ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытайлык адистер Ысык-Ата районунда археологиялык казууларды жүргүзүшөт

Кытайлык адистер Ысык-Ата районунда археологиялык казууларды жүргүзүшөт

Кытайлык адистер Ысык-Ата районунда археологиялык казууларды жүргүзүшөт. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шэньси провинциясынын Парткомунун катчысы Чжао Идэ баштаган Кытай делегациясы Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов, райондун акими Алмазбек Осмонов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кытай делегациясы Ысык-Ата районундагы «Красная-Речка» -«Навекат» байыркы шаарчасында болуп, тарыхый шаарча менен таанышты.

Жыйынтыгында Шэньси провинциясынын Археология институту тарабынан байыркы «Навекат» шаарчасында археологиялык казуулар жүргүзүлөрү маалым болду.

Белгиленгендей, «Навекат» байыркы шаарчасы Vlll-XII кылымдарда Улуу Жибек Жолундагы соодагерлер токтоочу жай болгон. Шаарчага археологиялык изилдөөлөр алгачкы ирет 1868-жылы жүргүзүлгөн.

Амантур Шергазиев

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Рекомендуемые

О НАС

Все права защищены: Сайт новое наблюдение шелкового пути / Телефон: +996 312 374609 |
Ведущее учреждение: ООО “Культурное развитие на Среднеазиатском шелковом пути” |
Адрес: Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Исанова, 172.
版权所有:丝路新观察网 / 电话咨询:+996 312 374609 | 主办单位:吉尔吉斯斯坦中亚丝路文化发展有限责任公司 |
地址:吉尔吉斯斯坦比什凯克市伊桑诺娃大街172号 |