19.1 C
Бишкек
Пятница, 13 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕАк ниеттүү өнөктөштүк адамзатты коргойт

Ак ниеттүү өнөктөштүк адамзатты коргойт

30-июль күнү Бишкекте Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги Кытайдын элдик боштондук армиясынын (КЭБА) негизделгендигинин 97-жылдыгына арналган майрамдык иш чара өткөрдү. Ага КРдагы Кытайдын толук ыйгарымдуу элчиси Ду Дэвэнь, аталган элчиликке караштуу Коргонуу маселелери боюнча атташенин улук полковниги Лю Вэйдун, КРнын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен бирге куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

     Мындан тышкары,өлкөдөгү аткаруу бийлигинин, дипломатиялык корпустардын башчылары, аскер атташелердин, маданий интеллигенциянын, Кытайдын чет элдик ассоциациялары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болду.

      Майрамдык иш-чарада эки өлкөнүн тууларынын алдында Кыргызстан менен КЭРдин гимндери жаңырды.

      «Дүйнө бейпилдигин бекемдөө — башкы милдет» 

      Лю Вэйдун өз сөзүндө, Кытай эли жана армиясы тынчтыкты көздүн карегиндей баалуу сактап,өлкөнү бейпилдикте өнүктүрүү жолунан эч качан кажыбастыгын, ага карата чечкиндүү бойдон каларын баса белгиледи. «Биз улуттук коргонуу жагдайында, коргонуу саясатын жүргүзүүнүн талап кылуу менен бирге, дүйнөдө ар дайыма тынчтыкты куруучулукту, глобалдык өнүгүүнү жеңилдетүүнү жана эл аралык тартипти коргоп келе жатабыз. КЭБА дүйнө жүзүнүн тынчтыкты сактоочу иштеринде ар дайыма катуу күч болуп келүүдө. Ошону менен бирге ал бейпил турмушту сүйгөн өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын бардыгы менен кеңири кызматташууга дайыма даяр. Кытай армиясы эл аралык тынчтыкты сактоочу күчтөрдүн иштерине, аскер-деңиз конвойлоруна, гуманитардык жардамдар жана эл аралык контртеррористтик операцияларга активдүү катышып, эл аралык милдеттемелерин ак ниеттүүлүк менен аткарып келе жатат. КЭБА КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин глобалдык коопсуздук жаатындагы алдыга койгон демилгелерин активдүү турмушка ашырууга, анын негизинде бүткүл дүйнөдөгү жалпы адамзаттын коопсуздугун камсыздоого, бейпилдикти бекемөөгө активдүү салым кошот», — дейт.

       Ушул айтылгандардын бир далили катары Лю Вэйдун Кытай-Япония мамилесиндеги позитивдүү жагдайларды мисал тартты. Анын билдиргенине караганда, азыркы учурда бул эки өлкөнүн башчыларынын стратегиялык жетекчилиги алдында, кытай-япон калкынын ар тармактуу кызматташтыгы тарыхтагы эң жакшы мезгилди баштан өткөрүп жатат. Бул эки өлкөнүн ортосундагы бардык тармактарды кучагына алган стратегиялык   өнөктөштүк токтоосуз өнүгүүнүн жаңы дооруна келип, эки тарап биргеликте активдүү гүлдөп өнүгүүнү алдыга жылдырышууда. «Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кытай-Япония-Украина темир жолун куруу долбоору боюнча өкмөттөр аралык келишимге ийгиликтүү кол коюлду. Ал эми Кытай менен Кыргызстандын мамлекет жетекчилери июль айында Астана шаарында өткөн ШКУнун саммитинин алкагында абдан маанилүү жолугушуу өткөрүштү.

       Акыркы жылдары кытай-япон аскердик мамилеси туруктуу, жемиштүү динамикада   өнүгүп жатат. Өзгөчө эки өлкө кадрларды даярдоо, аскер технологиясы, коргонуу тармагындагы жардамдар, эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы өз ара кызматташуу боюнча мыкты натыйжаларга жетишти.

        Азыркы жаңы кырдаалдан алып караганда,өзгөчө эки өлкөнүн лидерлеринин биргелешкен жетекчилиги алдында Кытай менен Кыргызстандын армияларынын ортосундагы мамилелер мурдагыдан да жакын жана тыгыз өңүттө өнүгө баштаганын мезгил далилдеп жатат. Ал эми түбөлүк кошуна болгон эки өлкөнүн аскердик алака катыштары жана көп профилдүү кызматташтыгы барган сайын кеңейүүнүн үстүндө болуп, куралдуу күчтөрдүн ортосундагы жакын мамиле жаңы деңгээлге көтөрлүүдө. Ушунун бардыгы Кыргызстан менен Кытайдын жана жалпы региондун ар тараптуу гүлдөп өнүгүшүн, коопсуздугун, стабилдүүлүгүн камсыздоого зор салым кошо аларына шек жок», — деп белгиледи ал.

     «КЭБА ааламдагы армиялардын алдыңкы катарында» 

       Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Кытай элдик боштондук армиясынын (КЭБА) негизделгендигинин 97-жылдыгы менен майрам ээлерин куттуктап жатып буларга токтолду.

        Белгилүү болгондой, ушул жылдын апрелинде Астанада өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кезектеги жыйынынын алкагында Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү – Коргоо министри, адмирал Дун Цзю менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ал эми 2024-жылдын сентябрында анын чакыруусу боюнча мен Пекинде өтө турган 11- Сяншань коопсуздук форумуна катышуу үчүн Кытайга барууну пландап жатам.

Буюрса, жыйындын алкагында экөөбүз жолугушуп, азыркы абалдын жагдайын, эки   өлкөнүн Куралдуу күчтөр тармагынын келечегин, аскердик техникалык кызматташтык, ошондой эле коопсуздук, коргонуу жаатындагы биргелешкен аракеттердин бекемделишин талкуулайбыз. Бүгүнкү күндө биз КЭБАнин аракеттеринен Кытай элинин бейпил турмушун коргогон аскер кызматкерлеринин эрдигин, кажыбас кайратын, алардын өз мекенине чексиз берилгендигин элестүү көрүп турабыз.

      Байыртан бери Кытай эли эң кайраттуу аскери менен даңкы чыккан. Азыркы учурдагы эң заманбап армияны түзүү үчүн абдан узак мезгил бою тар жол, тайгак кечүүлөрдү басып   өттү. Бүгүнкү күндө КЭБА эң алдыңкы жаңы стандарт менен жабдылган, ал эми кытайлык аскер кызматкерлери бийик деңгээлдеги тартиптүүлүгү, жана ишине бекем берилгендиги боюнча дүйнөдөгү эң алдыда бараткан армиянын бири болуп эсептелинет.

        Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы ынак кошуналык, бекем достук мамилелер бузулбас болуп түзүлүп баратканын эске алсак, куралдуу күчтөрүнүн көп кырдуу жана кеңири спектордук багыттары боюнча кызматташтыгы эки тараптуу негизде да, ШКУнун алкагында да ишенимдүү нукка түшкөндүгүн өзгөчө белгилеп кетким келет. Ага аскердик жана аскер техникалары жаатындагы бир катар ийгиликтүү долбоорлорду чогуулап ишке ашырылганы күбө.

        Учурдагы дүйнө чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип каршы туруу маселелерине келгенде, биздин мамлекеттердин потенциалы эң эле жогору экендигин, аны мындан ары дагы чогуу аракеттенген шартта активдүү демонстрациялай аларыбызга бекем ишенем.

Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии