ДомойАналитикаКыргызстан элинин кытай дарыгери – Джу Гуан Ву

Кыргызстан элинин кытай дарыгери – Джу Гуан Ву

Кытай — бай тарыхы жана байыркы маданияты бар өлкө. Адамзаттын көптөгөн жетишкендиктери Кытайда ойлоп табылган. Бирок, бул өлкө эзелтеден бери эле өзүнүн техникалык жаңылыктары менен гана эмес, медицинасы менен да атактуу болуп келген. Кытайда көптөгөн храмдар жана философиялык мектептер бар, аларда ар кыл ооруларды дарылоонун байыркы ыкмалары азыркыга чейин колдонулуп келет. Мындан тышкары, дээрлик ар бир кытай ден соолугун сактоого жардам берген бир нече дары чөптөрдү же көнүгүүлөрдү билет.

Мына ушул дүйнөгө таанымал салттуу кытай медицинасы бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин жашоосунда дагы өзүнүн ордун тапты. Ушул багытта дарылап, эл арасында кадыр-барктуу болуп калган кытай дарыгерлери дагы арабызда бар. Алардын мыктысы бул Джу Гуан Ву десек жаңылышпайбыз. Себеби бул адам Кыргызстанда 1994-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, канчалаган оору-сыркоолорду айыктырып, жеке гана Кыргызстанда эмес коңшу мамлекеттерде дагы атагы чыккан. Ошондуктан биз дагы белгилүү кытай дарыгери Джу Гуан Ву менен жакындан таанышып, маек куруп кайттык.

“Кыргызстанда иштеп жатканыма 30 жылдын жүзү болду” 

-Мен Кыргызстанга эң алгачкы жолу 1994-жылдын 23-январында келгем. Бул күнү Кыргызстан Өкмөтүнүн чакыруусу менен бир нече салттуу кытай медицинасынын адистери Кыргызстанга келип, Синьцзяндагы Кулжа шаарынын Саламаттыкты сактоо бюросуна караштуу Кытай медицинасынын борборун түзгөнбүз. Бирок азыркы учурда ал адистердин арасынан мен эле калдым.

Быйыл, мына 80 жашка чыкканы турам. Ушул 30 жыл аралыгында 13 мамлекеттен оорулууларды кабыл алып, колумдан келген жардамымды аябай берип келдим. Эң алгач келгенде мендеги оор сыноолордун бири —  бул жергиликтүү элдин тилин билбегендигим болду. Аста-астадан орус тилин өздөштүрдүм. Учурда орус тилинде кеңеш берип, орус тилинде баарлашам. Жанымда иштеп, жардам берген медайым дагы кытайча билбейт. Орусча сүйлөшөбүз. Бирок ушунча жылдан бери чогуу иштешип, бири-бирибизди жарым сөздөн эле түшүнүп калдык. Башында котормочулар менен иштешип жүрдүм. Бирок медициналык терминдер өзүңүздөр билгендей абдан оор, ошондуктан бул багытта атайын адис эле болбосо, катардагы котормочулар дагы иштеше алышпайт. Азыркы учурда дагы жакшы деңгээлде жазылган медицина жаатындагы кытайча-орусча сөздүктөрдү таба албайсың.

1998-жылдан бери ушул Кант шаарынан алыс эмес жерде, Люксембург айылында өзүмдүн жеке клиникамды ачып иштетип келе жатам. Дарыкана дагы ушул жерде. Ушул жылдар аралыгы эл менен иштешип, салттуу кытай медицинасы менен дарылап жүрөм. Дары чөптөрдүн бардыгын Кытайдан алдырам.

Мурун күнүнө кырк-элүүдөй кишини кабыл алат элем. Азыр карылык өзүнүкүн алып жатат. Бат эле чарчап калам, шайым жок. Ошондуктан жыйырмага чукул гана кишини карап, дарылай алам.

Үй-бүлөмдү абдан сагындым. Өзүмдүн дарыгердик миссиямды аткарам деп жүрүп үй-бүлөмө толук кандуу көңүл бура албадым. Бул жактан дагы өзүмдүн пациенттеримди таштап кете албадым. Бирок азыр 80ге чыгып калдым. Эми ушул жылы Кытайга кетүүнү пландап жатам. Өзүмдүн жериме барып, үй-бүлөм, туугандарым менен бирге карылыкты өткөрсөмбү деп турам.

Шакирттерим жок. Бирок бул жак бош калат деп ойлобойм. Дагы да болсо салттуу Кытай медицинасынын мыкты адиси келип, менин ишимди улантат деп ишенем. Эки мамлекет коңшу, дос өлкөлөрдөн. Ошондуктан ден соолук, медицина багытында кызматташып, бир-бирибизге көмөк көрсөтүү башкы шарт. Эң башкысы ынтымак болуп, бардыгыңыздар ден соолукта болгула. Ден соолук болсо гана жашоонун башка жыргалдарын сезип, көрө алабыз.

Кытай медицинасы — бүткүл кытай философиясынын негизи 

Салттуу кытай медицинасы байыркы Кытайда биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта пайда болгон. Ал адамдын организминин иштешине байкоолордун негизинде түзүлгөн, адамдын энергиясы жана анын табияты жөнүндөгү ар кандай философиялык окуулардын системасы болуп саналат. Бул медицинанын өзүнөн тышкары, ар кандай практикаларды жана философиялык окууларды камтыйт. Салттуу кытай медицинасына болгон кызыгуунун кайра жаралышы 20-кылымдын ортосунда башталган жана бүгүнкү күндө ал дүйнөдөгү эң көп талап кылынган дарылоо системасынын бири болуп саналат.

Кытай медицинасы — бүткүл кытай философиясынын негизи болуп саналат деп айтууга болот.  Инь менен Ян доктринасын ким билбейт. Ал бар болгон нерсенин эки тараптуулугун жана ошол эле учурда анын биримдигин билдирет. Бул окуу туура тамактанууда да көрүнүп турат. Кытай  эли тамак-аш азыктары организмдеги Инь жана Янга жараша керектелиши керек деп эсептешет. Диеталардын көптөгөн түрлөрү Кытайдан келип, Инь жана Ян камтыган азыктардын балансына негизделген.

Салттуу кытай медицинасы бүтүндүк түшүнүгүнө негизделген. Демек, организмдин системаларга бөлүнүшү жок, органдардын бири-бири менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсү жөнүндө түшүнүк бар.  Бул — өз ара аракеттенүү, кыймыл сыяктуу, ар дайым жандуу, бирок ар дайым ар түрдүү кыймыл-аракет. Ал мезгилге, айланадагы жаратылышка, тамак-ашка, жашоо мезгилине, ойлорго, эмоцияларга жараша өзгөрүп турат.

Кытай медицинасы күнүмдүк, жөнөкөй жашоонун бир бөлүгү болуп саналат. Ал адамдын жеке маданиятынын бир бөлүгү. Албетте, салттуу кытай медицинасынын жардамы менен залалдуу шишиктен арылуу мүмкүн эмес, бирок чөптөрдүн жардамы менен массаж жана адамдын денесиндеги энергия агымын дарылоо менен сиз кээ бир өнөкөт оорулардан айыгып, химиялык препараттардын кийлигишүүсүз ден соолугуңузду жакшырта аласыз. Салттуу кытай медицинасы биринчи кезекте оору, дарылоо жөнүндө эмес, ал ден соолукту сактоо, ооруну алдын-алуу жөнүндө илим деп айтсак жаңылышпайбыз.

Бүгүнкү күндө Кытайда туристтик аймактарда жана курорттордо көптөгөн санаторийлер жана ден соолукту чыңдоо борборлору бар, аларда бул процедуралардын көбүнөн өтүүгө болот. Мындан тышкары, буддист монахтар кытай салттуу медицинасынын натыйжалуулугун өз үлгүлөрү менен көрсөтө турган храмдарга дагы бара аласыз.

Кытай медицинасы өзүн-өзү таануунун кылдат жана баалуу ыкмасы. Ал жай таасир берет. Бул мыйзамга жана жеке ички маданиятка айланган жашоо эрежелери болуп саналат.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Рекомендуемые

О НАС

Все права защищены: Сайт новое наблюдение шелкового пути / Телефон: +996 312 374609 |
Ведущее учреждение: ООО “Культурное развитие на Среднеазиатском шелковом пути” |
Адрес: Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Исанова, 172.
版权所有:丝路新观察网 / 电话咨询:+996 312 374609 | 主办单位:吉尔吉斯斯坦中亚丝路文化发展有限责任公司 |
地址:吉尔吉斯斯坦比什凯克市伊桑诺娃大街172号 |