13.1 C
Бишкек
Вторник, 17 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕРежиссер Аманбек Ажыматтын кыска метраждуу “Жоокер” тасмасы эл аралык фестивалда алтын...

Режиссер Аманбек Ажыматтын кыска метраждуу “Жоокер” тасмасы эл аралык фестивалда алтын байгени жана Гран-при утуп алды

Жаш кинорежиссерлорго арналган, дүйнөдөгү кыска метраждуу эң ири Meihodo кинофестивалында режиссер Аманбек Ажыматтын “Кыргызфильм” киностудиясында тарткан “ЖООКЕР” тасмасы алтын байге сыйлыгын (10 000 доллары менен) жана Гран-при (5000 доллары менен. Эки сыйлыкты бирдей) утуп алды.
Бул тууралуу Meihodo фестивалынын уюштуруучулары «Кыргызфильм» киностудиясына билдирген.
Жалпысынан фестивалга 122 өлкөдөн 3533 тасма катышып, анын ичинен 19 фильм мыкты деп тандалса, алардын да ичинен “Жоокер” эки курдай мыктылардын мыктысы деп табылды.
Сыйлыктын статусу 28-апрелде (Токио убактысы боюнча) Япониянын Кюсю шаарына пландаштырылган оффлайн аземинде жарыяланып, 30-апрелде YouTube каналында көрсөтүлгөн гибрид аземинде А.Ажыматты жана башка бардык финалисттерди «Бардыгы бир убакта» тасмасынын Оскар сыйлыгынын ээси Мишель Йе тосуп алды.
Анда Аманбек Ажыматтын «Жоокер» тасмасы, ошондой эле NFT кубокторуна жана сертификаттарына ээ болду.
Ал эми тасманын кыскача маанисине токтоло кетсек, анда тарыхтын ар кайсы доорунда маркум болгон жоокерлердин башка жашоодогу жолугушуусу, согуштарга баа берүүсү, бири-бири менен кимдин согушу ыйык экенин талашуусу, бирок эмнеге согушуп, эмнеге өлгөндөрүн түшүнбөөсү менен тирүүлөрдү ойго салат…
Бул тасма адам баласын согушсуз жашоого, тынчтыкка чакырганы менен баалуу.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии