19.1 C
Бишкек
Пятница, 4 октября, 2024
ДомойАналитикаУлуу актер кантип комбинат курган?  

Улуу актер кантип комбинат курган?  

СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРнин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Муратбек Рыскулов замандын, коомдук түзүлүштүн алмашканына карабай, анын кино менен театр өнөрүндөгү калтырган мурасы кыргыз элинин руханий кенчине айланды. Айталы дегенибиз, ал мыкты өндүрүшчү да болгон. Бул тууралуу кийинки муун биле жүргөнү жакшы.

 Өкмөт башчыны айдың талаага алып келип… (подзаголовок)

      Өткөн кылымдын 60-жылдары театрлардын чыгармачылык жамааттары материалдык колдоого жарып кеткен эмес. Ошондо Муратбек Рыскулов ал кездеги Фрунзенин чок ортосунан орун сурап, «Актерлор үйүн» уюштурган. (Мындай уюм Москванын Бүткүл союздук театрлар коомунун (ВТО) алдында «Дом актеров» болуп уюшулуп театр кызматкерлерине материалдык жардамдарды көрсөтүп турган). Ал адегенде азыркы «Сейтек» балдар борборунун ордунда жайгашкан болчу. Муке көп өтпөй республикадагы театр кызматкерлерин материалдык жактан колдоо үчүн адегенде мастерской – устакана, кийин комбинат статусун алып, 250-300 жумушчу иштеген өндүрүш ачканы улуу муундун эсинде калып, ал эми жалпы журт биле бербесе керек.

        «Актерлор үйү» кеңейип отуруп, Кыргыз ССР театрлар коому аталышка ээ болуп калганда, анын аппаратына баш ийген алиги комбинат театрлар үчүн улуттук кийимдер, элечек, шөкүлө, чапан, парик, бут кийим, комуз, улуттук колоритти чагылдырган сувенирлер, «Манас», «Баатыр» аталыштагы шахматтар, улуттук оюндун түрүнө кирген «Тогуз коргоол» ж.б. сыяктуу товарларды чыгарып турган.

       Улуу актер орто билим алууга да жетишкен эмес. Заман ошондой эле. Бирок ал табиятында чыгармачыл инсан гана болбостон, өндүрүш бизнесине байланыштуу зор потенциалы бар прогрессивдүү адам эле.

      Жаздын алашалбырт күндөрүнүн бири болчу. Кыргыз ССР министрлер советинин төрагасы Акматбек Сүйүмбаев менен Муратбек Рыскулов аталган комбинатты курууга жер караштырып жүрүп, шаардын Кызыл-Аскер тарабындагы Бородина көчөсүнө туш келишет. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей, 70 жыл мурда бул чөлкөм бош жаткан айдың талаа болгон экен. Ошол жерде Сүйүмбаевдин машинасы тыгылып калат. Айласы кетип, ичиндегилердин баары жерге түшүп, машинаны чыгармак болушат. Ошондо акыр-чикирге, белден келген баткакка толгон кароосуз жерди көргөн Сүйүмбаев: «Муке, Фрунзенин баткагынын баары ушул жерге чогулган го, деги кандай жерге алып келгенсиз?», — дейт. Анда Рыскулов: «Эми ушул бош талааны ыраа көрсөңүз, мен ушул жерди гүлдөтөм», — деп жиберет. Ошондо сөзгө жыгылган Акматбек Сүттүбаевич: «Алсаңыз мейли, каражат караштырабыз», — деп, улуу актердун чечкиндүүлүгүнө ыраазы болуп, убадасынан бир топ күн өткөндөн кийин жерди бөлүп берүү боюнча чечим чыгарган. Мына ошондон баштап Рыскуловду өндүрүшчүл турмушу коштоп жүрөт. Каражат бөлүнүп курулуш башталганда, ал жалгыз кишилик жапан алачык тигип, тулгага чайнек асып, болгону бир нан, көз айнек, тамеки мүштөгүн алып: «Бүгүнкү жумушту бүтүрмөйүнчө эч кимибиз үйгө кетпейбиз», — деп ташка көчүк баскан боюнча көшөрүп отуруп алчу тура.

      Комуз чыгаруучу цехти уюштуруу үчүн усталардын мыктысы тандалып, бири Таластан, бири Байтиктин Бозбөлтөгүнөн, дагы бирөөсү Нарындан болуп, республиканын ар кайсы региондорунан чогултулган. Театрлар үчүн арзандатылган реквизиттин кээ бир түрлөрүн, актерлор үчүн атайын костюмдарды чыгарып, андан түшкөн каражат Москванын театралдык окуу жайларында окуган кыргыз студенттерин колдоого жумшалган. Көп учурда алар Фрунзеге келгенде стипендия, материалдык жардам деп арыз жаздырып, акчалай колдоо көрсөтүлчү.

      Рыскулов өзү Кыргыз ССР театрлар коомунун президиумунун төрагасы болуп туруп, ага караштуу тигиндей өндүрүштү курдуруп, түптөгөнү менен андан маяна албай, коомдук башталышта иштеген. Ал айлык акыны актердугу үчүн Кыргыз драма театрынан алчу.

       Кызык окуяны айта кетели. Рыскулов театрлар коомунун аппаратынын алдында китепкана ачкан. Анда эң уникалдуу 40 миң нускалуу китеп сакталчу. Ал китепкана дүйнөлүк адабияттардан баштап, театр, музыка тармагына тиешелүү Москвадан, Кыргызстандан чыкчу китептерге, журналдарга бай эле. Ошол китепкананы көп жылдар бою Любовь Матиенко аттуу аял кармап турду. Муратбек Рыскулов кызы Нуржамал турмушка чыкканда ашкана гарнитурун белекке берүүнү ойлоп койгон экен. Ал театрдан алган айлыгынын бир бөлүгүн Любовь Семеновнага алып келип берип: «Мен кайра сурасам да бербе, гарнитурга жеткенде гана алам, эч кимге айтпай чогулталы», — деп экөө убадалашат. Ал 1974-жылдагы акча менен бир топ эле каражат болчу. Бирок, ошол жакшы тилек кылган гарнитурду Муке кызына белек кыла албай калды. Улуу актер каза болуп, аны акыркы сапарга узатуу күнү Любовь Семеновна келип: «Бул акча тууралуу шеф экөөбүз гана билчүүбүз», — деп алынбай калган гарнитурдун акчасын Мукенин жубайы Сабира апага берген.

  «Таланттардан эрте төрөлдүм»

       Рыскулов театрлар коомунун төрагасы катары каалагандардын баарын кабинетине кабыл алчу эмес. Анткени, театрдагы эң масштабдуу ролдор да анын мойнунда болчу. Күндүз репетиция, кечинде спектакль, анын аралыгында комбинат, театрлар коомунун аппаратындагы иштер, киного тартылуу, радио, дубляж… Айтор, күйөөсүнүн жумушу чачтан көптүгүнөн Сабира ага иш күнүн жазып, программалап турган блокнот тигип берчү. Барактарды төрткө бөлүп айрып, аны калың кылып бир бурчунан жип менен тепчип коюп күйөөсүнө карматчу. А кезде Дзержинский көчөсүндөгү алардын үйүнөн киши үзүлчү эмес. Андыктан дасторкондогу оокаттар дээрлик жыйналбаган бойдон турчу. Жубайы экөө үйүндө роль жаттап жаткан болсо: «Сакиш, коё тур эми, бул баланын сөзүн угалы», — деп чыдамдуулук менен кабыл алып койчу. Ошол учурдагы атагы чыгып, арааны жүрө баштаган жаштар – кино режиссерлор Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеев жана драматург Бексултан Жакиев сыяктуу дүбүртү катуу топторду карап Муке: «Аттиң ай, мен булардан эрте төрөлүп калганымды кара. Ушул жаштардын теңтушу болгонумда көбүрөөк, дагы узагыраак эмгек өтөп, булар менен көпкө катарлаш жүрмөк экемин», — деп арман кылганын айтышат. Муратбек Рыскулов «Көчө», «Бакайдын жайыты», «Ак Мөөр», «Караш-Караш окуясы», «Жоро», «Менин жаңылыштыгым» ж.б. 20га жакын фильмдерде ойногон.

        Муке байбичеси Сабира экөө албай калган билим өксүгүнөн улам болсо керек, төрт баласынын окуусуна өзгөчө көңүл буруп, ошол кезде эле үйүнө англис, орус тилдери боюнча үй мугалимин чакыртып окутушчу. Сүрөт искусствосу боюнча атайын окуу куралдарын сатып берчү. Бир карасаң, аларда бүгүнкү байкер адамдын жашоо образы да бар эле. Демейде актерлор балдарын караганга убактылары жетпейт. Гастролдор, кечинде дубляж же спектакль дегендей… Ал эми бул үй-бүлөдө балдарга баш болуп, тамак-ашын даярдап, окуусун текшерүүгө алчу үй кызматкерлеринен эки аял жүрчү. Алардын бири кыргыз, бири тагдыры татаал орус Ольга. Ольга Николаевнага болгон кайрымдуулук тууралуу эки ооз сөз.

      Кайсы бир жылдары Рыскуловдун үй-бүлөсү борбор калаанын түндүк тарабында жайгашкан орус чиркөөсүнүн маңдайындагы көп кабаттуу үйдүн батиринде жашап калышты. Мына ошол тегеректе абдан жүдөө кийинген, кээде кайыр суроодон тартынбаган орус аялды көрүп калышчу. Көрсө, согуш учурунда Россиядан эвакуацияланып келип, кайра кайта албай жүргөн Ольга деген аял экен. Аялдын кулагы согуштан алган жаракаттан укпай калыптыр. Анын жалгыз Рая аттуу кызы Донбаста калып, осколка тийгенден бүкүрөйүп калган экен. Анысы да апасына өтө сейрек каттачу. Ошондуктан жалгыз бой Ольгага боору ооруган Рыскуловдун үй-бүлөсү аны адегенде үйүнө кийрип багып, тыңып калганда үй кызматчылыкка алышкан. Кийин Сабира эже: «Кантсе да адам, өзүнчө түтүн булаткысы келет чыгар», — деп өзүнүн төркүнү Төкөлдөш айылынан ага кичинкей там саттырып берип бөлүп койгон. Себеби, дүлөй аялды короодогу тентек балдар «Тетя Оля!», — деп чакырып алышып, калп эле ооздорун кыбыратып бирдеме айткандай болушат. Караманча укпаган тиги шордуу аял уккан кишидей: «Ооба, ошондой болчу», — деп баарына жооп бере берчү экен. Шок балдар аялдын жообуна каткырып күлүп жатып калышчу…

Бир чака конфет, карантин жана сахна

      Муке чет мамлекеттерге барганда алиги комбинаттын улуттук колорит менен жасалган сувенирлерин ала барып, кайра кайтканда бир орто чакага толчу конфеттерди балдарына ала келгенди жакшы көрчү. Анын келе жатканын көргөн кошуна кыздар: «Нуржамал, тигине атаң келе жатат!», — деп алып, өздөрү алдыга жүткүнүп чуркашчу. Себеби Нуржамалдын атасы балдарга майрам кылып сапардан алып келгенин таркатканды өтө жактырчу.

      Уулу Искен режиссер болуу ниетин билдирип, атасынан кеңеш сураганда, Муке ага: «Сен андан мурда актердун окуусун бүтүп, аларга терең аралаш, театр дүйнөсүндө бышып кайна, анан режиссердун окуусуна бар», — дептир. Кийин союзга атагы чыккан атанын уулу Искен Рыскулов адегенде А.Н.Островский атындагы театралдык институттун актердук факультетин окуп, анан өз максатына жетүү үчүн Москвага кеткен…

        Төлөмүш Океевдин режиссерлугу алдында «Бакайдын жайыты» фильми тартылып жаткан. Кино тобу Суусамыр жайлоосунда болчу. Ошол учурда малдын шарп дарты чыгып, катуу карантин көзөмөлү коюлуп, Муке баштаган кино тобу Фрунзеге каттай албай калышкан. Кызы Нуржамал он алтыга жаңы чыгып, мектепти аяктап, университеттин юрфагына тапшырайын десе, 2 жылдык стажысыз кабыл албай коюшат. Мына ошондо карантинде камалып калган ата-энесинен жардам сурай албай, солдаттар кайтарган карантиндик чектин эки жагында туруп, рация аркылуу кыйкырып сүйлөшкөндөрү кызык болгон…

Бир жылдары У.Шекспирдин «Король Лири» же «Отеллосу» бекен, айтор, Муке сахнага чыгууга даярданып жаткан. Ошол учурда сааттай болуп, Борбордук Комитеттен телефон чалып, чакырып жатышканын айтышат. Антип-минтип телефон менен сүйлөшүп бүткүчө: «Муке, кезегиңиз келди, сахнага чыгыңыз», —  дешет. Шашып калган улуу актер паригин кийип, гримденип алган болчу. Үстү жагы белине чейин «шекспирдики», белинен ылдый кыргыз дамбалчан экенин унутуп коюп, сахнанын ортосуна чейин барып алып, кайра тарткан. Ошол окуядан кийин Муке: «Ушул коомдук ишти токтотуп койсомбу?», — деп кейиген экен.

      Азыркы күндө Нарын облустук музыкалуу драма театры Муратбек Рыскуловдун атында. Бишкекте улуу актердун ысымы ыйгарылган көчө бар. «Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык театралдык сыйлык» уюштурулган.

Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии