ДомойАналитика“Өкмөттүн акселераторлору” Кыргыз Республикасында – реформалар 100 күн ичинде

“Өкмөттүн акселераторлору” Кыргыз Республикасында – реформалар 100 күн ичинде

15-мартта, Кыргыз Республикасында 100 күндүн ичинде реформаларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик кызматкерлерди жана кызыкдар тараптарды окутуу боюнча эки күндүк интенсивдүү тренинг – “Өкмөттүн акселераторлору” программасы башталды.
Иш-чаранын расмий ачылышын өткөрүү үстүбүздөгү жылдын 17-мартына Өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин жыйынында белгиленген. Отурум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Өкмөтүнүн жетекчилигинин катышуусу менен өтөт.

Комитет Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тесмкемеси менен 2022-жылы түзүлгөнү белгиленет. Окутуу атайын механизмге негизделген, ал тармактын көйгөйлүү маселелерин тездетилген режим — 100 күндө чечүүнү билдирет. Бул иш-чара

БАЭ Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен өткөрүлүүдө.

Эске салсак, БАЭнин ийгиликтүү тажрыйбаларын жана алдыңкы өнүгүүсүн эске алуу менен 2021-жылы Мамлекет башчысы тарабынан БАЭнин жогорку жетекчилиги менен Кыргызстанда тездетилген реформаларды өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу — Кыргызстанда “Өкмөттүк акселераторлорду” киргизүү боюнча макулдашуу жетишилген. Бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу маселеси өлкө Президенти тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Жетишилген макулдашуулардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров БАЭ Өкмөтү менен эки тараптуу Меморандумга кол койгон. Меморандум Кыргыз Республикасындагы “Өкмөттүк акселераторлор” долбоорун практикалык ишке ашырууну карайт жана ал учурда эки өлкөнүн биргелешкен аракеттери ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Рекомендуемые

О НАС

Все права защищены: Сайт новое наблюдение шелкового пути / Телефон: +996 312 374609 |
Ведущее учреждение: ООО “Культурное развитие на Среднеазиатском шелковом пути” |
Адрес: Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Исанова, 172.
版权所有:丝路新观察网 / 电话咨询:+996 312 374609 | 主办单位:吉尔吉斯斯坦中亚丝路文化发展有限责任公司 |
地址:吉尔吉斯斯坦比什凯克市伊桑诺娃大街172号 |