Кытай жергесиндеги сапарымды Синьцзияндын Үрүмчү шаарындагы «Мөңгүлөрдүн атасы» аттуу мөңгү сууларын иштетүүчү биотехникалык компания менен таанышуудан баштадым. Мында кылымдар бою мөңгү басып жаткан Памир тоолорунан машиналар менен сууларды ташып келишип, ишканадан эң таза сууларды темир бөтөлкөлөргө, фольга баштыкчаларга куюп сатып жатышыптыр.
Компаниянын продукциялары негизинен ички рынокто сатылып, ал эми Австралия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, БАЭ, Японияга экспортко бир нече марка менен чыгарууну башташкан. Мындан тышкары, борбор Азия республикаларына ушул сууларды экспорттоону да пландап жатышкан чагы экен. Андан тышкары, компания жетекчилиги Евразиялык экономикалык конференцияга катышкан учурда продукцияларын сунуштаган. Суулардын биологиялык сапатын өзгөртпөгөн бойдон зыянсыз сактоого чыдамдуу идиштерге куюлат. Бул жерде жылына адам организмине керектүү 50 000 тоннадан ашык сейрек кездешкен суу өндүрүлүп чыгарылып, ал рак, кан басымы, кант диабети, подагра ж.б. ондон ашык дартка миңдин бири экенин айтып беришти.
Мөңгүлөр океандардан жүздөгөн чакырым алыс болуп, Евразиянын континенталдык аймагынын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыктан, бул жакка ташылып келинген суулардын биологиялык курамы өтө таза. Суулар мөңгүлөрдүн үстүңкү бөлүгүнөн эмес, миңдеген жылдар бою катмарланып жаткан алдыңкы бөлүгүнөн алынып, машиналарга куюлуп жүктөөлөрүн айтып беришти. Компаниянын адистеринин билдиргенине караганда, мөңгүлөрдүн алдыңкы катмарындагы суулар дүйнөдөгү эң таза суу болуп эсептелинет экен.
«Мөңгүлөрдүн атасы» компаниясынын генералдык директору Юэ Цзинчунь мырза: «Биз мөңгү сууларынын биологиялык курамын молекульярдык бөлүкчөсүнө чейин текшерип, он жыл бою илимий иликтөөлөрдү жүргүздүк. Анткени, адамдын ден соолугуна чексиз пайдалуу, таза сууну коомго жеткирүү максатын көздөдүк. Ишибиздин жыйынтыгы жаман болгон жок. Учурда бул сууларды ички рынокко да, экспортко да чыгарып жаткан Кытайдагы жалгыз компания болуп жатабыз. Эмнеликтен Синьцзяндагы бул суу дүйнөдөгү эң сапаттуу болуп тандалганына жана анын технологиясына азын оолак токтолуп өтөйүн.
Өзүңүздөр билгендей, океан суулары булуттарды, жаан чачынды пайда кылуучу касиетке ээ. Тайфундар, катуу соккон шамалдар булуттарга деңиз сууларын жеткирип турат. Ал эми абага бууланган суулар туздарды, технологиялык процесстер бөлүп чыгарган зыяндуу заттарды пайда кылып жатат.
Евразиянын борбордук бөлүгүндөгү тоолор менен курчалган мөңгүлөргө океан сууларынын таасири жокко эсе десем болот. Ошого карабастан биз сууну мөңгүлөрдүн этек тарабынан тартып чыгарып жатабыз. Себеби, ачык жаткан суук чокуга караганда, жердин асты жагы жылуураак келип, суунун табигый курамы миңдеген жылдар бою эң таза бойдон сакталат. Ушул себептүү экологиялык жактан алсак да сапаты эң жогору. Ошондуктан илимий-техникалык багыттагы академиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү улантабыз. Ал үчүн компаниянын бөлүмүн көп жылдык мөңгүлөргө жакын көчүрүү зарылдыгы чыгып жатат», — дейт башкы директор мырза.
Мында жыл сайын 300 млн. юань көлөмүндөгү продукциялар экспортко чыгарылып жатыптыр. Ал эми 100 млн. юань көлөмүндөгү товарлар ички рынокто калат.
Бул жерден бир кызык окуяга күбө болдум. Памирдеги чокунун бири «Муздак» деп кыргызча аталат дешти. Мындагы суулар ушул сыяктуу чокулардын алдыңкы катмарынан тартып алынат. Көп жылдык мөңгүлөр жаткан чокуларды этектей конгон айылдардын арасында кадимки кыргыз айылы бар экен. Азыркы учурда бул компания ошол айылдардын жергиликтүү элин жумушка алып жатыптыр.
Ушул компанияда иштеп жаткан кыргыздын кызы Нурида Пирвай менен азын оолак аңгемелештик. Нурида бул жерде компаниянын продукцияларын интернет аркылуу сатып өткөрүүчү болуп иштеп жатыптыр. «Мен Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу префектурасындагы Актоо ооданынын Булуң-Көл айылына караштуу Гез кыштоосунан болом. Мектепти айылдан бүтүрүп, Үрүмчү университетинде мамлекеттик башкаруу системасы кесибинде билим алгам. Ал эми ушул компания биздин айылдын муз жаткан тоосунан суу алып жүрүшүп, жергиликтүү жаштарды: «Бизге кирип иштегиле, жумушту өзүбүз үйрөтүп алабыз. Маянасы да абдан жакшы төлөнөт», — деп кызыктырып коюшкан болчу. Азыр ойлосом мында жумушка кирип иштеп калганым жакшы эле болуптур. Анткени компаниянын продукция чыгаруу кубаттуулугу мезгил өткөн сайын артылып баратат. Эмки кезекте компаниянын муз тоонун этегинен мөңгү сууларын алуу боюнча завод салуу максаты бар. Ошондон кийин жергиликтүү жаштарды жумушка мындан да көбүрөөк тартабыз деп жатышат. Ал жерде жашаган жергиликтүү кыргыздар абдан көп. Компания адегенде Үрүмчүдөн барган машиналарды суу менен тейлеген саналуу эле жергиликтүү кишилерди жумушка тарткан болчу. Буюрса, компания ал жакка завод куруп калса, биздин айылдын элин көбүрөөк жумуш менен камсыздалат деген тилегибиз бар.
Нурида Пирвайдын кыргызча так сүйлөп, эне тилин жоготпой жүргөнү мага ого бетер чоң таасир калтырды.