдык тармактарга чыгаргам. Анда балырды Григорьевкадан көбүрөөк көргөн болсом, быйыл суусу түндүк жээкке салыштырганда таза болуп эсептелинген Тоң, Жети-Өгүз аймактарындагы жээктерди да балыр басып кетиптир. Көйгөй абдан чоң. Мисалы Америка сыяктуу өнүккөн өлкөлөр да табигый ресурстарын кыйратып алышып, бүгүн миллиардаган долларды жумшап кайра калыбына келтире албай жатышат. Андагы Эри көлүнүн, Париждеги Сена дарыясынын суусун балыр басып, уулуу заттарды бөлүп чыгарууда. Сена суусуна адам түшмөк турсун, туристтерге көрсөтүүгө мүмкүн болбой калган.
Көлдүн жээктериндеги 700 гектар чычырканакты кыйып, казып жоготуп пансионаттарды куруп алдык. Мурдагы мыйзам боюнча пансионаттарды жээктен 500 метр аралыкта куруу керек болсо, кийин буфердик зонадан 100 метр аралык калтырган мыйзам киргизилген. Буфердик зонанын 14 пайызы курулушка берилип кетти. Бүгүнкү күндө 500 метр аралыктагы жерлердин 64 пайызы трансформацияланып калган. Туристтерден акча тапканга кубанбай, көлдү сактап калышыбыз керек болчу».
Совет мезгилинде Ысык-Көлдүн жээктүү аймактарына жакын курулуш түшүрүүгө уруксат берилчү эмес. Июнь айында Ысык-Көлдөгү пансионаттардын туристтерди тосууга карата даярдыгына, экологиялык талаптарына мониторинг жүргүзүлгөндө көлдү булгоо коркунучу бар пансионаттардын бир кыйласы жабылган болчу. Мисалы, Семёновка айылындагы «Дальний Кардон», Корумдудагы «Смена», Бостеридеги «Золотые пески», «Взморье Сити» ж.б. 12 пансионаттын иши биротоло токтотулган. Жергиликтүү бийлик органдары иштөөгө тыюу салынган пансионаттарды катуу көзөмөлгө алган. Ушундан кийин Каракол, Балыкчы шаарларынын жана Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорун текшерүүгө өтүшкөн. Пансионаттардын жайкыга даярдыгы ушул кейипте болсо, башкасын айтып эмне кылабыз?.
Ысык-Көл өзүн өзү чыпкалап, тазалап туруучу касиетке ээ экени айтылып келет. Тилекке каршы, адам фактору көлдүн ошол мүмкүнчүлүгүн кыйраканга салып жиберди.
КРдин эл акыны, замандын залкар прозаиги, котормочу Эрнис Турсунов менен мындан бир нече жыл мурда маектешкенимде ал: «Биздин бала чагыбызда көл жээктеринде чычкан өтө алгыз жыш болуп чычырканак өсүп турчу. Ошол чытырман чычырканак жыл өткөн сайын кыйылып, суюлуп, түгөнүп бара жатат. Чычырканактын көл суусун тазартуучу касиети бар. Туулуп-өскөн Ананьева айылыма (азыркы Жаркынбай айылы Н.Н.) барган сайын атайын белги кылып, чоң ташты жээкке жылдырып коюп турам. Кийинки жылы барганымда, таш жээктен 0,5 метрдей артка жылып калганы жүрөгүмдү оорутчу. Демек, таш жылган жок, көл бөксөрүп бара жатат.
Бир жолу окуучу балдар көл жээгинен кишинин баш сөөгүн таап алышып, биздин үйгө алып келишиптир. Балдар: «Муну музейге өткөрсөк болобу?», — деп сурашкан болчу. Жазуучу болгонум үчүн жакшы кеңеш берет деп ойлошсо керек. Кайран гана көлүм ай, чалкыган суунун тереңинде не деген тарых катылып жатты экен?», — деп кеменгер жазуучу оор үшкүрүп алган.
Азыркы күндө эксперттердин чыгарган тыянагына раматылык Турсунов айткан фактылар дал келип жатканы абдан өкүнүчтүү. Баса, ал мындан 20 жылдай мурда гезиттердин бирине жазган көл көйгөйү тууралуу «Байсоору жердин соорусу» деген макаласында фауна менен флоранын түрлөрү кайра кайткыс болуп кызыл китепке кирип жатканын далилдүү келтирген.
1998-жылы Ысык-Көл облусу биосфералык аймак болуп түзүлүп, өзүнчө мыйзам менен корголгон улуттук маанидеги аймакка айланган. 2001-жылы ЮНЕСКОнун адам жана биосфера программасынын алкагында бүткүл дүйнөлүк биосфералык резорваттар тутумуна киргизилген болчу. Ысык-Көлгө жылына 6 млрд. куб суу кошулуп турган. Ага Барскоон, Жууку, Чоң-Кызыл-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Ак-Суу, Түргүн, Түп жана Чоң-Ак-Суу суулары келип кошулат. Дегеле буга 100гө жакын чоң жана майда суулар агып кирип турган болсо, акыркы он жылда алардын саны 30га чейин кыскарып кеткен.
«Тянь-Шандын бийик тоолору» илимий борборунун жетекчиси Р.Сатылкановдун айтымына караганда, Ысык-Көлгө суу дээрлик кышкысын эле агып кирип калыптыр. «Жыл бою туруктуу куюп жаткан эки эле суу бар. Булар – Түп жана Жыргалаң суусу. Башкасы үзгүлтүк менен агып келип, сугат учурунда суу жетпей калып жатат. Эгерде сугатка ушул темп менен суу алына берсе, 2050-жылга карата көлдөгү суу эң кеминде 9-10 метрге тартылышы мүмкүн», — дейт ал.
Пластик – планетанын көйгөйү
Өткөн жылы Президент Садыр Жапаров «КРдин аймагында полиэтилен баштыктарын, пластик идиштерин жүгүртүүнү чектөө» боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Бул мыйзам 2024-жылдын 1-январынан баштап, биосфералык аймактарга жайылтылып, ал эми 2027-жылы бүтүндөй өлкөдө колдонууга кириши керек. Быйылкы жайда Ысык-Көлдүн айрым соода түйүндөрүндө кагаз баштык колдонула баштаганын көрдүк. Бирок, мындай аракеттер чоң көйгөйдүн четин да ойгон жок.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Турусбеков бир нече жылдан бери Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги Кара-Талаа айылынан баштап, күнгөй тараптагы Тору-Айгыр айылына чейинки 14 чакырым аралыкты 5 саат 16 мүнөттө сүзүп өткөн. Мындай суу үстүндөгү жарышка экс-премьер-министр Темир Сариев, саясатчы Эркин Асрандиев, жергиликтүү жана чет элдик спортчулар келип катышып жүрүшөт.
Турусбеков көл экологиясы тууралуу мындай дейт: «Марафон учурунда көлдө сүзүп келе жатып, бет алдымдан бир несеге катуу урундум. Чынын айтсам, абдан коркуп кеттим. Көрсө, балык кармоочу торлор экен. Браконьерлер милицияны көргөндө торлорун таштай салып качышат. Көлдүн тереңинде чоң-кичине кокту-колоттордон, дөңсөөлөрдөн турган жерлери көп. Мына ошол коктучалардын түбүндө көп жылдардан берки бизге «мурасталган» торлор, пластик буюмдар үйүлүп жатат. ӨКМдин суучулдары жыл сайын тонналаган таштандыларды ташып чыгышат. Алар канчалык аракеттенбесин бардыгын тазалоо мүмкүн болбой калган. Мен да жардамчыларым менен ошол таштандыларды сыртка чыгарып жүрдүк. Бирок, мындай утурумдук акциялар деле көл берметин таштандыдан биротоло арылта албай калыптыр»
Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнөн 4 айдын ичинде 96 000 метр браконьерлердин торлорун, 6 тоннага жакын таштанды алып чыккан окуядан кийин Президент Садыр Жапаров ӨКМдин өткөн жылдагы жыйынында мындай деген: «Салган торлоруңар унутулуп калып, балыктар чирип, жыттанып кеткен учурлар аябай көп. Көлдүн суусу торлорго толуп кетти. Келгиле, балыктарга 3-4 жыл тынч жашоо берели. Ысык-Көлдүн балыгын кармоого мораторий жарыяланганын жакшы билесиңдер. Кыргызстанда чакан көлдөрүбүз көп. Ал жакка барып эс алгандан кийин таштандыны жыйнай кетүүгө эмне үчүн болбосун? Чакан көлдөрдүн тегереги да таштандыга толгон».
Жер планетасы пластикке толуп, экологияга эбегейсиз зыян келтирип жатат. Пластик сууда, жер кыртышында 450-500 жылда чирийт. Ушундан улам көптөгөн мамлекеттерде буга каршы катаал мыйзамдар кабыл алынган. Мисалы, Кенияда автоунаанын багажында пластик менен кармалган адамга 40 миң доллар айып пул салынып, экинчи ирет мыйзам бузса 4 жылга эркинен ажыратылат. Австралиянын Квинсленд шаарында айып пул 4,5 миң доллар, Түштүк Африка республикасында дароо 10 жыл түрмөгө камайт. Тайванда айып пул 2 миң доллар же 1 жыл түрмө күтүп турат. Данияда полиэтилен баштыктарын колдонгондорго салык салынат. Европада пластикке каршы мыйзам кабыл албаган өлкө калбай баратат.
Жаратылыш ресурстарын коргоо, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин калдыктар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Асель Мурзабаева мындай дейт: «Тынч океандан чыгарылган пластик буюмдардын жалпы аянты маселен, Армениянын территориясына барабар болуп калды. Кыргызстандагы 550гө жакын таштанды полигондун 60нын эле уруксат документи бар. Былтыр министрлик тиричилик жана өндүрүш калдыктары тууралуу мыйзам кабыл алып, ал августа күчүнө кирген. Анда дүйнө өлкөлөрүнүн практикасын колдонуп, өндүрүшчү өзү чыгарган, импортерлор ташып келген пластик идиштерди утилизациялоого алардан төлөм алына баштады».
Өлкөдө калктуу конуштардан тартып, «Жеңиш», «Хантеңири», «Ленин» чокуларына чейин пластик, полиэтилен таштандылар басып кетти. Альпинисттер чокулардан түшүп келатканда таштандыларды терип келишүүдө. Бүгүнкү күндө мамлекет тоо, көл, токой коруктарынын кире беришине онлайн түрүндө иштеген камераларды орнотууну көздөп жатат.
Балыкчыда «Улан» шамалы катуу уруп турат. Шамал талаада чачылып жаткан желим баштыктарды учуруп, тал-терекке, талааларга тараткандыктан жергиликтүү эл аны «пахта талаасы» деп тергеп алышкан. Чычырканактарга жабышып калган баштыктарды ишембилик уюштурганда такыр чыгара албай убара тартышат. Балким биз дагы дүйнө өлкөлөрүнүн практикасына таянып мыйзамдарды катуулатып көрсөк кантет?