ДомойАналитикаЮй Цзюнь: "Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтыгы эч бир үчүнчү тарапка...

Юй Цзюнь: «Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтыгы эч бир үчүнчү тарапка багытталган эмес жана башка механизмдер менен атаандашууну максат кылбайт.»

16-май күнү “Кытай-Борбор Азия» саммитинин пресс-борборунда алгачкы маалымат жыйыны болуп өттү.  Бул жолугушууга КЭР Тышкы иштер министрлигинин Евразия департаментинин, Маданият жана туризм министрлигинин Эл аралык алмашуу жана кызматташтык бюросунун жана Кытайдын Эл аралык сооданы өнүктүрүү боюнча кеңешинин Эл аралык байланыш департаментинин жооптуу өкүлдөрү катышып, алдыда боло турган саммит тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле журналисттердин суроолоруна дагы жооп беришти. Бул иш-чарага биздин редакциянын (“Шелковый путь. Культурное развитие”) журналисти Чолпонай Турдакунова дагы катышып, өз суроосун берди.

Кесиптешибиздин “Акыркы жылдары Кытай-Борбор Азия механизми тез өнүгүп, тышкы иштер министрлеринин төрт жолу жолугушуусу өттү. Сиздерден сурайын дегеним, Кытайдын С5+1 механизми менен АКШ, Россия, Европа жана башка мамлекеттердин С5+1 механизминин айырмасы эмнеде? Кытайдын C5+1 механизми башка өлкөлөр менен атаандашабы?”, — деген суроосуна Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия департаментинин директорунун орун басары Юй Цзюнь: “Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтыгы эч бир үчүнчү тарапка каршы багытталган эмес жана башка механизмдер менен атаандашууну максат кылбайт”,- деп билдирди.

Ал: “Кытай региондун туруктуулугуна, өнүгүшүнө жана жалпы гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошкон бардык чараларды колдоого даяр. Ошондой эле Кытай Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен Кытай-Борбор Азия механизмин мындан ары да бекемдөө үчүн кызматташууга даяр”, — деп баса белгиледи.

Эске сала кетсек, “Кытай-Борбор Азия” саммити 18-майдан 19-майга чейин КЭРдин Сиань шаарында өтмөкчү.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Рекомендуемые

О НАС

Все права защищены: Сайт новое наблюдение шелкового пути / Телефон: +996 312 374609 |
Ведущее учреждение: ООО “Культурное развитие на Среднеазиатском шелковом пути” |
Адрес: Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Исанова, 172.
版权所有:丝路新观察网 / 电话咨询:+996 312 374609 | 主办单位:吉尔吉斯斯坦中亚丝路文化发展有限责任公司 |
地址:吉尔吉斯斯坦比什凯克市伊桑诺娃大街172号 |