Менин атым Зулихумар Айнивар. Шинжаӊдын Турпан шаарынан болом. Интернеттеги атым «Гулисен». Мен кыска видеолорду жаратам. Турпан деп укканда, баарына белгилүү Жүзүмзар капчыгайы, Оттуу тоо жана кяриз (сууну чогултуу үчүн суу түтүк системасы) эске келет. Бирок чындыгында, Турпандын сулуулугу булар менен эле чектелбейт, ал дагы терең изилдөөгө жана ачылыштарга татыктуу.
2022-жылдын октябрь айынан баштап, мен расмий түрдө «Гулисен» аттуу долбоорду түзүп, бардык тармактарда жарыялай баштадым. Видеолорум жарыяланаар менен эле, алар интернетте белгилүү болуп кетти. Эки жылдын ичинде мен «тыт кабыгынан кагаз жасоо ыкмасы», «Жыгачтан чабылган мөөр менен кездемеге оюу түшүрүү ыкмасы», «Топурактан жасалган идиштерди даярдоо ыкмасы» сыяктуу 107 сапаттуу кыска видеону жасап, бардык тармактарда 300 миңден ашык күйөрманды чогулттум.
Менин оюмча, мен дагы көптү үйрөнүп, көптү көрүшүм зарыл. Айрыкча Шинжаңдын материалдык эмес маданий мурастарын көп тартуум керек. Шинжаӊдын кереметтерин адамдарга кеңири көрсөтүүнү кыялданам. Ошондой эле, мен ар кандай жолдор менен айыл чарбада алек болгон жердештериме жардам берип, карылардын жашоосун жакшыртсам деген үмүтүм зор.