Синьцзян экономикасы токтоосуз өнүгүп, улам бир жаңы ишкана эшигин ачып жаткан Кытайдын артыкчылыктуу аймактарынын бирине кирет. 2023-жылы Синьцзяндын ИДПсы 19,12591 триллион юанды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 6,8 пайызга өскөн.
Бир жагынан алганда, жаратылыш ресурстарына бай, экинчиден, географиялык жагдайы абдан ыңгайлуу келген бул региондо өнөр жай кластеринин сегиз түрүн өнүктүрүүгө өтүп жаткан кези. Аны менен бирге өнөн жай өндүрүшүнүн заманбап системасын, инновациялык түзүмүн алдыга жылдырууну кошо ала жүрүшкөнүн байкоого болот. Айрыкча мунай, газ, химия өндүрүшү, металлургия, түстүү металлдар жана жашыл энергетика тармактарынын өндүрүш көлөмү токтоосуз алдыга кетти.
2023-жылы мындагы ири ишканалардын өнөр жай продукцияларын чыгаруу көлөмү 6,4 пайызга өсүп, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 45 пайызга жеткени расмий маалыматта айтылып жатат.
Синьцзянда эркин соода жүргүзүү аймактарынын инфратүзүмү жогорку стандартта курулуп, Борбор Азия республикалары жана башка кошуна мамлекеттер менен болгон инвестициялык алакасы жыл сайын катуу өнүгүүгө өттү. Андан тышкары, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында өнөр жай комплекстери курулуп жатат. Ага бир мисал катары 3-сентябрда кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрүү бекетинин ишке берилиши мисал. Барган сайын Үрүмчү шаары соода-экономикалык тыгыз байланыштардын логистикалык борборуна айланууда. Ошондой эле ага Хоргос, Алашанькоу, Кашкар, Шихэцзы транспорттук түйүндөрүн атасак болот.
2017-жылдан баштап Кытай — Европа, Кытай — Борбор Азия каттамы менен 8016 поезд жөнөтүлүп, анын ичинен 2023-жылы 1517 поезд сапарга чыккан. Синьцзянда 20 эл аралык көзөмөл өткөрүү бекеттери иштеп жатат, анын ичинен 17си жол транспортунун өткөрүү бекети болуп саналып, үчөөсү авиациялык, ал эми «Алашанькоу» жана «Хоргос» көзөмөл өткөрүү бекеттери көп функционалдуу чек ара өткөөлдөрү болуп эсептелинип, темир жол, автожол жана түтүктөрдү өткөрүүчү бирдиктүү түйүн болуп иштеп келет.
Синьцзянда калктын тамак-ашынын экологиялык тазалыгы башкы планга коюулат экен. Ошондой бир компания тууралуу сөз кылады дедик.
Жаңы технология жайытка жетти
Жыл өткөн сайын соода-экономикалык алакасынын географиясы кеңейип бараткан «Хоргос» аймагында 2019-жылы «Имусинь» сүт азыктарын өндүрүүчү компаниясы негизделип, ал 2022-жылы ишке берилиптир. Анын алгылыктуу тажрыйбасы кыргызстандык сүт өндүрүүчүлөрдү кызыктыраар деген максатта компаниянын өндүрүш иштери боюнча директору Цай Яньцзюнга азын-оолак суроо узаттым.
-Директор мырза, компанияга сырьену үзгүлтүксүз камсыздоону кантип жолго коюп жатасыздар?
— Жылдын төрт мезгил бою компанияны сүт менен камсыздоо үчүн асыл тукум уйлардын үч түрүн багууну туура деп таптык. Уйлар эртең менен кечинде болуп, эки маал саалат. «Синьцзяндын күрөң ую» деп аталган асыл тукум уйлардан ар бир жолу сааганда 15-20 литрден сүт алабыз. Голландиядан алып келинген сүт багытындагы уйлар да ар бир жолу саалганда 40 литрден сүт берет. Андан тышкары, жергиликтүү асыл тукум уйлардан орточо 15 литрден сүт алып жатабыз.
Биз эң башкысы сүттүн сапатына катуу көңүл бурабыз. Кандай гана продукция болбосун, ал адам ден соолугуна пайдалуу заттарга бай, экологиялык жактан таза болушу кажет эмеспи. Ушул принциптен алганда, мал алыскы жайлоонун көк жашыл чөбүн оттоп, курамы түрдүү витаминдерге толгон сүт бериши керек. Ошондуктан жайыттарга барып, уйларды саап келүүчү заманбап аппаратуралар орнотулган машинаны ойлоп таап, аны компания мамлекеттик паттентөөдөн өткөрүп, автордук укук алган.
— Кызык экен, андай болсо, машина жагдайына кененирээк токтолсоңуз.
— Мындай машина Или өрөөнү боюнча бизде эле бар. Ала жаздан баштап малчылар алыскы жайыттарга көчүп чыга башташат. Уй саачу машинага 12ден ашык уй батат. Жайыттар такырайып деградацияланып кетпеши үчүн малчылар улам орун которуп көчүп турушат. Мобилдүү машина автомат болсо малчыларларды ээрчип жүрүп уйларды саап алып турат. Ал уйларды саап, сүттү жүктөп, белгилүү температурада сактап, шаарга жеткирүүгө чейинки 18 милдетти аткарат. Азыркы күндө мындай 20 машина-автомат Или өрөөнүндөгү жайыттарда уйларды саап жүрөт.
Компания 2022-жылдын март айында ишке берилгенде суткасына 200 тонна накталай сүт алынчу. Ал эми долбоордун экинчи фазасы иштей баштагандан бери күнүгө 500 тонна сүттү кайра иштетүүгө өттүк. Азыркы учурда айрандын эки түрү, йогурттардын мөмө жемиштер кошулуп жасалган бир нече түрү, сүт кошулган пиво ж.б. сүт азыктарынын 40тан ашык түрүн кайра иштетип, сатууга чыгарып жатабыз. Мисалы, сүт пивосу компаниянын өзүнүн технологиясы менен чыгарылган продукциясы болуп саналат. Биздин пивонун даамы өзгөчөлөнүп тургандыктан, кадимки классикалык пиводон айырмасы чоң. Компаниянын ушул продукциясы жергиликтүү калктын да, чет элдиктердин да кызыгуусун пайда кылгандыктан көптөгөн партиялар менен дүңүнөн алып кетип жатышат.
— Жаш компанияга адистерди кайдан тартып жатасыздар?
— Кызматкерлерди жергиликтүү элден алып, бул жактан үйрөтүп, квалификациясын жогорулатуучу иштерди жүрүзүп турабыз. Бүгүнкү күндө компанияда180ге жакын адам иштейт. Маянанын эң азы 4000 юанды түзөт.
Өзүңүз көрүп тургандай, бул жерде мектеп окуучуларына сабак окутуп жатабыз. Анткени, балдарга мал чарбасы тармагынан, анын ичинде сүт өндүрүү боюнча базалык билим берүүчү атайын класс ачтык. Сүттү саап алгандан баштап, дасторконго түшкөнгө чейинки бардык процессти окуучуларга көрсөтүп, үйрөтөбүз. Себеби, келечекте ушул окуучулар өзү туулуп-өскөн аймактын айыл чарба багытын аңдап билип, балким, зоотехникалык билим алып, сүт азыктары боюнча технолог болуп калышы да ыктымал эмеспи. Бир эсептен алганда, азыркы жаш муун оокат оңой менен келбестигин билиши керек. Мындай ыкма окуучулардын биология, химия жана техникалык адисттиктерди алуусуна түрткү бериши керек. Балким тигиндеги сабакты тирмийип угуп отурган окуучу бала же жанында отурган кыздын бирөөсү келечекте ушул компаниянын директору болуп калышы да ыктымал. Мындай аракетибиз балдардын туулуп-өскөн жерине болгон сүйүүсүн ойготуп, мекенчилдик касиетине эмитеден «үрөн сээп» коюу дегендик.
Биздин аймак Кытай боюнча айыл чарба тармагы күчтүү өнүккөнү менен таанылган. Буга чейин аймакта чакан сүт ишканалары болгону менен, мындай ири компания курулган эмес. Ушуга байланыштуу, сүт азыктарын өндүрүүгө ыңгайлуу болгону үчүн ушундай ири компания курулду.
«Имусинь» мамлекеттик ишкана болуп түзүлдү жана ага 200 миллион юань инвестиция салынды. Мында жогорку квалификациялуу адистер иштейт. Заводдун өзүндө заманбап лабораториясы бар. Сүт азыктарынын өндүрүп чыгаруу бүтүндөй автоматташтырылган жаңы технология менен жабдылган.
— Компаниянын продукцияларын тышкы рынокко чыгаруу жагы кандай болуп жатат?
— Жакынкы келечекте кургатылган сүт чыгарууну пландап жатабыз. Андан тышкары, «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында Борбор Азия республикалары жана Европа менен кызматташып, заводдун продукцияларын экспорттоо ниетибиз бар. Ал гана эмес мындагы сүт азыктарын чыгаруу технологиясын Казакстанга жайылтууга аракет көрүп жатабыз. Ал эми азыркы күндө ички рынокто сатылып жатат.
Продукцияларды онлайн жана офлайн түрүндө сатып өткөрүү колго алынган. Мындан тышкары, 2023-жылдын март айында компания сапат менеджменти системасы, экологиялык менеджмент системасы, тамак-аш коопсуздугу боюнча менедмент ж.б. эл аралык сертификаттарды алган.
Компания «Синьцзяндын күрөң ую» асыл тукумдуу чарбасын кеңейтүүгө 260 миллион юань көлөмүндө инвестиция тартууну пландоодо.