3.1 C
Бишкек
Воскресенье, 15 декабря, 2024
ДомойВ КИТАЕЧет элдин медиа өкүлдөрү Шинжан-Илийге барып ар бир улуттун өнүгүп жатканына күбө...

Чет элдин медиа өкүлдөрү Шинжан-Илийге барып ар бир улуттун өнүгүп жатканына күбө болушту

Сентябрь айында Борбор Азия жана Түркиядан келген 19 медиа өкүл Илийге барып, иш сапар учурунда өлкөдө болуп жаткан өнүгүүгө күбө болушту.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Инин (Кулжа) шаарындагы Люсин көчөсүндөгү “Александр” баян сактоо музейинде болуп, баяндын тарыхы менен таанышып, “Этно биримдик” баян оркестринин аткаруусундагы күүлөрдү угушту. “Орус бакчада” меймандар туристтер менен бийчилердин ортосундагы өз ара баарлашууларын сүрөткө тартып, ыр-бий аркылуу жергиликтүү калктын ысык кабыл алуусун сезишти.

Инин районунун “Тяньшань гүлдөрү” жаратылыш паркынын аймагында журналистер Или дарыясынын экологиялык «көркөмдүгүн» жана анын жараткан «экономикалык баалуулугу” менен жеринен таанышышты. Бутактардын башында толгон хошефи гүли, өрүк жана башка жемиштер меймандарга тоо арасындагы бакчада жемиштерди жыйноонун ырахатын тартуулады.

Чапчал-Сибо автономиялык аймагынын Узунбулак айылдык жамаатын аралап жүрүп, медиа өкүлдөр таза жана тыкан көчөлөрдү, жаркыраган үч өлчөмдүү дубал сүрөттөрдү жана жемиш толгон короолорду көрүштү. Коноктор айыл жериндеги өзгөрүүлөрдү жана өнүгүүнү жакшыраак түшүнүү үчүн көргөндөрүн сүрөткө тартып, аны сүрөттөгөн текстерти түзүп жатышты. Ошондой эле Кытайдын айыл тургундарынын жашоосун жакындан көрүү үчүн алардын үйлөрүнө баш багышты.

Айыл тургундары казактын «кара жорго» улуттук бийин бийлеп жатканда, меймандар өздөрүн кармана албай, ошол бийге кошулуп, кубанычтуу убакытты бирге өткөрүштү. Алар жергиликтүүлөрдүн турмушун көрүп, айылдыктар мээнетинин үзүрүн көрүп жатканын белгилешти.

Жергиликтүү калк талыкпаган эмгек, түзүлгөн шарттар акыры келип жашоо-турмуштун гүлдөшүнө алып келээрине күбө болушту.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии