19.1 C
Бишкек
Пятница, 13 сентября, 2024
ДомойАналитика“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу үч өлкөгө эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн маанилүү”

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу үч өлкөгө эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн маанилүү”

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кытайдын борбору Пекин шаарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү тактаган үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. Аталган документ кийин үч мамлекетте бирдей ратификациядан өттү.

Ошентип, көп жылдан бери айтылып, бирок ишке ашпай келген масштабдуу долбоор активдешти. Төмөндө, аталган долбоордун кыргыз экономикасы үчүн таасири, геосаясий, геоэкономикалык мааниси тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров менен маектештик.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору ишке ашса, “кылым курулушу” болот деп айтып калышат, ушул өңүттөн алганда бул долбоордун кыргыз экономикасы үчүн мааниси канчалык?

Суроо абдан жүйөөлүү чындыгында… Соңку 30 жылдын ичинде бул долбоор тууралуу аябагандай көп сөз болду, бирок аны ишке ашыруу мүмкүн болбой келди. Акыркы үч жыл ичинде гана активдүү иш алып барылды, кеңири талкууланды. Акыры аягы натыйжага жетиштик. Бул окуяны эгемен Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң утуш катары карасак болот. Экономикалык гана эмес геосаясий, геоэкономикалык жактан алганда да өлкө үчүн таасири чоң. Деңизге чыга турган же темир жол аркылуу соода жолу жок болгон Кыргызстан үчүн, биринчи кезекте туңгуюктан чыгууга шарт түзүлдү. Ааламдашуу доорундагы соода процесттерине аралашууга, анда өз ордубузду табууга мүмкүнчүлүк берет.

Акыркы бир жыл ичинде бул болбоорду ишке ашыруу үчүн каржылоо маселеси абдан узак талкууланды. Бул боюнча кандай кабарыңыз бар?

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланууда. Бул каражаттын 51% Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Маалымат боюнча, Кытай 2 млрд 350 млн доллардын тегерегиндеги каражатты үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берери айтылууда. Калган 2 млрд доллардан ашык акчаны үч мамлекет чыгарат деп жатышат. Темир жолду куруу үчүн үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания түзө турганы маалым болду. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат экен. Компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет деп жатышат. Темир жол “Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад – Анжиян” багытында курулат. Ушул август айында курулуш башталаары айтылган.

Аталган темир жол долбоорунун мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланууга Кыргызстандын дарамети, өндүрүш жана соода кубаттуулугу жетеби?

Туура, темир жолдун мүмкүнчүлүгүн пайдалануу жана экономикалык пайда табуу маселеси бар. Долбоордун пайдасын көрүү үчүн өзүбүз өндүргөн товарды экспортко чыгаруубуз керек. Ал үчүн өндүрүш тармагын өнүктүрүүбүз зарыл. Андан тышкары темир жол салынса биз аркылуу жылына 15 млн тоннага чейин жүк ташылат. Ушул транзиттен эле бюджетке жылына 200 млн доллардын айланасындагы каражат түшүп турат.

Баса, темир жолдун эни боюнча да талаш жагдай бар эле… Бул маселе кандай чечилди?

Ооба, Кытайда темир жолдун эни 1435 мм түзөт. Бул, дүйнөдө эң кеңири таралган стандарт. Ал эми мурдагы союздун аймагында, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандагы темир жолдун эни 1520 мм. Ушул маселе көп талкууланды. Акыры темир жол Макмалга чейин 1435 мм ичке жол менен келе турган болду. Жолдун энин алмаштыруу базасы Макмалда жайгашат. Бул өз кезегинде Кыргызстан үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берет. Жолдун энин алмаштырган базанын айланасында логистикалык борборлор ачылат, жумушчу орундары түзүлөт. Аймактын экономикалык өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүк пайда болот.

Жогоруда долбоорду ишке ашырууга кеткен каражаттын 2 млрд 350 млн долларын Кытай өлкөсү үч мамлекет түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берерин, ал эми калган 2 млрд доллардан ашык акчаны үч мамлекет чыгарарын белгиледиңиз. Кыргызстан мындай каражатты кайдан табат деп ойлойсуз?

Мында өздүк салым катары Кыргызстан 700 млн доллардан ашык каражатты чыгарышы керек. Бул боюнча мамлекет ары-бери чапкылап, акча издеп, инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Менимче табыла турган эле сумма. Тапса болот. Аягында белгилей кетсем, бул долбоорду жалгыз эле үч мамлекет үчүн маанилүү же пайдалуу катары карабашыбыз керек. Жалпы чөлкөм үчүн пайдалуу долбоор. Борбор Азиянын транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалы илгертен эле жогору болуп келген. Жибек-Жолунун башаты дал ушул аймактан башталган да. Бул долбоорду тарыхый жаңылануунун башталышы катары карашыбыз керек.

Маектешкениңизге чоң рахмат!

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии