ДомойАналитика“Кытай-Борбор Азия” саммити – жаңы доордун, заманбап Улуу Жибек жолунун башаты

“Кытай-Борбор Азия” саммити – жаңы доордун, заманбап Улуу Жибек жолунун башаты

18-19-май күндөрү Кытай Эл Республикасында С5+1 форматындагы “Кытай-Борбор Азия” саммити болуп өттү. Терракот армиясынын мекени, Улуу Жибек жолунун башталышы болгон Сиань шаары Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилерин жылуу тосуп алды. КЭР саммитти эң жогорку деңгээлде уюштуруп, ийгиликтүү жыйынтыктады.

Бул кадам аркылуу Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрү бири-бирине дагы да болсо бир кадамга жакындап, кызматташуу алакаларын чыңдады десек болот. 18-май күнү өлкө жетекчилери менен  Кытай Төрагасы эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташуу жолдорун талкуулашты.

Ошондой эле 18-май күнү кечинде Борбор Азия мамлекеттеринин Президенттерин расмий тосуп алуу салтанаты уюштурулуп, жалпы меймандар Таң доорундагы театрлаштырылган программага күбө болушту.

19-май күнү өлкө жетекчилеринин тегерек столу болуп, Сиань декларациясы кабыл алынды. Алты мамлекеттин башчыларынын макулдашуусуна ылайык, Саммиттин алкагында Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуу механизми расмий түзүлдү. Саммит бир жагынан Кытайда, экинчи жагынан Борбор Азия мамлекеттеринин биринде эки жылда бир кезектешип өткөрүлөт. Кийинки саммит 2025-жылы Казакстанда өтөт. Мамлекет башчылары Кытайда туруктуу орган – Катчылыкты түзүүнү макулдашты.

Бул күнү Саммит өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.

“Кытай-Борбор Азия” саммитинин жаңы форматынын келечеги кең. Анын алкагында түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүү механизмдери чыңдалып, өркүндөтүлмөкчү. Мисалга алсак: инвестиция, айыл чарба, транспорт, билим берүү ж.б. Саммит Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө чоң жана масштабдуу таасирин тийгизип, дүйнөлүк мааниге ээ болмокчу. Саммит тажрыйбаны жалпылоо жана мындан аркы кызматташуунун планын белгилөө, Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүдөгү бириктирүүчү, жаратман күч жана биргелешкен чечкиндүүлүктү көрсөтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болмокчу.

Кытай Төрагасы Си Цзиньпин белгилегендей, Сиань Кытай цивилизациясынын мекени жана кытай улутунун бешиги болуп саналат. Ал Улуу Жибек жолунун чыгыш башталышы катары эсептелинет. Кылымдар бою Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элдери Улуу Жибек Жолун бирге салып, анын кылымдар бою гүлдөп-өнүгүшүнө күбө болуп, дүйнөлүк цивилизациялардын алмашуусуна жана тез өнүгүшүнө тарыхый салым кошуп келишкен. Миң жылдык достук салтын улантууга жана жаңы перспективаларды ачууга арналган Сианьдагы бүгүнкү саммиттин мааниси чоң.

Ошондуктан Байыркы Улуу Жибек жолунун башаты болгон Сиань шаарында заманбап, учурдун талабына жооп берген жаңы доордун, жаңы Улуу Жибек жолу башталып жаткандыгы бекеринен болбосо керек. Эң башкысы тынчтыктын, тең салмактуулуктун, өз ара урматтоонун жана өнүгүүнүн алгачкы расмий кадамы ийгиликтүү ташталды десек болот.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, анын маанилүүлүгү баса белгиленди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-майда, Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган “Кытай – Борбор Азия” саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Кытай Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровго чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин тастыктай турганын белгиледи.

КЭР Төрагасы Садыр Жапаров менен буга чейинки жолугушууларын, анын жыйынтыгында маанилүү макулдашууларга жетишилип, эки тараптуу кызматташуунун бир катар маанилүү долбоорлору ырааттуу ишке ашырылып жатканын эске салды.

Си Цзиньпин ишке ашырылып жаткан долбоорлор кытай-кыргыз өз ара байланыштарынын бүтүндөй комплексине кубаттуу импульс берет деген ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысынын жетекчилиги астында Кыргызстан социалдык-экономикалык бийик натыйжаларга жетишип жатканын баса белгилеп, кыргыз эли Президент Садыр Жапаровду жогору баалап жатканына токтолду.

КЭР Төрагасы “Кытай – Борбор Азия” саммити тууралуу айтып жатып, ал маанилүү этап болуп калаарына жана аны менен кызматташтыктын жаңы доору ачыларына басым жасады.

Баарлашуунун жүрүшүндө ал ошондой эле биргелешкен кызматташуунун негизги багыттарын — өз ара соода жүгүртүүнү арттыруу, соода-экономикалык кызматташтык программаларын ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды көбөйтүү, аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү, укук коргоо органдары аркылуу тажрыйба алмашууларды бекемдөө, салттуу достукту жана кызматташтыкты чыңдоо, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу, гидроэнергетика жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи.

Кытайдын Төрагасы ошондой эле айыл чарба, транспорт, билим берүү, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо, глобалдык жана аймактык коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экенин айтты.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинге Кытайга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө жана “Борбор Азия – Кытай” саммитине катышууга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

​“Кытай Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүдө шыктандырган жаңы ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада өзүнүн жогорку кадыр-баркын мындан да бекемдейт деп ишенем. Бул сапар биздин мамлекеттер аралык мамилелерибизди тереңдетүүгө жана аны жаңы жогорку сапаттык деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүгө олуттуу түрткү берет деп күтөбүз”, — деп белгиледи ал.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын боло турган “Борбор Азия – Кытай” саммитинен үмүтү чоң экенин баса белгиледи. Бул диалог аянтчасы регион үчүн актуалдуу жана бардык алты мамлекетти кызыктырган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнүн, талкуулоонун жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүү механизми болуп саналат.

“Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер, чечилбеген маселелер жок. Биз бири-бирибизге эң актуалдуу, абдан маанилүү маселелер боюнча колдоо көрсөтөбүз. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет”, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин зор канааттануу менен баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда чет элдик инвесторлор менен ишкерлердин бизнес жүргүзүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болгон аракеттер жасалып жатканына өзгөчө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы кыргыз тараптын соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндө, билим берүү, каржы, электрондук коммерция, маданий-гуманитардык тармактар жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров КЭР Төрагасы Си Цзиньпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Лидерлер эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашты.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында 14 документке кол коюлду.

Дүйнөгө гүлдөп-өнүккөн Борбор Азия керек

19-май күнү С5+1 саммитинде Сиань декларациясына кол коюлду. Бул тарыхый документ. Чынында эле, мындай форматта биринчи жолу өлкө лидерлери сүйлөшүү столуна отуруп – кайсы жол менен кандай багытта баруу керек экендигин талкуулашып, келечектеги мамилелерди өнүктүрүү планын белгилешти. Ошондой эле Кытай менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттарын аныкташты.

Декларацияга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары кол коюшту. Кол коюу аземинен кийин Кытай лидери жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасап, анда өнөктөштөр эгемендүүлүк, көз карандысыздык жана аймактык бүтүндүк маселелеринде бири-бирин бекем колдой турганын белгиледи. Муну ал сүйлөшүүлөрдүн тегерек столунда сүйлөгөн сөзүндө да баса белгиледи.

Си Цзиньпин биринчи Кытай-Борбор Азия саммитин жетектеп, тегерек столдун жүрүшүндө өз ара колдоо, жалпы өнүгүү, жалпы коопсуздук жана кылымдардан бери келе жаткан достук рухунда Кытай-Борбордук Азиянын жалпы тагдырынын коомчулугун биргелешип куруунун маанилүүлүгүн баса белгилеген негизги баяндама жасады.

Дүйнөгө стабилдүү Борбор Азия керек. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгү, коопсуздугу, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү камсыз кылынууга, алардын элдеринин өз алдынча тандап алган өнүгүү жолдоруна урмат-сый көрсөтүү, алардын тынчтык, жакшы коңшулаштык жана бейпилдик үчүн аракеттери колдоого алынууга тийиш.

Дүйнөгө гүлдөгөн Борбор Азия керек. Динамикалуу өнүгүп жаткан Борбордук Азия региондун элдеринин эң сонун жашоого болгон умтулууларына жооп гана бербестен, дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүгө да күчтүү түрткү берет.

Дүйнөгө гармониялуу Борбор Азия керек. Элдер тилектештикти, инклюзивдүүлүктү жана ынтымакты чыңдоого умтулууда. Региондо араздашууну, ал тургай тирешүүнү жаратууга эч кимдин акысы жок, анын ичинде өзүмчүл саясий кызыкчылыктарга жол берүүгө да акысы жок.

Дүйнөгө өз ара байланышкан Борбор Азия керек. Борбордук Азияда дүйнөлүк соодага, цивилизациялар аралык алмашууга жана бүткүл дүйнөнүн илимий-техникалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, Евразия континентинде маанилүү транспорттук хаб катары калыптануу үчүн бардык өбөлгөлөр, шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар.

Си Цзиньпин: “Өткөн жылы Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү Кытай үчүн жалпы тагдыр коомчулугун – Борбор Азия түзөрүн жарыялашкан. Бул биздин жаңы шарттарда, түпкү кызыкчылыктарды эске алуу менен жана региондун элдеринин келечеги үчүн жасаган тарыхый тандообуз. Кытай жана Борбордук Азия үчүн жалпы тагдыр коомчулугун түзүү үчүн төмөнкү 4 багытты кармануу зарыл.

Биринчиден, бири-бирине жардам жана колдоо көрсөтүү. Стратегиялык өз ара ишенимди чыңдоо, негизги кызыкчылыктарыбызды камсыз кылууда, өзгөчө эгемендүүлүк, улуттук ар-намыс, узак мөөнөттүү өнүгүү маселелеринде бири-бирибизге бекем колдоо көрсөтүп, биргелешип өз ара жардамдашуу, ынтымак жана өз ара ишеним.

Экинчиден, жалпы өнүгүүгө көмөктөшүү. Биз Глобалдык Өнүгүү Демилгесин ишке ашырууну илгерилетишибиз керек.

Үчүнчүдөн, бардыгынын коопсуздугун камсыз кылуу. Биз Глобалдык коопсуздук демилгесин ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенип, аймактагы мамлекеттердин ички иштерине сырттан кийлигишүү аракеттерине чечкиндүү каршы туруп, аймактагы коопсуздукту чыңдоо үчүн чоң күч-аракеттерди жумшоого жана биргелешип узак мөөнөттүү туруктуулук менен мүнөздөлгөн коомчулукту түзүүгө тийишпиз.

Төртүнчүдөн, кылымдардан бери келе жаткан достукту чыңдоо. Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элдеринин көп кылымдык достугунун пайдубалын бекемдөө, ошондой эле биргелешип достуктун жана биримдиктин коомчулугун түзүү”, — деген оюн билдирди.

Си Цзиньпин баса белгилегендей, бүгүнкү саммит бизге жаңы платформа түзүүгө жана Кытай менен Борбордук Азиянын кызматташтыгы үчүн жаңы горизонтторду ачууга мүмкүндүк берди. Саммит Кытай-Борбор Азия кызматташтыгын пландаштыруу, алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты консолидациялоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болмокчу.

Борбор Азиянын мамлекет башчылары өз сөзүндө Кытай тарапка биринчи “Кытай-Борбор Азия” саммитин өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, алты өлкөнүн көп кырдуу кызматташтыгынын жемиштүү жыйынтыктарына оң баа беришти. Миң жылдык терең достук байланышы бар Борбордук Азия менен Кытай мамлекеттери өз ара колдоо жана ишеним духунда жакшы коңшулар, жакын достор жана ишенимдүү өнөктөштөр болуп келгенин жана болуп кала берээрин Борбордук Азия өлкөлөрү белгилешти.

Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөлүк коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылууда, илимий-техникалык жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүүчү негизги күчкө айланды. Кытай менен кызматташуу дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө туруктуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн алып келет. Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү элдердин жалпы мүдөөлөрүнө гана жооп бербестен, негизги жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарга да жооп бермекчи. Ошондуктан “Кытай-Борбор Азия” саммити кызматташуунун жаңы платформасы болуп, мамилелердин жаңы доорун ачууга мүмкүндүк берди десек дагы болот.

Тараптар Кытайдын Борбор Азияга карата достук жана кызматташтык саясатын кубаттап жана жогору баалайт, мамлекет башчыларынын дипломатиясынын стратегиялык лидерлик ролун мындан ары да аныктоого, Кытай-Борбор Азия форматын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Элдердин жыргалчылыгы үчүн Кытай менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы көп векторлуу практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, жалпы өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө көмөктөшүүгө, аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого татыктуу салым кошууга даяр экендиктери айтылды.

Кытай-Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдеген тарыхый Сиань декларациясы кабыл алынды

19-майда Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” мамлекет башчыларынын Саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды.

Бул документке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдор кол коюшту.

Жылуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өлкө лидерлери Борбор Азия жана Кытай мамлекеттеринин ортосундагы достук алмашууларды ар тараптуу жыйынтыктап, көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын тажрыйбасын жалпылаштырып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн багыттарын белгилеп алышты.

Мындан тышкары, Саммиттин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

 — “Борбор Азия – Кытай” өнөр жай-инвестициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 — “Борбор Азия – Кытай” форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 — Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы санариптик соода жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 — «Борбор Азия — Кытай» форматында инфраструктура жана инженердик курулуш тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 — “Борбор Азия – Кытай” айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 — “Борбор Азия – Кытай” форматында бажы кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү механизминин иши жөнүндө жобо;

 — «Борбор Азия — Кытай» форматындагы компетенттүү органдардын ортосунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантиндик алып кирүү жана алып чыгуу жаатындагы техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 — “Борбор Азия – Кытай” Ишкер кеңешин түзүүдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Рекомендуемые

О НАС

Все права защищены: Сайт новое наблюдение шелкового пути / Телефон: +996 312 374609 |
Ведущее учреждение: ООО “Культурное развитие на Среднеазиатском шелковом пути” |
Адрес: Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Исанова, 172.
版权所有:丝路新观察网 / 电话咨询:+996 312 374609 | 主办单位:吉尔吉斯斯坦中亚丝路文化发展有限责任公司 |
地址:吉尔吉斯斯坦比什凯克市伊桑诺娃大街172号 |